Уйгур мусулмандары Кытай зулуму менен акимдердин кыянаты ортосунда

671
0

Уйгур мусулмандары Кытай зулуму менен акимдердин кыянаты ортосунда

«Франс-24» сайты хижрий 1440-жылы 2-ражаб, миладий 2019-жылы 9-март күнү жарыялаган макалада мындай делет:

«Кытайдагы уйгур мусулмандарынан турган активисттер камак лагерлеринде кармалып турган жакындарынын тагдырын ачыктоону Кытай бийлигинен талап кылуу үчүн интернет тармагында кампания башташты. Кытай бул лагерлерди өлкөдөгү «экстремизм» маселесин чечүү максатында курганын жана аларды «кесип үйрөнүү борборлору» деп атаганын билдирди. Бирок, уйгур активисттери ал жерлерде үрөй учурган кыйноолорду колдонуп жатат деп Пекинди айыптап келет».

Роя гезити:

Чыгыш Түркстандагы уйгур мусулмандарынын маселеси Фалестинадагы, Таиланддын түштүгүндөгү жана Кашмирдеги мусулмандардын о.э. Мьянмадагы аракан мусулмандарынын маселесине окшойт. Чыгыш Түркстандагы окуялар жаңылык эмес, анткени бир жарым кылымдан бери ал жердеги мусулмандар душмандын баскынчылыгында жашап келет. Алардын болгон «айыбы» – мусулман болушканы. Бир нече кылымдар мурун мусулмандар өзүлөрү фатх кылган өлкөлөрүнөн «түпкү эл эмес» деген шылтоо менен көчүрүлүүдө. Кыргындан аман калгандары Кытайдын башка региондоруна таратылды. Чет элге качып кеткендерди Кытай режими кайтарууга урунду жана кайтарылгандардын тагдыры камак болду. Бул режим мусулмандарды ибадат маселесинде да кысымга ала баштады, исламий көрүнүштөрдүн баарына каршы күрөштү жана аларды бир миллиондон ашуун туткун кармалган лагерлерге жөнөттү. Лагерлерде аларга карата куфрга алып бара турган көрүнүштө мамиле кылынды. Негизги этибар балдарга каратылган, анткени, ушул аркылуу аларды Исламдан жана анын өкүмдөрүнөн алыс рухта тарбиялоо көздөлгөн.

Бирок уйгур мусулмандары дале Исламын бекем кармап келишүүдө, Ислам үчүн жандарын кызганбастан, Кытай мажбурлап жаткан талаптарга баш ийбей жатышат. Алар кудум сахабалар сыяктуу турушууда. Мекке кафирлери сахабаларды өлтүрүү, кыйноого салуу, камакка таштоо, тиричиликтен тосуу… сыяктуу ыкмалар менен азап-кыйынчылыктарга салышканда сахабалар хак үстүндө бекем турушкандай, бүгүн да уйгур мусулмандары бекем турушууда. Кафирлер бул кылмыштарды сахабаи киромдарды дининен чыгаруу максатында кылышкан. Аллахтын уруксат менен, кафир Кытай уйгур мусулмандарын эч качан дининен чыгара алышпайт.

Аллахка дуа кылып, бизге Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу жарык күндөрдү беришин сурайбыз. Мусулмандар халифа артында туруп согушат жана аны менен коргонушат. Мына ошондо Кытайды да, башка колонизатор мамлекеттерди да тыйып коёбуз, жада калса алар мусулмандарга душмандык кылуу жөнүндө ойлоого да батына албай калышат.

Роя гезити, №225, 2019жыл, 13март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here