Судан козголоңу Умар Баширдин бийликте калуу каалоосу менен Судан калкынын өзгөрүүгө бекем умтулушу ортосунда

310
0

Судан козголоңу Умар Баширдин бийликте калуу каалоосу менен Судан калкынын өзгөрүүгө бекем умтулушу ортосунда

Хасбуллах Нур

Суданда нааразылык демонстрациялары башталгандан элүү күн өтүп, 2019-жылы 6-февраль күнү өлкөнүн шаарларында жана борбор Хартум көчөлөрүндө кезектеги демонстрациялар болуп өттү. Бирок, байкоочулардын айтышынча, Хартум борборунда президенттик сарайдан болгону бир нече жүз метр арыда «Дагы чоңураак жүрүш» урааны астында өткөрүлгөн демонстрация мыктыраак уюштурулган жана эң көп адам катышкан демонстрация болду. Бул болсо, Судан калкы режимди кулатуу талабын улантышына далалат кылат.

Бирок, бейшемби күндөгү ири демонстрацияга чейин, ошол убакта жана андан кийин болгон айрым окуялар болуп өттү. Аларды айтып өтүүнү туура деп билдик: демонстрациялардан мурда Республика президенти Умар Башир коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү жана президенттик сарайга кээ бир журналисттерди чакырып, алар аркылуу кайрылуу жолдоду. Айрым маалымат кызматкерлери бул ирет Баширдин мунаса позициясына өтүп, сөзү өзгөргөнүн айтышууда. Башир мурун «бузукулар», «тыңчылар», «саткындар» деп атаган демонстранттарды бул ирет «жаштар» деп атады. Башир: «Аларды көчөгө чыгууга үндөгөн белгилүү себептер бар, инфляция ушул себептердин бири, бул баанын көтөрүлүшүнө алып келди», – деди. Ал жаштардын ачууланышы коопсуздук кызматы коомдук тартип жөнүндөгү мыйзамды туура эмес аткаргандыгына улам келип чыкканын кошумчалады, кийин ал демонстрация себептүү камакка алынган журналисттерди азат кылууга убада берди, чынында эле алар ишемби күнү азат кылынды. Башир мына ушундай күтүлбөгөн билдирүү бергенине карабастан, бейшемди күндөгү ири демонстрацияны токтото албады жана Коопсуздук Кеңеши Суданга карата резолюция чыгарышына жолто боло албады. Натыйжада, Коопсуздук Кеңеши Судандагы абал дүйнөгө жана региондогу коопсуздукка коркунуч туудурат деген резолюция чыгарды. Бул болсо, ушул маселе Коопсуздук Кеңеши карай турган маселеге айланганын түшүндүрөт. Ушул резолюция БУУ уставынын VII-бөлүгүнө ылайык чыгарылган, аны аткаруу үчүн күч колдонууга уруксат берилген. Түпкүлүгүндө, резолюциянын демонстрацияларга тиешеси жок болсо да, бирок, анын чыгарылган убагы жана мааниси саясий чакырыктын маңызын ачыктоодо.

Судан Улуттук Конгрессинин жетекчилигиндеги он эки адам отставкага кетти. Бул коопту белги болуп, режимдин кыйрап бара жатканынан жана ичинен жемирилип жатканынан кабар берет. Кээ бир булактардын айтымында, айсбергдин бир бөлүгү гана ачыкталды. Өзгөчө, мугалим Ахмад Хайр өлүмүндө болгондой, режимдин жалгандары ачыкка чыкты. Белгилүү болгондой, Ахмад Хайр Судан чыгышындагы Кассала вилаятынын Хашм Кирба шаарында коопсуздук кызматынын катуу кыйноолору астында өлтүрүлгөн. Ошондо коопсуздук кызматы мугалим Ахмад Хайр рахимахуллахтын өлүмү туурасында «Бир нече коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен бирге жеген тамактан улам ууланып өлдү» деген жалган билдирүү берген. Бул жомокту күбөлөр да, маркумдун денесин кабыл алган үй-бүлөсү да четке кагышты. Акыбетте, режим устаздын тамактан ууланбастан, кыйноо астында өлгөнүн моюнга алууга мажбур болду. Кийин коопсуздук кызматы шашып, бул окуяга байланыштуу ар бир адамды шексиз жазага тартабыз деди жана тергөө алып баруу үчүн коопсуздук кызматынын жогорку офицерлеринен турган комиссия түздү. Өз кезегинде, таалим министрлиги да сот бийлигинен мугалимдин кыйноого алынышына, өлүмүнө байланыштуу кылмышерлерди жазага тартуу ишин тездетүүнү талап кылды. Бирок, тергөө ылдам өткөрүлгөн жок, бирок көчөнүн жана маркумдун туугандарынын басымы тергөө жараянын тездетти.

Финансылык кризис жана өтүмдүүлүксүздүктү жеңилдетүү үчүн өкмөт кошумча акча басып чыгарды. Акча чыгарылгандай кийин инфляция 70%дан ашканы үчүн инфляция жана экономика кыйрайт деген коркунуч жаралды. Бул сыяктуу демилгелер менен өкмөт кудум түшүмсүз жерге эгин эккендей болду, эч нерсени өзгөртө албады, абал жакшырбады, наарызылык демонстрациялары да токтободу.

Бийликке бекем жабышып, демонстрацияларды басаңдатуу үчүн Судан коопсуздук жана разведка башчысы «анын кызматы өлкөнүн башаламандыкка кептелишине жол бербешин, өкмөттүн туруктуу күчтөрү (Баширдин) легитимдүүлүгүн колдоп жатканын» билдирди. О.э. ал реалдуу проблемаларды о.э. жаштардын жана жаңы муундун адилеттүү талаптарын чечүү зарылдыгын айтты. Жана өкмөт экономика жана кызматтар тармагында проблмаларды ийгиликтүү чечип жатканын баса белгиледи. Бул сыяктуу билдирүүлөр режимдин зулумун, коррупциясын жана кыйноолорун жашыра албайт.

Өкмөт зулум жана коррупцияга малынганына, Судан калкы адилет издеп, аны кулатуу үчүн бекем турганына карабастан, ал бийликке бекем жабышууда. Бул болсо, Судан калкынын абалын караңгылыкка салды. Бул караңгылыкта күн жок, болгону алыста үңкүрдүн оозунан нур көрүнүүдө, ага Хизб-ут-Тахрир аркылуу гана жетүү мүмкүн. Бул Умматка аң-сезим үчүн зарыл рухту берет. Бул чечим улуу Исламда, Исламдын Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде көөдөлөнгөн. Ушул мамлекет тикеленсе гана Судан башынан өткөргөн ийгиликсиздиктерге кайрадан туш болбойбуз.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here