Каапырлар намаз окууну үйрөтсө окуйт белеңиз?

339
0

Каапырлар намаз окууну үйрөтсө окуйт белеңиз?

Элестет, 4 рекет АСР намазын окуп бүтүп, зикрлерди бүтүрөөр менен эми бурулуп мечиттен чыгайын деп жатканыңда мечитке чет өлкөдөн келген каапыр туристтер кирип келишип эле : “Ээ момундар, силер ушул күнгө чейин туура эмес сүрөттө намаз окуп келипсиңер. Бактылуу болууну кааласаңар Кудайыңар айткандай , Пайгамбарыңар көрсөткөндөй эмес, биз көрсөткөндөй намаз окугула. Ушул гана эң туура, Аллахтын айтканын жүрөккө гана сактап, бирок амалга келгенде биз айткандай намаз окугула”- дешсе, сиздин реакцияңыз кандай болоор эле? Ордуңуздан атырылып туруп жанагы келгинди каапырларды мечиттен кууп чыкмаксызбы? “Бизге намаз окуганды силер үйрөтпөйсүңөр, Куран жана сүннөттө келгендей гана окуйбуз намазды “- демексизби? Же болбосо “Өөхх жакшы да уйга сыйынгыла дебеди, башкачараак болсо да Аллахка сыйынгыла деди, ушунусуна да шүгүр келтирүү керек, Аллах шүгүр кылуучу пенделерин жакшы көрөт “- деп, алар айткандай намаз окумаксызбы?

Албетте жок, аларды кууп чыкмаксыз да э? Анткени сиз мусулмансыз жана жалгыз гана Аллах эң туура ибаадат кылуунун жолдорун билет жана бизге баян кылган – деп ишенесиз да.

Бул го жалгыз гана намаз тууралуу болду.

Бирок Курандагы калган өкүмдөрчү? Уурулукту жазалоо, паракорлукту жазалоо, зынааны токтотуу, аракты жоготуу, билим жана тарбия мыйзамдары, мамлекетти башкаруу мыйзамдары, валийлер, халифалар, элчилер, эл аралык мамилелер, жихад, ушур, хираж, соода – сатык жана башка турмуштук иштерге тиешелүү маселелердечи? Аларды да кантип аткарууну Аллах Таала баян кылган, биз ошол айтканына жараша аткарып жатабызбы? Бүтүндөй турмушубуз, мамлекетибиз кандай тартиптелүүсүн баян кылып бербедиби бизге Аллах? Албетте, баян кылып берди.

Намаз окууну кантип буйруган болсо турмуштагы калган иштерди да Шариятка көрө тартиптөөнү ошондой эле буйруган. Ал өкүмдөрдүн арасында буйруу жагынан айырма жок! Бирок биз болсо калган маселелерде кудум ошол мечитке кирген турист сыяктуу өлкөбүзгө келген Батыш колонизаторлорунун коюп берген мыйзамдары – Демократия менен жашап жатабыз . Демократия бул – Аллахтын өкүмдөрүн кемчиликтүүлүктө айыптап, алардын ордуна коюлган, адамдар өздөрү ойлоп тапкан жашоо мыйзамдары, эрежелери.

Демократияга ыраазы болуп жашоо, намазды туристтерден үйрөнүп окууга барабар иш!

Ойлон окурманым!

(с) Жакып Алманбетов

Фейсбуктан алынды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here