БУУ “Талибан”дын 11 өкүлүнө карата киргизилген санкцияларды жокко чыгарды

423
0

БУУ Талибан”дын 11 өкүлүнө карата киргизилген санкцияларды жокко чыгарды

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) “Талибан”кыймылынын 11 өкүлүнө карата санкциялар режимин тогуз айга тоңдуруп койду. Кыймылдын Катардагы офиси санкциялар убактылуу токтотулганы жөнүндөгү маалыматты тастыктады.

 “Талибан”дын расмий өкүлү Мухаммад Сухайл ТАСС агенттигине: “Мен бул маалыматты тастыктаймын”, – деди.

Буга чейин, Россия президентининАфганистан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов кыймылдын өкүлдөрү “кара тизмеден” чыгарылганын билдирген. Анын айтымында, бул нерсе Афганистанда сүйлөшүү жараянын жеңилдетүү үчүн болду о.э. “АКШ жана башка мамлекеттер менен биргеликте ишке ашырылган аракеттердин натыйжасы” болду.

 Замир Кабулов: “Бул 9 айлык убактылуу чара. Калганын кийин көрөбүз”, – деп кошумчалады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here