Жакырчылык жана ачарчылык капитализм зулуму менен Ислам адилети ортосунда

782
0

Жакырчылык жана ачарчылык капитализм зулуму менен Ислам адилети ортосунда

Доктор Мухаммад Жийланий

Азыркы оор экономикалык абалга капитализм жоопкер экени четке каккыс акыйкат. Мындай оор экономикалык шартта ар секундада бир адам өлүүдө. Дүйнөлүк Банк жана Эл аралык Валюта Фонду капитализмдин негизги куралдары болуп, алар өнүгүп келе жаткан мамлекеттердеги, алардын катарында, исламий жана араб мамлекеттериндеги жаман экономикалык абалга түздөн-түз жоопкер. Исламий жана араб дүйнөсүндө 500 миллиондон ашык жакыр адам бар, алар Яман, Судан, Жибути, Мавритания, Иордания, Саудия, Тунис, Марокко, Бангладеш, Индонезия жана башка өлкөлөрдө ачкалыктан азап тартышууда.

Дүйнөдө өкүм сүргөн жакырчылык менен капитализмдин негизги куралы болгон Дүйнөлүк Банктын ортосунда бекем байланыш бар. Муну тастыктаган абал жана окуялар өтө көп. Бүгүнкү күндө Иорданияда жана Суданда колдонулуп жаткан салыктар жана баанын жогорулоосу – калктар арасында атайылап ачарчылык, оор кыйын абалды жаратууда Дүйнөлүк Банктын салымы бар экенин көрсөткөн эң күчтүү далил. Дүйнөлүк Банк жана Эл аралык Валюта Фонду структуралык реформалар программасын жамынып өз кылмыштарын ишке ашырууда. Алар ушул программа аркылуу оор шарттарды коюуда жана экономикалык саясатта өзгөрүүлөрдү жүргүзүүгө мажбурлоодо. Натыйжада, мамлекеттер соода сатык жана инвестиция саясатын эркиндештирүүгө мажбур болуп жатат. Бул болсо, колонизатор компанияларга калктардын байлыктарын талап-тоноо мүмкүнчүлүгүн жаратууда. О.э. айыл чарба үчүн белгиленген үлкөн жер аянттары кыскарды жана өлкөлөр карыздан кутулууда чоң кыйынчылыктарды келтирип чыгарган экономикалык жана финансылык саясаттар деңизине чөктү. Ушул саясат жана карыздардын натыйжасында өлкөлөр азык-түлүктү чет элден алып кирип, гигант капиталисттик компаниялардан жардам сурап калды. Капитализм өкүмдарлыгы көпчүлүк өлкөлөрдө, өзгөчө мусулман өлкөлөрүндө жакырчылык, ачарчылык жана эпидемия сыяктуу экономикалык абалдарга таасир кылууда.

Капиталисттик түзүмүнүн эрежелери адамдардын жакырлашуусуна жана миллиондогон адамдардын ачка калышына алып барат. Капитализмде өндүрүү жана байлыкты көбөйтүү, талап жана сунуш мыйзамы, бааларды белгилөө системасы байлыкты бөлүштүрүүнүн жалгыз жолу. Акыйкат ушул, капитализм көлөкөсүндө өндүрүү бир нече жүз жылдардан бери жогорулап жаткан болсо да, бирок, жакыр жана ачка жылаңач адамдардын саны тынымсыз көбөйүүдө. Бул көрүнүш Америка сыяктуу бай, Гаити, Сахаранын түштүгүндөгү Африка өлкөлөрү, Ливан, Иордания жана Судан сыяктуу жакыр мамлекеттерде бирдей байкалууда.

Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) коомдорго коркунуч туудуруп жаткан ушул ачарчылык жөнүндө кабатырлануу билдирип мындай дейт: «Дүйнөдөгү, өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү 800 миллиондон ашык адам негизги муктаждыктарын камсыздоо үчүн жетиштүү азык-түлүккө ээ эмес. Акыйкатта болсо, азык-түлүк менен камсыздоо жаатында кеңири өлчөмдө жардамдар көрсөтүлүп жаткан болсо да, ачарчылык жана жакырчылык дагы эле уланууда». Америкадагы Азык-түлүк жана өнүгүү институтунун ректору айткандай, дүйнөдөгү ачкачылык проблемасын азык-түлүк өндүрүүнү көбөйтүү аркылуу чечүү мүмкүн деген пикир негизсиз жалган. Себеби, ачарчылыктын чыныгы проблемасы – бул азык-түлүк жана байлыктардын жаман бөлүштүрүлүүсүндө. Капитализм ачкачылык проблемасын чечпейт, тескерисинче адамдар өз муктаждыктарын камсыздай албашынын ыктымалын күчөтөт. Капитализм дүйнө бойлоп миллиарддаган адамдардын коопсуздугун, бакытын жана жыргалчылыгын жүзөгө чыгарууда ийгиликсиздикке учурады. Тескерисинче, ал жер жүзүнө жакырчылык, оору, согуш, ачкачылык жана ойрондулук алып келди.

Мунун тескериси катары Исламдагы экономика түзүмү жакырчылык жана ачкачылык проблемасын жалпы исламий түзүмдүн ажырагыс бир бөлүгү катары чечет. Себеби, экономика жана байлык жөнүндөгү мыйзамдар үйлөнүү, үй-бүлө, саясат, баалуулуктар, ибадаттар, келишимдер сыяктуу башка мыйзамдарга байланыштуу. Мисалы, зекет экономикалык түркүктөрдүн бири жана ал Куръанда он төрттөн ашуун аятта намаз менен бирге фарз кылынган.

﴿وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ﴾

«Намазды толук аткаргыла, зекетти бергиле жана руку кылуучулар менен бирге руку кылгыла» 

                                                                                                                                                                     [2:43]

Бир күндүк жегилик нерсеси болбогон мискинге тамак берүү зихар сыяктуу көптөгөн маселелердин чечими болду:

فَمَنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَإِطْعَامُ سِتِّينَ مِسْكِيناً

«Ал эми, ким кудуреттүү болбосо, ал үчүн алтымыш мискинге тамак берүү (милдети) бар»  [58:4]

Ушулардан ачык-айкын болгондой, Исламдагы экономика түзүмү бир бүтүн Ислам түзүмүнүн ажырагыс бөлүгү. Демек, ал Ислам түшүнүктөрүнө, акыйдасына жана түзүмдөрүнө байланышткан, бул экономикалык түзүмдү алардан ажыратып үйрөнүү жана колдонуу мүмкүн эмес.

Ошондуктан, Исламдын экономикалык түзүмү Исламдын бир бөлүгү катары колдонулса гана адилеттик жүзөгө чыгат. Экономикага байланыштуу түшүнүктөр ырыскы (байлык) жана ресурстар сыяктуу түшүнүктөрдү өз ичине алат. О.э. бул түшүнүктөр боюнча ресурстар жетишпейт эмес, алар жетиштүү жана жакырчылык коомдо эмес, адамдарда болот.

Ислам түзүмүндөгү жакырчылык проблемасы – бул азык-түлүк, кийим-кече жана жашоо жайы сыяктуу негизги муктаждыктарын камсыздай албай жаткан жакыр адамдын (т.а. жеке адамдын) проблемасы. Ислам жакырчылыкка табигый ресурстар жетишпеген коом проблемасы эмес, коомдогу ар бир адамдын муктаждыгын камсыздоо проблемасы деп карайт. Башкача айтканда, Ислам жакырлардын ар биринин негизги муктаждыктарын кандыру керек деп карайт. О.э. Ислам адамдарга камалий муктаждыктарын – илим, аракет жана амал аркылуу камсыздоосу үчүн – шарт жаратып берет. Ошондуктан, Ислам өзүнүн экономикалык түзүмүндө негизги этибарын табигый ресурстарды адилеттик менен бөлүштүрүүгө каратат. Ислам ушул жол менен коомдун ар бир адамынын негизги муктаждыктарын камсыздайт.

