Хумайний Ираны жана анын ыңкылабы…

388
0

Хумайний Ираны жана анын ыңкылабы… «Каршылык көрсөтүүчү күч» деген чүмбөт кече жашыруун болсо, бүгүн анын жүзү ачылды

Устаз Абдуллах (Абу Ханифа)

Америка, Британия жана Советтер Союзу сыяктуу колонизаторлор регион үстүнөн атаандашып жаткан чакта, Иран стратегиялык позициясынын жаңы стратегиялык таразаны калыптандырууда чоң таасири болду. Анткени, Хумайний жана анын диний ыңкылабы бу стратегиялык таразаны Америка пайдасына калыптандырды. Ризо Пахлавий режиминде көөдөлөнгөн Британия таасири сынды. Британия 1941-жылы Иранды басып алган соң, Пахлавийди Иранга шах кылып койгон эле. 1979-жылы аны тактан кулатышты. Америка 1961-жылы эки лагерь ортосунда Венада болуп өткөн келишимде «тынч жашоо» фикиринде жеңишке жетишкенден кийин, Советтер Союзунун жана социализмдин Иранга кирип келишинин алдын алды. Америка Афганистанда 1978-жылы Элдик демократиялык партия (Афганистан коммунисттик партиясы) бийликке келген соң, Советтер Союзу Афганистанды ээлеп алышынан кабатырланды. Москва Элдик демократиялык партияны саясий жана логистикалык жактан колдоп-кубаттады жана 1979-жылдын акырында Афганистан Советтер тарабынан басып алынды. «Орус аюусу» үлкөн нефть запасына ээ Араб Булуңуна жакындашып калды.

Күзөткөн киши үчүн, кече жашыруун болгон акыйкат – кар эрип, жайлоо көрүнгөн соң – о.э. тартибсиздиктер башталгандан кийин сыр болбой калды. Иранда молдолор ыңкылабы башталганда маалымат каражаттары Америка менен Хумайний ортосунда биргелешкен документтер жана токтомдор кабыл алынганын жазышкан. Мисалы, «Би-Би-Си» радиосу Америка менен Иран ортосундагы алакаларда мурун күзөтүлбөгөн нерселер пайда болгонун көрсөтө турган документтерди ачып таштаган. Хумайний сыртынан Америкага каршы саясат жүргүзүп жаткандай көрүнүп, ал тургай ага чабуул кылып, аны чоң шайтан деп атаган болсо да, негизи, документтерде Америка менен Иран ортосунда жакшы алака орнотулганы ачыкталган. Бу нерсе Иранда чоң толкундоолорду пайда кылып, Иран муршиди Али Хуманаий эки тарап ортосунда жоктугун айтып, ачыкталган отчеттор жалган жана негизсиз деп айткан. 2005-жылы жашыруун чөйрө тарабынан бир документ жылжып чыкты жана анда Аятулла Хумайнийдин Вашингтонго жиберген катына тиешелүү айрым бөлүктөр келтирилди. Лекин анын айрым бөлүктөрү жашыруун бойдон калды. 2008-жылы экс-президент Жимми Картер китебханасы Хумайнийдин катына тиешелүү бөлүктөр ашкере кылынган электрондук нусха таркатты. Документте Хумайний өз катында Американын Ирандагы кызыкчылыктарына каршы болбогону, тескерисинче, Советтер Союзу менен Британияга каршы тең салмактуулук жаратыш үчүн Америка вужуду зарыл деп ишенгени айтылган. О.э. Хумайний Ислам менен дүйнөдөгү башка диндер, айрыкча, христианчылык дини ортосунда кызматташтык орнотуу зарылдыгын айткан.

Жогорудагы кат Вашингтонго 1963-жылы келген. Экинчи кат болсо, Жимми Картер администрациясына 1979-жылы 19-январда, Иран ыңкылабынан бир нече жума мурун барган. Хумайний анда Америка президентине Иран нефтисин Батыштан тоспоо, ыңкылабды регион мамлекеттерине көчүрбөө жана Америка менен достук мамилелерди орнотуу тууралуу убадаларды берген. Хумайнийдин экинчи каты ал Америкага душмандык кылбашы жаатында Картерди ишендирген. Хумайний катында мындай деген: «Жакында биз менен Америка ортосунда душмандык жоктугуна о.э. исламий фалсафага жана конундарына негизделген исламий жумурият, тынчтык жана кызматташтыкка негизделген инсаний өкмөт болушуна күбө болосуздар…» («Араб Булуңу кабарлары», 2016-жыл, 4-июнь).

