Судандагы окуялар

349
0

Судандагы окуялар

Устаз Мухаммад Жами (Абу Айман)

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын расмий сүйлөөчүсүнүн орун басары

Белгилүү болгондой, Судан 2018-жылы 19-декабрдан бери ири нааразылык демонстрацияларына туш болду. Бул демонстрацияларга түрткү болгон себептер: экономикалык кырдаалдын начарлашы, кымбатчылык, нан жана күйүүчү май продукцияларынын таңсыттыгы, банктар накталай акча менен камсыздоого жараксыздыгы, жумушсуздук, Эл аралык Валюта Фондунун шарттарынан улам жаралган экономикалык кризистер, финансылык саясаттын кыйроосу, акыбетте инфляциянын курчушу, коррупциянын жайылышы, өкмөттүн майнапсыз чыгашалары.

Нааразылык демонстрациялары маалында Умар Башир коопсуздук, разведка жана полиция жетекчилиги менен жыйын өткөрүп, демонстрацияларды аскерий жана коопсуздук жолу менен жоюуга даяр экенин маалымдады. Умар Башир Хартум чыгышындагы Берри районунда 2018-жылы 24-декабрда коопсуздук жана разведка жетекчилиги, 2018-жылы 30-декабрда полиция жетекчилиги менен жолугушуп: «Полициянын вазыйпасы жаранды өлтүрүү эмес, анын коопсуздугун сактоо», – деди. Бирок, ал эң чоң байлык эсептелген коопсуздукту сактоо максатында башкаларды тыйып коюу үчүн кээде жаза катары өлтүрүү зарыл болот деп баса белгиледи. 2018-жылы 23-декабрда т.а. козголоңдун бешинчи күнү Судан армиясынын командачылыгы Коргоо министрлигинде куралдуу күчтөрдүн командачылары менен кезектеги жыйын өткөрдү. Жыйындан кийин жарыяланган билдирүүнү бүткүл Судан гезиттери жана эл аралык сайттар таратты. Өлкөдө жүз берген окуялар туурасында кеңири маалымат берилген ушул билдирүүдө куралдуу күчтөр «өз командачылыгы астында бекем биригишкенин жана калктын жетишкендиктерин, тынчтыгын, коопсуздугун, канын, намысын жана мүлкүн коргошун» баса белгиледи.

Бийлик демонстранттарга карата зомбулук көрсөткөн мамиледе болду, натыйжада, бир нече адам өлдү жана жараат алышты. Өкмөттүн басма сөз катчысы Бишара Жума өлкөдө жүз берген окуяларда 19 инсан набыт болгонун, алардын экөөсү аскерий экенин, 406 инсан түрдүү жарааттарды алганын айтты. «Sudantribune.net» сайты 2019-жылы 1-январда активисттерге таянып жарыялаган кабарга ылайык, түпкүлүгүндө, набыт болгондор 40 адамга жеткен, 900 инсан жараат алган жана камакка алынган, камакка алынгандардын 26сынын иши сотко өткөрүлгөн.

Судан режими демонстрацияларды кайра уюштурууга чакырган үгүттөргө чек коюуга урунуп, диний башкармалык аркылуу көптөгөн имамдарды опузалаганга өттү. Мисалы, Хартум вилаятынын Жабали Авлия турак-жайындагы доктор шайх Мухаммад Абдуррахман диний башкармалыкка чакырылды. Башкармалыктын адамдары ага өлкөдө болуп жаткан кырдаал жөнүндө сүйлөбөөнү талап кылып басым өткөрүштү. Бирок, шайх макул болбостон, алар менен талкууга киришкен. Башкармалыктын адамдары аны көндүрө алышпаган соң, коопсуздук кызматкерлерине тапшырышкан. Өз кезегинде, коопсуздук кызматкерлеринин бир эмес, он чактысы шайхты «дубинкалар» менен таяктап, буттары менен тепкилешкен. Натыйжада, шайх өтө оор жарааттарды алды. Алар шайхты эки шартка: имамдык кылбоого жана ар аптада коопсуздук кызматына барууга моюн сундурууга урунушкан. Бирок, шайх бул шарттарга көнгөн жок. Коопсуздук кызматкерлери анын бекемдигинен кайтпашын көрүшкөн соң, аны коё берүүгө мажбур болушкан. Шайх Мухаммад жума намазында имамдык кылды. Шайх жогоруда болгон окуяны намазкөйлөргө айтып бергенде адамдар кыжырданып, мамлекеттик органдардын кылмышына ачууланышты. Алар шайхтын карманган позициясын колдоп, андан башка имамга ыраазы болбостугун билдиришти.

