Качанкыга чейин өзүбүздү алдап жашайбыз?

316
0

بِسْـــمِ اللهِ الرَّحْمٰـــنِ الرَّحِيـــمِ

Качанкыга чейин өзүбүздү алдап жашайбыз?

Сизге пикирлешиңиз үчүн жообу анык болгон суроо берейин: Бир адам дубалдары кулайын деп калган эски үйдө жашаган кошунасына жакшы ниет менен кеңеш берсе, мисалы: “Үйүңүз жашоого ыңгайсыз, муну бузуп таштап, башка, жашоого ыңгайлуу болгонун курушуңуз керек. Ал үчүн сизде жетиштүү мүмкүнчүлүк бар, корооңуздагы дарактардын бир бөлүгүн сатып, андан түшкөн акча жана калган дарактар менен жаңы үй куруп алсаңыз болот”, – деп айткан кишини акаарат кылып, «сен менин душманымсын, террорчусун, үйүмдү бузуп тартып алмакчы болгон экстремистсин… сага окшогондорду камаш керек, айылдан көчүрүш керек»  деген адамга эмне дейт элеңиз?

Же болбосо, жырткычтыгы дүйнөгө белгилүү болгон адамдар карызга акча берип, ушул сөздөрдү таратууну талап кылса, ал сөздөр курулай доомат экенин билсе да: «Сен менин душманымсын, террористсин, үйүмдү бузуп ээлеп алмакчы болгон экстремистсин… сени камаш керек, коомдон кууп жибериш керек» – деген “үй ээсин” ким деп билесиз?

Азыркы конституциянын абалын да ошол эски үйгө салыштырууга болот. Өлкөбүздөгү бул конституцияга ким ишенет жана ага ким, же кимдер толук моюн сунуп жатышат? Туура, андагы кооздолгон жалгандарга ишенген кээ бир карапайым адамдар конституциядан дагы деле үмүтүн үзө элек. Бирок, юристтерчи т.а. конституцияны жакшы билген соттор жана прокуратура кызматкерлеричи? Конституциянын автору Ө. Текабаев да конституцияны буздубу, же ал дагы конституцияны бузгандардын курмандыгыбы? Депутаттар эмне үчүн конституция бузулушуна унчукпай карап отурушат? Премьер-министрлер, министрлерчи? Алар эмне үчүн конституцияга баш ийбей жатышат? Конституцияга кепил болгон президенттерчи, эмне үчүн кылган иштерин конституцияга тапшырбастан, чет өлкөгө качып кетишти? Же конституция башкалар көрүшү үчүн гана кабыл алынганбы?

Ушул конституция жашоо таризибизди, өлкөбүздү өнүктүрүүгө, мекендештерибиздин жыргал жашоосуна кепил болуп, алар чет өлкөдө кор болбостон өз мекенинде жумуш менен камсыздашына ишенесизби? Бул конституция бизди душмандардан, айрыкча Кытайдан коргоого негиз болот деп билесизби?

Биз бардыгына, айрыкча мекендештерибизге бул конституция-системаны өзгөртүү керек деп айтып келебиз. Биз калкка каршы, ал тургай, бирер адамга каршы иш кылган жокпуз. Бирок, бул дүйнөдөгү кордугубузга чекит коюу үчүн о.э. Акыретте азапка калбастык үчүн бул конституцияны өзгөртүү керек. Жаратуучунун конституциясы – Куранга кайтышыбыз керек деп ачык-айкын айтып келебиз. Ушул сөзүбүз үчүн «эл душманы», «террорист» же «экстремист» деген дооматтарга да, айрымдарыбыз камалышына, шейиттер болушуна да көңүл бурбастан, акыйкатта бекем туруп келебиз. Ал тургай көптөгөн жылдар камакта жаткандарыбыз да өз жолунан кайтышкан жок. Бул айткандарыбыз акыйкат жана эч качан өзгөрбөйт. Аллах Таала айтат:

فَلَنْ تَجِدَ لِسُنَّةِ اللَّهِ تَبْدِيلًا

“Анан сен эч качан Алланын сүннөтү-мыйзамы өзгөргөнүн көрбөйсүн…” [35:43]  

Аллах Таала айтат:

قُلْ مَنْ يَرْزُقُكُمْ مِنْ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ أَمَّنْ يَمْلِكُ السَّمْعَ وَالْأَبْصَارَ وَمَنْ يُخْرِجُ الْحَيَّ مِنْ الْمَيِّتِ وَيُخْرِجُ الْمَيِّتَ مِنْ الْحَيِّ وَمَنْ يُدَبِّرُ الْأَمْرَ فَسَيَقُولُونَ اللَّهُ فَقُلْ أَفَلَا تَتَّقُونَ()فَذَلِكُمْ اللَّهُ رَبُّكُمْ الْحَقُّ فَمَاذَا بَعْدَ الْحَقِّ إِلَّا الضَّلَالُ فَأَنَّا تُصْرَفُونَ

(Эй Мухаммад) айткын: «Ким силерге асмандан жана жерден ырыскы берет же болбосо ким кулак-көздөрүңөргө ээлик кылат?! Ким өлүктөн тирүүнү чыгарат жана тирүүдөн өлүктү чыгарат, ошондой эле бардык иштерди башкарып турат?!» Алар албетте: «Аллах», дешет. Демек, сен айткын: «Акыры ошол Заттан коркпойсуңарбы?!». Демек, мына ушул Аллах — чыныгы Роббиңер. Чындыктан кийин болсо жалаң гана жолдон адашуу бар. Анан кандай тарапка бурулуп кетүүдөсүңөр?!   [10:31,32]

Гариб.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here