Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты конференция өткөрдү

427
0

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты конференция өткөрдү

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты хижрий 1440-жылы 10-жумадул-аввал, миладий 2019-жылы 15-февраль күнү Хартумдагы өзүнүн кеңсесинде конференция өткөрдү. Ушул конференция «Судан келечеги: илманийлик менен исламий шарият ортосунда» деп аталган конференциянын ордуна өткөрүлдү. Себеби, Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты бул конференцияны 2019-жылы 16-февраль күнү шейит Зубайр Мухаммадсалих Давлийдин конференция имаратында өткөрүүнү жарыялаган. Бирок, бул конференциянын өткөрүлүшүнө Хартум шаарынын коопсуздук кызматы тыюу салды.

Ушул конференцияга бир топ уламалар, исламий кыймылдардын жетекчилери, мечиттердин имамдары катышты. Конференцияда сөз сүйлөгөндөр:

  1. Куръани Карим университетинин профессору, изилдөөчү доктор Мухаммадмуса Бирр;
  2. Ислахул Кавмий партиясынын төрагасы, Ватаний Тагйир фронтунун мүчөсү доктор Хасан Сомоний (Абу Дажона);
  3. Иътисам бил-Китабу Сунна жамаатынын аткаруучу бөлүмүнүн мүчөсү жана даъват бөлүмүнүн төрагасы шейх Таж Абдулмутталиб;
  4. Ихванул Муслимин жамаатынын башкы көзөмөлчүсүнүн орун басары устаз Хасан Абдулхамид;
  5. Турук Суфия жетекчилеринин бири доктор Ибрахим Зайндын өкүлү доктор Мухаммадюсуф Аракий;
  6. Минбари Вахдавий төрагасы доктор Абдулазиз Наим;
  7. Калакилаи Мунаввара шаарындагы Рахман мечитинин имамы, Хизб-ут-Тахрир мүчөсү доктор Мухаммад Абдуррахман;
  8. Хизб-ут-Тахрир мүчөсү мухандис Акрам Саъд;
  9. Робитаи Куттабус Суданиййин мүчөсү, изилдөөчү жана жазуучу доктор Абдуллах Абу Имам;
  10. Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты кеңешинин мүчөсү устаз Абдуллах Абдуррахман.

Сүйлөөчүлөрдүн баары шариятты Халифалык мамлекетинде колдонуу зарылдыгына кошулушту. Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий сүйлөөчүсү устаз Ибрахим Усман (Абу Халил) Хизб-ут-Тахрир Судан вилаятынын расмий сөзүн уктурду. Ал киши өз сөзүндө Аллахтын Китебин жана Расулу ﷺдын сүннөтүн таштап, зулум жана жакырчылык очогу болгон түзүмдүн башкаруусу астында гана Уммат алсырап, кордукка кабылганын баса белгиледи. Ислам гана бейпил жашоону, намыстар, малдар жана кандар сакталышын камсыздаган түзүм экенин баян кылды.

Устаз сөзүнүн соңунда уламаларга, исламий партияларга жана кыймылдардын жетекчилерине, мечиттердин имамдарына кайрылып, азыр күтүп олтуруунун да, бейтарап туруунун да убагы эместигин, сапты бир кылып, Расулуллах ﷺдын роясын бийик көтөрүп, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылуу зарыл экенин баса белгиледи.

Конференцияга катышкандар сөзгө чыккандарды тахлил, такбирлер менен колдоп-кубаттап турушту жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде Исламдын колдонууну талап кылышты.

Роя гезити, №222, 2019-жыл, 20-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here