«Инсаний боордоштук» документи – Папа менен Азхар шейхи жетектеген кресттүүлүк согушу

427
0

«Инсаний  боордоштук» документи – Папа менен Азхар шейхи жетектеген кресттүүлүк согушу

«Youm7» гезитинин сайты хижрий 1440-жылы 29-жумадул-аввал, миладий 2019-жылы 4-февраль күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Азхар университетинин шейхи имам Ахмад Таййиб Ватикан Папасы Франциск менен «Инсаний боордоштук» документине кол коюшту. Азхари Шариф менен Ватикан ортосундагы мамилелер тарыхында эң маанилүү эсептелген о.э. Ислам жана христиандык ортосундагы мамилелердин тарыхында да өтө маанилүү эсептелген бул документке имам Ахмад Таййиб менен Ватикан Папасы ортосунда алып барылган бир жарым жылга созулган үзгүлтүксүз аракеттердин жана сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кол коюлду. Ушул документ Азхар шейхи менен Ватикан Папасынын көз карашын т.а. дин өкүлдөрү ортосунда мамиле болушу зарыл, азыркы заманда диндердин өзүнө таандык орду жана ролу болушу керек деген көз караштарды камтыйт».

Роя гезити:

Бул документти эң эле болбоду дегенде илманий десе болот. Ал эл аралык разведка мекемелеринде иштелип чыкканына күмөн жок. Андан Аллах Субханаху ва Таала Өзүнүн Набийи ﷺга түшүргөн динден башка жаңы дин жаратуу максат кылынган. Бүгүн дүйнөдө болуп жаткан кризис жана согуштардын түпкү себеби – капитализм түзүмү. Негизи, Азхар шейхи ушул түзүмгө ыраазы болуп эле калбастан, анын бир бөлүгүнө жана ушул түзүмдүн Исламга, мусулмандарга жана даъватчыларга каршы колдонгон куралына айланды. Папа менен Азхар шейхи ооз көбүртүп сүйлөп жаткан инсанийлик Франция Алжир калкына алып келген ошол «инсанийликтин» дал өзү. Бул «инсанийлик» Ислам жана мусулмандарга каршы душмандыкка толо болуп, ушул «инсанийликке» каршы күрөшкөн алжирлик мусулмандардын баш сөөктөрү дагы эле Франция музейлеринде сакталууда. Бүгүн Азхарда да ушундай кылмыштар жасалууда жана буга Азхар уламаларынын төгүлгөн кандары күбө. Эй мусулмандар, бул документте айтылган бардык нерсе акыйдаңарга тескери жана диниңерге каршы, демек аны четке каккыла. Унутпагыла, диниңерде диндарлар деген нерсе жок. Диниңерде уламалар, фукахалар, мухаддистер бар жана баары ката кылуудан жана адашуудан алыс эмес инсандар. Аллах Тааланын таклифке, колдонууга жана жеткирүүгө байланыштуу хытабы т.а. шаръий хукмдар Умматтын ар бир шахсына жолдонгон хытаб. Силер Исламды колдонушу үчүн өкүл кыла турган киши, колуңарды берип, ага байъат кыла турган киши – бул халифа, ал Аллахты урухсаты менен жакында тикелене турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде силерди Ислам менен башкарат.

Роя гезити, №222, 2019-жыл, 20-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here