Ташкентте алты мамлекеттин Башкы штаб башчылары жолугушат

331
0

Ташкентте алты мамлекеттин Башкы штаб башчылары жолугушат

21-февраль күнү АКШ борбордук командачылыгынын (CENTCOM) башчысы Жозеф Вотел Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн штаб башчылары менен жолугушат. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.

Ташкентте  болуп өтүүчү жолугушууга Өзбекстан, Казакстан, Пакистан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Афганистандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штаб башчылары, ал эми Кыргызстандан Башкы штаб башчысынын биринчи орун басары катышат.

Конференцияда Афганистандагы кырдаалды жөнгө салуу, терроризмге, наркотикалык заттар соодасына о.э. кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери талкууланат.

Аталган конференцияга Өзбекстандан коргоо министри, генерал-майор Баходир Курбонов катышат.

Комментарий: АКШ менен Россиянын Борбор Азиядагы кызыкчылыктары Өзбекстанда кагышты.

Россия Өзбекстанга АЭС куруп берүү, Россия базарларын өзбек товарларына ачып берүү о.э. Афганистанда “ИШИМ” коркунучун көбүртүп көрсөтүү аркылуу Өзбекстанды ЖККУ алкагында өзүнө тартмакчы болууда. Ал эми АКШ болсо чоң өлчөмдөгү кредиттерди жана инвестицияларды алып кирүү менен Өзбекстанды өзүнө тартмакчы болууда. АКШ инвестиция жана соода тармагында кызматташтыктын деңгээлин көтөрүү максатында дагы да көбүрөөк келишимдерди түзүүгө киришти.

 Америка – Өзбекстан соода палатасынын төрагасы Кэролин Лэмм өткөн жылдын октябрь айында болуп өткөн Өзбекстан-Америка бизнес-форумунда: “Кечээ сенатор Сафоевден орустар менен көбүрөөк келишимдер түзүлгөндүгүн билдик. Биз инвестиция жана соода деңгээлин көтөрүү максатында дагы да көбүрөөк келишимдерди ишке ашырышыбыз мүмкүн экендигин түшүндүк. Өзбекстан менен түзүлгөн меморандумдарыбыз, бул болгону башталышы гана, биз алдыга карай аракет кылып жатабыз”, – деген эле.

 Мындан тышкары, АКШ Өзбекстанды Борбор Азиядагы лидер мамлекетке айландырууга аракет кылып, ар түрдүү саясий аракеттерди ишке ашырууда. Акыркы кездерде Ташкентте АКШ башчылыгында өтүп жаткан конференциялар буга мисал боло алат.

 Ташкентте 19-20-февраль күндөрү болуп өткөн “Борбор Азияда өз ара кызматташуу: чакырыктар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” деген аталыштагы эл аралык конференцияга дүйнөнүн 40ка чукул өлкөсүнөн 100дөн ашуун өкүлдөр катышты. БУУнун Борбор Азия үчүн превентивдик дипломатия боюнча аймактык борбору уюштурган жогорудагы конференцияга АКШ, Британия, Германия, Россия жана Кытай сыяктуу жетекчи мамлекеттер, Европа Союзу, Түндүк кеңеш, Америка мамлекеттери уюму, Арктика консультациялык кеңеши, Дүйнөлүк банк, Дүйнөлүк соода уюму, Европа инвестициялык банкы жана башка эл аралык каржы институттары да катышты.

 Аталган конференция бүтөрү менен Өзбекстанга АКШ борбордук командачылыгынын жетекчиси Жозеф Вотел расмий сапар менен келди.

Ооба, Өзбекстан бул эки чоң мамлекеттин ортосунда талашта калды. Бирок, Өзбекстанга сунушталып жаткан бул эки тараптуу кызыкчылыктар, негизи Өзбекстандын коопсуздугу үчүн кооптуу абалдарга себеп болушу мүмкүн. Себеби, АКШ да, Россия да Өзбекстан менен экономикалык кызыкчылыктар үчүн гана алака орнотмокчу болуп жаткан жок. Тескерисинче, алардын ар биринин бул региондо өз кызыкчылыктары бар болуп, биринин кызыкчылыгы экинчисине туура келбейт. Бул болсо, эл аралык саясатка таасир өткөрүүчү эки мамлекеттин Өзбекстанда кагышуусу күтүлүп жатканын билдирет.

Абдурахман Одилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here