Ислам жакырчылыкка каршы күрөшөт, Расулуллах ﷺ айтат:

«لَيْسَ الْمُؤْمِنُ الَّذِي يَشْبَعُ وَجَارُهُ جَائِعٌ إِلَى جَنْبِهِ»

«Кошунасы ачка калып, өзү ток болгон киши момун эмес», башка хадисте айтат:

«مَا آمَنَ بِي مَنْ بَاتَ شَبْعَانَ وَجَارُهُ جَائِعٌ إِلَى جَنْبِهِ وَهُوَ يَعْلَمُ بِهِ»

«Кошунасы ачка калып, аны билип, өзү ток абалда түн өткөргөн киши мага ыйман келтирбептир». Ошондуктан, Ислам коомунда ачарчылыкка жана жакырчылыкка каршы катуу күрөш алып барылат. Момун аларга каршы күрөшүүнү Аллахка болгон ыймандын белгиси деп эсептейт. Ойлоп көрсөк, Расулуллах ﷺ жакырчылыкка чекит коюуну ыйманга байлады жана бул түшүнүктү кембагалдарды азык-түлүк менен камсыздоо үчүн көзөмөлдөгөн идарий иш деп эсептебеди. Расулуллах ﷺ жыйырма үч жыл ичинде акыйданын жалаң пикирий жагына көңүл бурду жана ушул мабдаий акыйдага таянып хытаб кылды: эгер өзүңөр айткандай, Исламга ишенсеңер кошунаңар ачка болуп, өзүңөр ток абалда таң аттырбагыла. Бул маанилүү бир акыйкатты түшүндүрөт т.а. мусулман коомунда жакырчылыкка жол жок экенин билдирет. Расулуллах ﷺдан кийин рошид халифалар да ушул жолду ээрчишти жана жакырчылыктан алыс болгон коом болууга аракет кылышты.

Ал эми, капиталисттик мабдада коомдун экономикалык туруктуулугу экономикалык өнүгүүнүн өсүшү менен өлчөнөт. Капитализмде ички дүң продукциясынын өсүүсү жана финансылык базарлардагы товарлардын баасы көтөрүлүүсү экономика туура жолдо бара жатат деп айтылат. Эгер, экономиканын өсүшү токтоп калса, же белгилүү бир мөөнөткө токтосо, же финансылык базарда товарлардын баасы төмөндөп кетсе гана эскертүүлөр башталат. Бирок, Исламда мунун тескериси болот, коомдо ачарчылык башталары менен коркунуч жана эскертүү коңгуроосу кагылат. Себеби, Ислам эркекпи, аялбы же наристеби, ага карабастан, ачка инсан болуусуна жол бербейт.

Куръани Карим Исламий мамлекетте байлардан чогултулган зекетти алууга акылуу кишилерди сегиз түргө бөлдү. О.э. мискинге ихсан кылган кишинин мартабасын жогору даражага көтөрүп, мискинди тойгузуу ишине чоң көңүл бурду. Куръани Карим бул ишти Аллахка көбүрөөк жакындаштыра турган ибадаттарга теңештирди.

فَلَا اقْتَحَمَ الْعَقَبَةَ * وَمَا أَدْرَاكَ مَا الْعَقَبَةُ * فَكُّ رَقَبَةٍ * أو إِطْعَامٌ فِي يَوْمٍ ذِي مَسْغَبَةٍ * يَتِيماً ذَا مَقْرَبَةٍ * أو مِسْكِيناً ذَا مَتْرَبَةٍ * ثُمَّ كَانَ مِنَ الَّذِينَ آمَنُوا وَتَوَاصَوْا بِالصَّبْرِ وَتَوَاصَوْا بِالْمَرْحَمَةِ * أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ الْمَيْمَنَةِ

