АКШ Венесуэла жана Кубага басымды күчөтүп, Россияны региондон чыгармакчы болууда

473
0

АКШ Венесуэла жана Кубага басымды күчөтүп, Россияны региондон чыгармакчы болууда

АКШ Латын Америкасында позициясын бекемдөө ниетинде, Венесуэла президенти Николас Мадурону бийликтен четтетүү аракеттери болсо, Россия жана Кытайдын таасирин алсыратууга байланыштуу. Бул тууралуу “The Wall Street Journal” жазды.

Басылманын өздүк булактары билдиргендей, Америка тараптын келечектеги аракеттери Кубага жана региондон Россия, Кытай жана Ирандын таасирин чыгарууга каратылат.

 “Ак үй Венесуэла менен Кубанын ортосундагы алаканы үзүүгө о.э. аталган эки мамлекетте режимдер кулашына олуттуу көңүл бурууда”, – деп жазды басылма.

 АКШдагы айрым чиновниктер Кубаны улуттук коопсуздук үчүн олуттуу коркунуч катары көрүп жатышат.

Венесуэладагы “Кылмыштуу форум” деген аталыштагы мамлекеттик эмес уюмдун башчысы Альфредо Ромеронун билдиришинче, мамлекеттеги нааразылык акциялары учурунда кармалган адамдардын саны 939га жетти. Ромеро бул тууралуу твиттердеги баракчасында кабарлаган.

Ромеронун айтымында, 21-январда башталган массалык нааразылык акцияларында кармалгандардын жалпы саны 939га жеткен. О.э. кармалгандардан 755 адам дагы деле камактан чыгарыла элек.

Ал мындан тышкары, Венесуэланын Яракуй штатындагы судьянын маалыматтарын келтирген. Судьянын билдиришинче, камактан чыгарылбай жаткандардын 94ү жашы жете элек өспүрүмдөр.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here