Кытай уйгур интеллигенциясын куугунтуктоодо

324
0

Кытай уйгур интеллигенциясын куугунтуктоодо

2019-жылы 29-январда «Alhurra» маалымдагандай, «Уйгурлардын укугун коргоо долбоорунун» баяндамасына ылайык, Чыгыш Түркстандагы уйгурларга каршы кампаниянын алкагында кеминде 338 интеллигенция өкүлдөрү зомбулук менен уурдап кетүүнүн курманы болуп, 2017-жылдын апрелинен тарта камакка алынган. Баяндамада көрсөтүлгөндөй, камакта беш адамдын өлгөндүгү тастыкталган, бирок камакта дагы канча уйгур интеллигенциясы набыт болгонун тактоо өтө кыйын.

Уюмдун баяндамасына ылайык, уйгур интеллигенциясына каршы кампаниянын туткундары: 96 студент, 61 университет мугалимдери, 57 маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, 32 акын жана жазуучу, 21 актёр, режиссёр жана ырчы, 21 мугалим, 16 дарыгер жана медицина окумуштуулары, 15 компьютер инженерлери, 5 сүрөтчү, 15 башка тармактын өкүлдөрү. Баяндамада айтылышынча, интеллигенцияны куугунтуктоо аракети уйгурлардын өздүгүн жок кылууга багытталган.

Роя гезити:

Бул жырткыч куугунтуктоо көптөгөн жылдардан бери уланып келе жатат. Мындай жырткычтык бардык мусулман уйгурларды – эркектерди, аялдарды, балдарды жана карыяларды – өз ичине камтыды. Кытай бийлиги уйгурлар арасында коркууну жана террорду жаюуда, алардын өздүгүн жок кылып, кийин коммунисттик калыпка салуу үчүн аларды жакырчылыкта жана азап-кыйынчылыкта жашоого мажбурлап жатат. Кытай өкмөтү аң-сезим жана агартуу дүйнөгө караштын өзгөрүшүнө кандай таасир кылышын, анын натыйжасында коом кантип өзгөрүшүн жакшы түшүнүп турат.

Ошондуктан, Кытай бийлиги өзүнүн кампаниясын интеллигенцияга каршы багыттап, катардагы уйгур мусулмандар жакыр жашап, наадан болушу, реалдуулукка макул болуп моюн сунушу үчүн аларды интеллигенциядан бөлүп жатат. Бирок, уйгурлар өз бекемдиги менен Кытай бийлигине каршы турушту, жырткыч куугунтуктоолорго карабастан Кытай бийлиги жеңилүүгө дуушар болууда. Бул көрүнүш ушул диндин кубатын жана муминдердин бекемдигин көрсөтүп турат, бул динди жүрөктөн сууруп алуу мүмкүн эмес, муминдер эч бир абалда өз динине кыянаттык кылышпайт. Жакында Кытай жана башка колонизаторлор Халифалыктын жеңиштүү армиялары аларга каршы жакындашып келе жаткан күндү көрүшөт.

Роя гезити, 2019-жыл, 6-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here