«Ошентип, ал ашуудан өтпөдү! Ашуу эмне экенин сен кайдан билер элең? 13. Ал ашуу дегени кулду азат кылуу, же ачарчылык күнүндө тууган жетимге же муктаж бечара-жардыга тамак берүү. Кийин ал ыйман келтирген жана бири-бирлерине сабыр-канаат кылууну кеңеш берген, бири-бирлерине мээримдүүлүк, адамгерчилик кылууну кеңеш бергендерден болбоду! 18. Мына ошол оң тарап ээлери» [90:11-18]

Мындан тышкары Ислам рамазан орозосун кармай албоо, убадага турбоо жана зихар сыяктуу иштердин каффараты үчүн мискинди тойгузууну фарз кылды. Бул Исламдын коомдо боло турган ачарчылыкка каршы канчалык даражада күрөшүшүн көрсөтүп турат.

Маликий өзүнүн «Үлгүлүү экономикалык саясат» деген китебинде мындай тыянак чыгарат: Исламдагы экономикалык түзүм чече турган негизги проблема – коомдогу адамдардын жакырчылык проблемасы. Ислам адамдардагы жакырчылык проблемасын чечүү үчүн мыйзамдарды жана эрежелерди, механизмдерди иштеп чыгуудан мурда коомдогу адамдар арасында жакырчылык жана ачкачылык туурасында аң-сезим даражасын көтөрдү. Факир жана мискиндерди азык-түлүк жана ресурстар менен камсыздоо үчүн ихсан кылган жоомарт мусулмандын мартабасын жогору көтөрдү. О.э. Мекке коомун факирлерге, мухтаж жана жетимдерге ырайымсыз мамиле кылып жатканы үчүн сындады. Ислам Мекке коомунда жакырларга карата жаман мамилелерди тазалоо жоопкерчилигин мусулмандарга жүктөдү. Ошондуктан, мусулман халифалар жана акимдер ичинде жакырчылыкты өлтүрүү жөнүндө ант ичишкени болду жана алар мындай сөздөрдү айтышы таң калычтуу эмес эле.

Тыянактап айтсак, Ислам ар бир адамдын негизги муктаждыктарын камсыздоого кепил. Ислам колдонулуп, өкүмдарлык кылган убакта жакырчылыкка каршы күрөшүп, аны жойгон. Ислам адамды эмгек кылууга, ырыскы табууга жана ага аракет кылууга үндөдү, туугандарга байланыштуу нафаканы фарз кылды. Зекет жана садакалар, жалпы жана мамлекеттик мүлктөн жакырлар үчүн нафака белгиледи.

Бүгүн болсо, дүйнө тарыхта болбогон бактысыздык, кембагалдык жана ачарчылык шартында жашоодо. Адеп-ахлак жана баалуулуктар төмөндөштү, байлар жакырлар үстүнөн өкүмдар. Жалгыз, ырайымдуу жана мээримдүү болгон, ааламдардын роббиси Аллахтын түзүмү нур чачышынын убагы келди. Бул түзүм жакырчылыкка жана ачкачылыкка чекит коёт, адамдарды бай, ак түстүү, кара түстүү, батыштык же түндүктүк деп бөлбөйт. Ооба, жаңы түзүм нур чачышынын убагы келди, ал байлыкты адилет бөлүштүрүп, мыйзамдарда тең салмактуулукту орнотот. О.э. байлыкты жалгыз Аллахтын өлчөөсү менен өлчөйт:

وَالسَّمَاء رَفَعَهَا وَوَضَعَ الْمِيزَانَ * أَلاَّ تَطْغَوْا فِي الْمِيزَانِ * وَأَقِيمُوا الْوَزْنَ بِالْقِسْطِ وَلا تُخْسِرُوا الْمِيزَانَ

«Ал асманды бийик кылып койду жана силер таш-таразада чектен ашпооңор үчүн таразаны орнотту. Туура, адилеттүүлүк менен тарткыла жана таразадан уруп калбагыла!» [55:7-9]

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here