Муфтият жума хутбаларын кыргыз жана орус тилинен башка тилдерде айтууга чек койду
“Азаттык” радиосу кабарлагандай, Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев 6-мартта “Жума хутбаларын кыргыз тилинде жүргүзүү, зарыл болгон учурда орусча кошуу” тууралуу буйрук чыгарды.
Улуттар аралык жаңжалга себеп болушу мүмкүн болгон бул буйрук кимге жана эмне үчүн керек болуп калды? Эмне үчүн улуттар арасында проблема пайда кылууда диний чөйрөдөн пайдаланмакчы болуп жатышат?
Бул буйрук диний же улуттук максаттагы, же болбосо, өлкөдө кыргыз тилин өнүктүрүү максатынан келип чыккан буйрук эмес. Бул саясий тактика – муфтият аркылуу улуттук жана диний кескиндик пайда кылууга кызыкдар болгон тарап ишке ашырып жаткан бузуку долбоор! Муфтият мамлекеттик орган экендигин жана ал өзү каалагандай иш алып бара албастыгын эсепке алсак, бул долбоор мамлекеттик органдардын көрсөтмөсү менен ишке ашырылып жатканын түшүнөбүз. Бирок, Кыргызстандын азыркы саясий абалында бул кескиндиктердин кандай пайдасы бар?
Даъват – бул динди адамдардын өз написи менен, бири-бири менен о.э. Аллах менен болгон мамилесин (ибадат) исламдаштыруу максатында ишке ашырылуучу иш-аракеттер. Ал тургай, тарыхта Халифалык мамлекети фатх кылган бирер мамлекет же улутту даъват кылууда даъватты араб тилине чектеген эмес! Демек, бул буйрукта исламий кызыкчылык жок! Тескерисинче, бул буйрукта даъватка чектөө, тоскоолдук жана кооп-коркунуч бар!
Айрым серепчилер бул бузук долбоордун артында Өзбекстан менен Кыргызстандын коопсуздук кызматтары турганын божомолдоп жатышат. Башкача айтканда, алар “өзбек тарап улутчулдук туйгулары негизинде калыптанып калган Кыргызстандагы жетекчи топ менен тил бириктирип, өзбек тилдүү диний аалымдарды исламий мухиттен четтетип жибермекчи болууда” деп жатышат. Андай болсо: “Бүгүнкү күндө Өзбекстанга же Кыргызстанга улуттук, диний кескиндик керекпи?” – деген суроо пайда болот.
Дагы башка серепчилер: “Бул диний кескиндик Россиянын коопсуздук кызматкерлери башчылыгында уюштурулууда. Орустар да, жетекчи топтун улуттук туйгуларынан жана өз мекенине кайдыгерлигинен пайдаланып, жогорудагы беймаани буйрукту чыгартты. Алардын максаты, мусулмандар арасында келишпестик пайда кылуу менен өзүнүн аскерий жана саясий позициясын бекемдеп алуу!” – деген божомолду карманышууда.
Биз талдамакчы эмеспиз. Кайсы биринин айтканы туура болгон күндө да, же дагы башка саясий максаттар болгон күндө да, бул буйрук Кыргызстан мусулмандары жана калкы үчүн пайдасыз, кооптуу аракет болду. Башкача айтканда, бул буйрук улутчулдук мухити диний мухитке өкүмдар болуп алышы үчүн кеңири шарттарды түзүп берет. Улуттар аралык ынтымак бир гана дин менен бекемделип келе жаткан болчу. Демек, кимдир бирөөлөргө диний боордоштук мухити жакпады, же алардын бузуку максаттарына туура келбей жатат.
Туура, өлкөнүн жарандары мамлекеттик тилде эркин сүйлөшө алышы керек. Бирок, бул нерсе билим берүү мекемелеринен башталышы керек! Башкача айтканда, тилди өнүктүрүү бардык улуттар үчүн бирдей окуу программасын кабыл алуу менен башталышы керек. Мамлекет тил үйрөнүүгө мечитте эмес, билим берүү тармагында шарт түзүп бериши керек. Эмне үчүн, мамлекеттеги мектептер кыргыз тилине өткөрүлбөй туруп, бардык жарандардан кыргыз тилин билүү талап кылынууда. Бул айткандарыбыз, жогорудагы маселенин укуктук тарабы!
Пайгамбарыбыз С.А.В. :“Кимде-ким асабиятка (улутчулдукка) чакырса, ал үчүн согушса жана ал үчүн өлсө, бизден эмес”, – деген.
Эй Кыргызстан мусулмандары! Куфрдун провокацияларына алданып, улутчулдар менен биригип Аллахтын каарына дуушар болуп калбагыла! Даъватты кыргыз тилинде алып барыш керек деген эч кандай шарьий чечим жок. Бирок, даъват адамдарга жетип барышы керек! Момундун жашоодон көздөгөн максаты даъват болгондуктан, бирер тил же улутту андан жогору коюу жакшы эмес! Аллах бир коомго бирер мүмкүнчүлүк берсе, динде факих кылган болсо, же даражасын көтөргөн болсо, аны бир гана дин жолунда пайдаланышыбыз керек! Кафирлер ич ара жаңжал чыгаруу максатында даъватыбызга зыян жеткирмекчи болушууда. Боордоштор биз Ислам үммөтүбүз, демек, туйгуларыбызды ыйманыбыз менен тизгиндеп, куфр жана улутчул топтордун кызыкчылыгына каршы даъват алып баралы! Мухасаба фарз, муфтият жана анын үстүндө турган жетекчилерибизди амру маъруф, нахий мункар кылалы! Кафирлер бир ок менен эки коён атмакчы болушууда. Биринчиси, улуттар аралык жаңжал чыгаруу үчүн шарт түзүү. Экинчиси болсо, ошол улуттар аралык жаңжалга диний мухитти аралаштырып жиберүү менен исламий мухиттин ичинде ич ара келишпестик пайда кылуу! Сак бололу жана колубуздан келишинче каршылык көрсөтөлү. Себеби, ушул аркылуу Аллахтын алдында алардан эместигибизди далилдөөгө аракет кылалы!
Абдураззак.