Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев мамлекетке 107 миллион сом зыян келтиргендикте айыпталууда

422
0

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев мамлекетке 107 миллион сом зыян келтиргендикте айыпталууда

 Маалыматка ылайык, экс-министр Батыралиев 2014-2018-жылдар аралыгында аталган министрликти жетектеп туруп, өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналып жатканы айтылат.  Эсеп палатасы түзгөн актыга ылайык, ал 4 стадиядагы бөйрөк оорулары менен ооруган бейтаптарга гемодиализ ыкмасы менен медициналык жардам берүү боюнча кызмат көрсөтүүнү сатып алууда мамлекетке пайдасыз бир нече келишим түзгөн. Анын натыйжасында мамлекет 107 млн. сомдон ашык зыян тарткан.

Бул бийлик мамлекетти жана жарандарды кайсы жерге чейин алып барат! Президенттер, министрлер, күч түзүмдөрүнүн дээрлик бардыгы кылмышкер экени ачылууда. Алардын бардыгы элдин мүлкүн талап-тоноп, чоңдору миллиарддаган акчаларды чет өлкөлөргө чыгарып кетишти. Жогорудагы сыяктуу майдараактары кармалып жатат.

Бирок тунгуч президентибиз Аскар Акаевден бери саясий чөйрө да, башкаруу системасы да, башкаруу механизми да дээрлик өзгөрбөгөнүн эсепке алсак, кийинки президенттер, министрлер, депутаттар жана азыркы жетекчи топ да өзгөрбөстүгүнө көзүбүз жетет. Бакиевге ишендик эле, ал мурункусунан да жаманыраак чыгып, элдин мүлкүнө жана башка кызыкчылыктарына көбүрөөк зыян жеткирди. Аны кууп жиберип, убактылуу өкмөттүн демөөрчүлүгү менен Роза Отунбаеваны президент кылдык. Алар өз бийлигин сактап калуу үчүн 2010-жылдагы Ош окуясын уюштурушту. Жарандардын биримдигин бузуп, орду толгус моралдык жана материалдык зыянга учуратышты. Атамбаев тобунун кылмыштары мурунку президенттердикинен бир топ эле көп экендиги бүгүнкү күндө ачылып жатат.

Президенттердин бардыгы премьер-министрликке жана башка министрликтерге өздөрүнө ыңгайлуу саясатчылардан дайындап алышат. Себеби, президент же жетекчи топ кылмыштарын мына ошол министрлердин колу менен ишке ашырышат.

Жогорудагы экс-министр да мамлекетке 107 миллион, балким андан да көбүрөөк зыян жеткирип жатканда, президенттин командасы болгон жетекчи топ аны менен табакташ болуп, анын артын жаап турган. Ошого карабастан, мыйзам боюнча кол койгон адам жазага тартылат.

Бирок, канчалаган бейтаптар булар сатып алышы керек болгон жабдыктарга муктаж болуп жатат. Канчалары өлүп кетишти! Башкалары канын тазалатуу үчүн акча таба албай жатышат! Бул сыяктуу кылмыштар материалдык эле эмес, көбүрөөк моралдык зыян алып келет. Саламаттыкты сактоо министрлиги, чет өлкөлөрдөн эмдөө каражаттарын алып, балдарыбызды милдеттүү түрдө эмдөөдөн өткөрүүнү мыйзамдаштырмакчы болушууда. Балдарыбыздын саламаттыгын ушуларга ишенүүгө болобу?

Кыргызстандагы бул саясий система, аягы көрүнбөгөн тоннелдин ичинде бара  жаткан жолоочуга окшойт! Президенттер бири-бирин кууп ордун ээлеп жатышат, бирок, башкаруу механизми негизделген акыйда, ал тургай конституциясы да өзгөргөн жок. Болгону, жетекчи топ жана алар шайлап алган президенттер өзгөрүп жатат. Бирок, булар да мурункулар сыяктуу тез эле үммөттүн мүлкүнө кол салып жатышат.

 Учурда мамлекет дагы кайрадан проблемалар агымына кирип барууда. Проблемадан кутулуу максатында, дагы кайрадан премьер-министрди алмаштыруу аркылуу жарандарды чалгытып коймокчу болушууда. Жаңы министрлер жетекчи топ менен биргеликте элдин кызыкчылыгына кол салуу үчүн өздөрү ишенген адамдарды өкмөткө алып келишет. Ошентип, бардыгы кайра башынан баштала берет!

Абдураззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here