Россиянын Кыргызстандагы аскерий базасынын аймагы кеңейтилет

518
0

Россиянын Кыргызстандагы аскерий базасынын аймагы кеңейтилет

РФ президенти Владимир Путиндин 28-марттагы Бишкекке бир күндүк сапарынын алкагында Кант шаарындагы аскерий базаснын аймагын 60 гектарга кеңейтүү боюнча протоколго кол коюлду.

Расмий жарыя кылынган протоколго ылайык, Канттагы база үчүн төлөнө турган жылдык ижаранын баасы 4.5 миллион доллардан 4.79 миллион долларга көбөйтүлгөн.

 Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн башкы штаб башчысы Раимберди Дүйшөнбиев, протоколго ылайык Кант аэропортунун учуу тилкелери да модернизация кылынышын билдирди.

Аталган протокол күчүнө кириши үчүн эки өлкө тараптан ратификация кылынышы керек.

Россия 2003-жылы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ)  алкагында Кыргызстандын Кант шаарында аскерий базасын ачкан.

Учурда Кыргызстанда Россиянын дагы башка аскерий мекемелери бар. Атап айтканда¸ Ысык-Көлдө аскер-деңиз күчтөрү базасы¸ Майлы-Сууда сейсмология борбору жана кыргыз-казак чек арасындагы Чалдыбар шаарчасында коммуникациялык борбору бар.

Аталган төрт обьект 2012-жылы Россиянын бирдиктүү аскер базасына бириктирилген.

Өткөн айда Бишкекке келген Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москванын Кыргызстанда дагы бир аскерий база ачуу планы бар экендигин билдирген.

Кыргызстан бийлиги Путиндин сапары алкагында жалпы баасы 12 миллиард доллардык 65 келишим түзүлгөнүн билдирүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here