Тунис режими жана ага караштуу маалымат каражаттары Куръан медреселерине чабуул кылышы алардын ийгиликсиздигине далил

395
0

Тунис режими жана ага караштуу маалымат каражаттары Куръан медреселерине чабуул кылышы алардын ийгиликсиздигине далил

«Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын басма сөз бөлүмү Тунистеги бир катар маалымат каражаттарынын Куръани Карим жана Ислам медреселерине каршы чабуулдарын каралады. Жада калса, бул маалымат каражаттарынын айрымдары кресттүүлүк сөздөрүн ачык айтууга о.э. өлкөгө жана элге душмандыгын көрсөтүүгө чейин барышты. Бүгүн бул маселенин жаралышынын себеби ушул, расмий бийлик адамдарды өзүнө ээрчите албады. Парламент жана президенттик шайлоолордун алдында турган бул режим калк аны четке какканын, кулоого карап бара жатканын сезе баштады. О.э. расмий бийлик Тунис жана башка жерлерде Умматты эзип жаткан капиталисттик түзүмдүн баткагынан куткарууга бирден-бир альтернатива Ислам түзүмү экенин улам жакшы түшүнүп жетүүдө. Куръани Карим медреселерине каршы маселени көтөрүү үчүн дал ушул маалдын тандалгандыгынын себеби ушул, режим адамдардын жакырчылыкка жана ачкалыкка каршы козголоң көтөрүшүн тизгиндөө максатында жыл сайын ушуга окшогон сценарийлерди жана саясий оюндарды алып барат. Бул колонизаторлордун бардык калктарга каршы колдонуп келген ыкмаларынын бири болуп, максат, аларды түшкүндүккө салуу, чөгөлөтүү жана алардын малай акимдерине каршы ар кандай козголоң оор жоготууларга алып келишин көрсөтүү».

Билдирүүнүн соңу:

«Тунис режими Рикаб шаарындагы Куръан медреселеринин маселесин көтөрүп жатканы анын кезектеги террорчулук амалияты жана мусулман калкка каршы өзгөчө кылмышы болуп эсептелет, буга шек-күмөн жок. Алардын максаты, мусулман калктын желкесине минип алып, аны исламофобия негизинде зордоп башкаруу о.э. аларды саясаттан жана Ислам акыйдасына негизделген түзүмдөгү чечимден чалгытуу».

Роя гезити, №221, 2019жыл, 13февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here