Лавров: Иран, Түркия жана Россия жетекчилеринин Сирия боюнча саммити февраль айында болот

363
0

Лавров: Иран, Түркия жана Россия жетекчилеринин Сирия боюнча саммити февраль айында болот

Россиянын тышкы иштер министри Сирия маселеси боюнча Иран, Россия жана Түркия президенттеринин төртүнчү жыйыны февраль айынын орто ченинде болорун билдирди.

 Кабарда келишинче, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Астанада Казакстандын тышкы иштер министри менен жолугушкандан кийин, Россия Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү тез арада жарыя кылынышын билдирди. Бул жыйын Россияда өткөрүлүшү пландаштырылган.

Сергей Лавровдун кошумча кылышынча, “Астана 12” Сирия маселеси боюнча эл аралык сүйлөшүүнүн 12-раунду  февраль айынын орто ченинде Сирия өкмөтүнүн өкүлдөрү, оппозиция лидерлери о.э. Россия, Түркия жана Ирандын өкүлдөрүнүн катышуусунда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөрүлөт. О.э. аталган жолугушууга БУУдан жана Иорданиядан байкоочулар катышат.  Казакстандын борбору Астана шаарында бүгүнкү күнгө чейин Сирия кризисин жөнгө салуу боюнча 11 жолу жыйын өткөрүлдү.   

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here