Өкмөт Казариф жана Ак Нил вилаяттарында, Түндүк вилаяттын Данкала, Барбар жана Атбара сыяктуу шаарларында өзгөчө кырдаал жарыялады. Учурда өлкөдөгү 18 вилаяттын тогузу (Дарфурдун беш вилаяты, Түштүк Кордофан, Көк Нил, Кассала жана Түндүк Кордофан) өзгөчө кырдаал абалында турат. Өкмөт интернетти, өзгөчө, Фейсбук, Твиттер, Ватсап… тармактарын чектеди, окуу жайларды жапты.

Ушундай кырсыктуу кырдаалда да Умар Башир жалганчылык жана мунафыктык саясатын улантууда. Ал өзүнүн тыңчы жана каракчыларын ишке салып, үлкөн кымбатчылыкка каршы көтөрүлгөн инсандарды каралоодо, калк кудум нааразы болбой тынч жана жыргал жашап жаткандай көрсөтүүдө. Умар Башир 2018-жылы 31-декабрда президенттик сарайда «эгемендүүлүктүн» 63 жылдыгында мындай деди: «Өлкөбүз оор экономикалык абалды башынан өткөрүүдө, бул коомубуздун үлкөн бөлүгүнө зыян жеткирди жана мунун ички-тышкы себептери бар». Ал минтип кошумчалады: «Биз бул кыйынчылыктарды түшүнүп, алардын көлөмүн билип, сабыр кылып жатышканы үчүн калкыбызга ыраазылык билдиребиз, мындай оор жана өтүп кетүүчү доорду шексиз жеңеребизге толук ишенебиз». Кийин ал «мамлекеттин бардык мекемелери бул кризистен чыгуу үчүн өндүрүшкө жана өнүгүүгө негизделген стратегияны жана жол картасын иштеп чыкканын» баса белгиледи. Уммат ойгонуп, өлкө ичиндеги жана тышындагы иштерди түшүнүп калганын, режимдин мунафыктыгына, чындыкты бурмалашына алданбастыгын, режим ага байлангандарды жана андан кызыкдар айрым кимселерди гана адаштыра алышын Башир билбей жаткандай көрүнөт.

Дүйнөнүн азык-түлүк себети делген Судан өлкөсүндө адамдардын бир үзүм нан үчүн кезек күтүп турушу өтө өкүнүчтүү. Бул өлкө калкынын жарымынан көбү жакыр жашап жатканы өтө өкүнүчтүү. Буга, албетте өзүнүн ийгиликсиз башкаруусу менен Суданды жакыр кылган мамлекеттин саясаты себеп. Анткени, бийлик колонизаторлордун саясатын аткарып, алардын Эл аралык Валюта Фонду жана Дүйнөлүк Банк сыяктуу уюмдарына мүмкүнчүлүк жаратып берүүдө. Буга, бажы төлөмдөрү жана салыктар жогорулатылган 2018-жылдын бюджети даана далил. Мунун акыбетинде товар жана продукциялардын баасы өтө жогорулап, жунайхтын баасы башка валюталарга карата Судан тарыхында мурун болуп көрбөгөн даражада кескин төмөндөп кеткен. Т.а. бир АКШ доллары 90 жунайхка жогорулады.

Суданга Аллах Таала үлкөн байлыктарды тартуу кылган. Өлкөдө түшүмдүү жерлер көп, алардын дээрлик баарынан дарыялар агып өтөт. Сууга, айбанат жана минералдык ресурстарга бай эсептелген бул өлкөдө нефть, алтын, темир, асфальт, кобальт, цинк, жада калса уран казып алынат. Мына ушундай бай өлкөнүн акимдери колонизатор кафирлерге малайлык кылышууда. Алар өлкөнү колонизаторлордун колуна тапшырып, байлыктарды уурдашты. Алар ушинтип Судан калкына жакырчылыктан, азап-кыйынчылыктан жана бактысыздыктан башка нерсени алып келишпеди. Демек, Судан проблемасы – бул бүтүндөй чириген режим. Бул режим кожоюндукту инсандын Жаратуучусуна эмес, инсанга берди. Дал ушул нерсе Судан туш болгон бардык кырсыктарга себеп болууда. Режим бардык илдеттин башы жана балээнин себеби болгон илманий демократиялык республикалык түзүмдү колдонууда. Андыктан, улуу Судан калкы ушул мубарек козголоңду улантышы, улантканда да аң-сезимдүү жана идирек улантышы керек. Калк колонизаторлордун жана алардын малайларынын алдоосуна, козголоңду уурдап алышына жол бербеши кажет. Анткени, колонизаторлор бир малай адамды башка малайга өзгөртүп коюшат. Бул козголоң Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу Роббул аламиндин шариятын тикелөө козголоңу болушу керек. Мына ошондо бул мамлекет эң берекелүү өлкөдөгү өз милдетин аткарат, пенделердин иштерин камкордук менен башкарат.

Роя гезити, №216, 2018-жыл, 9-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here