26 миллиардер дүйнөдөгү бүткүл адамдардын жарымынын байлыгына ээлик кылышат

331
0

26 миллиардер дүйнөдөгү бүткүл адамдардын жарымынын байлыгына ээлик кылышат

«Oxfam» уюму изилдөө өткөрдү, ага ылыйык, 2018-жылы дүйнөдөгү бай адамдардын колуна байлык чогулгандыктан 26 миллиардер 3,8 миллиард жакыр адамдын байлыгына тете байлыкка ээ болушту. Изилдөөнүн авторлору байлар көбүрөөк салык төлөшү үчүн салык системасын реформалоону сунушташты.

«Oxfam international» уюмунун аткаруучу директору Уинни Байанима мындай дейт: «Байлар менен жакырлардын ортосундагы айырмачылыктын артышы жакырчылыкка каршы күрөшкө таасир кылат, экономикага зыян жеткирет жана дүйнөдө таптык жаңжалдардын чыгышына себеп болот».

Роя гезити:

Дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан капиталисттик система – аны реформалоо аракеттеринен кийин – улам ырайымсыз болуп барууда. Капиталисттик система дүйнөлүк байлыкты көзөмөлдөгөн бир ууч топ менен жакырчылыктан, наадандыктан азап тарткан, бардык нерседен куру калган өтө көп сандагы топтун ортосунда чоң ажырым пайда кылууда. Бүгүн дүйнөнүн алдында эки тандоо турат: жандуу-жансыз бардык нерсени жок кылган башаламандык жана жарандык согуштар же адамзатты азап жана кыйроодон куткара турган жаңы дүйнөлүк түзүмдү кабыл алуу.

Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкта колдонула турган Исламдын экономикалык системасы адамзатты бул чумадан куткара ала турган жалгыз система. Бул система дүйнөнү адилетсиздикке кептеген капитализмден кийин дүйнөнү адилеттикке алып чыгат.

وَيَقُولُونَ مَتَى هُوَ قُلْ عَسَى أَن يَكُونَ قَرِيبًا

«Алар: «Ал качан болот?» деп сурашат. Айткын: «Балким жакында болоор»  [17:51]

Роя гезити, 2019-жыл, 6-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here