Хартум шаарында Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты Аллахтын үйү болгон бардык мечиттерде намазкөйлөргө кайрылуу жасады

281
0

Хартум шаарында Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты Аллахтын үйү болгон бардык мечиттерде намазкөйлөргө кайрылуу жасады

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты Хартум шаарында 2019-жылы 25-январь күнү жума намазынан кийин «Нур» жамиъ мечитинин чыгышында аянтта демонстрация уюштурду. Көптөгөн намазкөйлөр чогулган бул демонстрацияда Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү рошид Халифалыкты тикелөөнү талап кылышты. О.э. демонстранттар ушул мазмундагы плакаттарды көтөрүп чыгышты:

  • Рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу Аллахтын шариятын колдонууну талап кылалы.
  • Өзгөртүүдөн көздөлгөн максат – рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу Аллахтын шариятын колдонуу.
  • Чыныгы өзгөрүү (т.а. Халифалык) – Роббиңердин фарзы, Расулуңардын A башараты жана күч-кубатыңардын булагы.
  • Эй Аллахка ыйман келтиргендер, Ислам түзүмүн колдонуу менен чыныгы өзгөрүүгө жетекчилик кылгыла.

Демонстрацияда Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын расмий сүйлөөчүсү устаз Иброхим Усман (Абу Халил) сөз сүйлөдү. Ал киши өз сөзүндө «Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын Аллахтын үйү болгон бардык мечиттерде намазкөйлөргө жолдогон кайрылуусун» жеткирди. Устаз Ислам түзүмүн жана шариятын колдонууну ачык талап кылууга жана чыныгы өзгөрүү үчүн аракет кылып жаткандардын биринчи сабында турууга чакырды. О.э. бул өзгөрүү залим башкаруудан азат болуп, Ислам башкаруусуна – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык башкаруусуна – өтүү менен гана жүзөгө чыгышын баса белгиледи

Абу Халил Судандагы Аллахтын үйү болгон бардык мечиттердин намазкөйлөрү арасындагы күч-кубат ээлерине өзүнчө кайрылуу жолдоо менен иш-чараны аяктады:

«Эй, Судандагы Аллахтын үйү болгон бардык мечиттердин намазкөйлөрү арасындагы күч-кубат ээлери! Силердин милдетиңер кыйкырып, Исламды колдонууну талап кылууга же Исламды үйрөнүүгө жана үйрөтүүгө гана чектелген эмес. Силердин мойнуңардагы күнөөдөн арылтуучу милдет – Аллахтын динине жана шариятына нусрат берүү. Ушул нусрат Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө үчүн калыс инсандарга Исламды колдонуусуна жардам берүү менен жүзөгө чыгат. Силер, күч-кубат ээлери, ушундай кылсаңар, Аллах Таала:

وَالسَّابِقُونَ الأَوَّلُونَ مِنَ الْمُهَاجِرِينَ وَالأَنْصَارِ وَالَّذِينَ اتَّبَعُوهُمْ بِإِحْسَانٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمْ وَرَضُوا عَنْهُ وَأَعَدَّ لَهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي تَحْتَهَا الأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَداً ذَلِكَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ

«Мухажир жана ансарлардын алдыңкылары жана аларды жакшы амалдар менен ээрчигендер – Аллах аларга ыраазы болду жана алар да Ага ыраазы болушту. Дагы (Аллах) алар үчүн астынан дайралар агып турган, алар түбөлүк кала турган жаннаттарды даярдап койду. Мына ушул улуу бакыт!» [9:100]

деп мактаган ансарлардай болгула, ошондо алардын ажр-сообун аласыңар, тарых барактарында нур тамагалар менен жазылып каласыңар. Бул кандай гана үлкөн сыймык жана улуулук, бул кандай гана Аллахка жакын болуу.

لِمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلِ الْعَامِلُونَ

«Амал кылуучулар мына ушундай (түбөлүк бакыт) үчүн амал кылышсын!» [37:60]

Роя гезити, №219, 2019-жыл, 30-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here