Ушул сөз жана мазмуну ишеничтүү болгон бул документ жана отчеттор саясий адаштыруу тузагына илинген көпчүлүк кишилерге акыйкатты ачуу үчүн жетиштүү болбосо, анда алар Ирандын көргө да көрүнүп турган бүгүнкү иштеринин акыйкатын таптакыр биле алышпайт. Мына, каршылык кыймылынын экинчи канаты болгон Сирия режимине каршы Шам козголоңу башталары менен Иран бул режимди курал-жарак, жалданма аскер жана кошуун менен камсыздай баштады. Мындан максад – азиздик жана Халифалык жыты келип жаткан чыныгы революция үчүн чыккан көтөрүлүшчүлөрдү өлтүрүү о.э. Жоланды саткан, кырк жылдан көбүрөөк яхудийлерди коргоп келе жаткан режимге жардам берүү. Ушуну менен бтрге, Шам калкынын тебелендисинде калайын деп турган ушу режимди сактап калуу болгон. Иран кылмышкелер үчтүгүнүн (Россия, Иран жана Түркия) бир тарабына айланды о.э. Шам козголоңун басуу үчүн алар менен бирге аракет кылды. О.э. кылмышкер Баас режимин сактоо жана Шамды Америкага күнкор абалда калтыруу үчүн алар менен бирге болду. Баягы «Израилге өлүм» деген урааны кана?! Же эмне, чоң шайтан Америка Исламды кабыл алып жибердиби?! Же Шам калкы дининен кайтып, муртаддык жазасына ылайыктуу болуп калдыбы?!

Ал эми Ирандын атомдук куралга ээ болушу жана уранды байытышы тууралуу кептерге келсек, бу иштен Америка өзү пайдаланат. Болгону, ар бир Америка президенттеринин бул жаатта өзгөчө программасы болот. Бу иштер кээде Иран менен келишкен абалда, андан санкцияларды алып салуу аркылуу кылынса, кээде аны чектөө, жаза-чаралар жарыялоо менен болот. Кыскасы, бу иште Америкага эң пайдалуу программаны белгилей турган нерсе ушу ишке байланыштуу кырдаал жана абалдар. Маселен, Обама администрациясы 2015-жылы 14-июлда Иран жана алты ири держава ортосунда ядролук келишим түзүү аркылуу Иран менен ашкере жакындык программасы негизинде мамиле кылды. Обама Иран менен ядролук кызматташтык күчкө кириши артынан мындай деди: «Иран менен дипломатиялык алакаларды үзүү АКШга пайда алып келбеди». Ал дагы кошумчалап: «Бир канча он жылдыктардан бери Иран менен сүйлөшпөө Америка кызыкчылыктарына кызмат кылбады» – деди. Обама бу сөзү аркылуу Иран менен ядролук кызматташуу Американын региондогу согушсуз дипломатиялык күчүн далилдегенине ишара кылды. Обама дагы, 2015-жылкы 14-июлдагы алты ири держава менен болгон ядролук келишимдин талабына ылайык, Иран эч качан ядролук курал иштеп чыгарбашын айтты. О.э. Иран менен түзүлгөн келишим дүйнөнү дагы да коопсуз кылганын баса белгиледи. («Дуня Ватан», 2016-жыл, 17-январь). Өз кезегинде Иран да, президент Хасан Руханий тили менен бул келишимди алкыштады. О.э. Руханий Америка жана Батыш компанияларын мамлекетке инвестиция жаткырууга чакырды. Американы ошол кезде келишим түзүүгө мажбурлаган нерсе Сирияда Башар режими қулашынан коркушу болду. Сирия режими кулашынын алдын алуу үчүн оюнчуларды көбөйтүү зарыл болуп калды. Бу оюнда активдүү роль ойной турган оюнчу Иран эле. Лекин Ирандын укуктары чектелип, ага карата жаза-чаралар жарыяланган болчу. Ошондуктан, андан бу кишендерди чечип жиберүү керек эле жана ошондой болду. Бу келишимге ылайык, Россия Америка үндөөсү менен Сирия иштерине аралашты. Бу иштер арамза үчтүк (Россия, Түркия жана Иран) мамлекеттеринин кызматташтыгында болду. Алар Сириядагы саясий жана аскерий иштер жаатында кээде ашкере, кээде жашыруун кызматташтык кылышты. Натыйжада, Шам козголоңунун таянычы болгон Халаб кулады жана анын артынан режим аймактарды арты-артынан талкалай баштады. Ошентип, канкор режим кайра бутуна туруп, эми ээн-эркин дем тарта баштады.

Ал эми бүгүн, Трамп администрациясы доорунда саясий кырдаал өзгөрдү. Сириядагы вакиълер канкор Башар режиминин пайдасына өзгөрдү. Америка Иран менен түзүлгөн мурунку келишим Европа экономикасы кайта тикеленишине жардам бергенин жана Европа мамлекеттери Иранга экспорт товарларын көбөйткөнүн көрдү. Бу нерсе Трамптын экономикалык ач көздүгүн козгоду жана ал Иранга кайтадан санкцияларды колдонуу, чектеп коюу чараларын көрө баштады.

Обаманын Иранга жакындашып, андан санкцияларды алып ташташына о.э. Трамптын Иранга каршы санкцияларды колдонушуна карабастан, Иран Американын региондогу негизги таянычы болуп кала берет. Мындай абал Аллах ушул Умматты рошид Халифалык менен сыйламайынча улана берет. Качан Рошид Халифалык тикеленсе, ал Американы мусулман өлкөлөрүнөн кууп чыгат жана аны өз ийнине кийирет (эгер ийини калса). О.э. Аллах Тааланын саткындардан өч алуу өкүмдөрүн иш жүзүндө ашырат.

﴿وَسَيَعلَمُ الذينَ ظَلَموا أَيَّ مُنقَلَبٍ يَنقَلِبون﴾

«Залим кимселер кандай акыбетке карап бара жатышканын жакында билип алышат»   

                                                                                                                         [Шуаро 227]

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here