Яман калкынын козголоңуна сегиз жыл:
Ислам негизиндеги козголоң гана – чыныгы козголоң
2011-жылы 11-февралда Яман козголоңу башталып, көпчүлүк калк режимдин кулатылышын талап кыла башташты. Алар өлкөдө согуш артынан согуш чыгарып жаткан Британия-Америка күрөшү себептүү жүзөгө келген экономикалык, саясий жана гуманитардык абалдын жамандыгына каршы козголушкан. Ушул козголоңду эскерип Хизб-ут-Тахрир–Яман вилаятынын басма сөз бөлүмү билдирүү чыгарды. Билдирүүдө мындай делет: «Яманга Аллах Таала эсепсиз табигый байлыктарды берген, ал стратегиялык маанидеги өлкө. Анын ушул өзгөчөлүгү Британия-Америка күрөшүнүн кескин түс алышына алып келди. Өлкөгө өкүмдарлык кылуу үчүн бул эки мамлекет алып барган жырткыч күрөш Яман калкына балээ болду».
Билдирүүдө дагы мындай делет: «Каза болгон Али Салих жетекчилигиндеги мурдагы режим жана анын партиясы, бул партия менен кызматташкан башка партиялар, баары Британиянын малайлары, ушул убакка чейин жалаң гана анын пландарын ишке ашырып келишти. Алар Яманга каршы нечендеген кылмыштарды жасашты. Алардын бул кылмыштарынын акыбети дагы эле уланууда. Өлкө түштүгүндөгү Хасан Баум кыймылы менен түндүктөгү Хусий согушкерлери – Американын малайлары, алардын кылмыштары да Британия малайларынын кылмыштарынан айырмаланбайт. Анткени, алар Америка колундагы «курал» болуп, АКШ согушту тутандырууда алардан пайдаланды».
Билдирүүдө минтип кошумча кылынат: «Яманда Британия жана Америкадан турган кафир Батыш мамлекеттери өзүнүн малайлары, уюмдары аркылуу козголоңду багытынан өзгөртүштү. Алардын уюмдары өзүнүн уусу менен козголоңду бузуп, аны согуш жана күрөштөр баткагына салды. Ушул аркылуу адамдардын жүрөгүндөгү козголоң отун өчүрдү… Алар капиталист режимге, жердеги капиталисттерге жана алардын өлкө калкына каршы ондогон жылдар бою жасаган кылмыштарына каршы козголгон козголоңду жок кылышты». Билдирүүдө дагы ушулар баса белгиленди: «Хизб-ут-Тахрир баян кылган Исламга негизделген козголоң гана чыныгы козголоң. Мындай козголоң адамдарды гана өзгөртүү менен чектелбейт, бүткүл режимди дастур жана мыйзамдары, түзүлүшү, маани-мазмуну менен кошо түп-тамырынан кулатат». Билдирүүнүн соңунда Яман калкына кайрылуу жасалган: «Козголоңун акыбетинен түшкүндүккө түшпөө керек. Тескерисинче, бул бузгунчу абалды кантип өзгөртүү керектиги жөнүндө пикирлеп, ыйман жана хикмат маңызын түшүнүү жана улуу Ислам негизинде чыныгы өзгөрүү жасоо зарыл. Бул болсо, бакытка, Роббинин ыраазылыгына алып барган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө менен ишке ашат.
Роя гезити, №222, 2019-жыл, 20-февраль.