“Париж конференциясынан” 100 жыл өтүптүр

547
0

“Париж конференциясынан” 100 жыл өтүптүр

Тарых билип коюу үчүн эмес, сабак алуу үчүн үйрөнүлөт

Мындан туура жүз жыл илгери, 1919-жылы 18-январда “Париж конференциясы” болуп өткөн. Анда 1-дүйнөлүк согушта жеңип чыккан державалар жеңилген мамлекеттер үстүнөн өкүм чыгаруу үчүн чогулушкан. Белгилүү болгондой, ири державалар дүйнөлүк согуштардын акыйкатын өз кызыкчылыктарына ылайык бурмалап келишет. Ошондуктан, тарыхтын кан менен жазылган бул кара барактарындагы айрым акыйкаттарды кыскача баяндоо менен, Кыргызстан калкын алдыдагы коркунучтардан эскертебиз жана алардан кутулууга чакырабыз.

Тарых акыйкаттары:

1914-жылы башталган дүйнөлүк согуш ошол кездеги империалисттик державалардын колониялар талашуусунан келип чыккан. Колониалдык үлүштөн куру калган Германия согуштун демилгечиси болгон.

Согушуучу державалар каршылаш 2 блокко бөлүнүшкөн. Антанта блогуна Британия, Франция, Россия кирген. Маалым болгондой, эң көп колонияларга ээ державалар ушулар болчу. Алардын ичинен Британия 1- дүйнөлүк мамлекет эле. Антантага каршы согушкан тарап Үчтүк союзуна биригишкен. Алар: Германия, Австро-Венгрия, Италия. Германия Британиядан биринчиликти талашкан. 1915-жылы Италия Антанта тарапка өтүп кетти. Анын ордуна Усманий Халифалык жана Болгария кошулуп, Төрттүк союзу куралды. Эскерте кетсек, Усманий Халифалык Исламий мамлекет болгон. Европалыктар Усманий малекет өлкөлөрүн басып алууга өч болуп турушкан. Айрыкча, Британия, Франция жана Россия сук артып турган.

Согуш Антанта жеңиши менен аяктады. Германия менен Версаль келишими, Австрия менен Сен-Жермен келишими, Болгария менен Нёйи келишими, Венгрия менен Трианон келишими, Усманий мамлекет менен Севр келишими түзүлдү. Кийинчерээк Севр келишими Лозанна келишимдерине алмаштырылып, акыбетте Халифалык жоюлду, анын урандысы үстүнө Түркия республикасы курулду.

Орто Азия тууралуу айтсак, аны 19-кылымдын акырларында эле Россия падышачылыгы басып алган болчу. Советтик бийлик тикеленгенден кийин, анын энчисине айланды.

1-дүйнөлүк согуш Орто Азияга оор кесепеттерди алып келди. Россия падышачылыгы фронт үчүн Орто Азия калкынын мал-мүлкүн тоноп алган. Эркектерди эң оор тыл жумуштарына айдап, көпчүлүк ал жактан кайткан эмес. Мындай абал жергиликтүү мусулман калктын колонизаторго каршы көтөрүлүүсүн шарттаган. Мусулмандар муну гайридиндерге каршы газават деп аташкан. Колонизаторлордун көтөрүлүштү аёосуз бастыруусунан улам, 500 000дей эл кырылып кеткен. Орус колонизаторлорунун бул кыргыны Кыргызстанда “үркүн” деген аталыш менен кеңири белгилүү. Жазалоочу отряддар огунан, үркүндүн жол азабынан жана Кытай мамлекетинин кордугунан улам, Түндүк Кыргызстандын 12% калкы ажал тапкан. Ал эми ачарчылык айынан, Туркестан крайы боюнча миллиондон ашык адам кырылып калган.

Бул дүйнөлүк согуштан кийин, “тынчтыкты сактоо” атына жамынып, Улуттар лигасы түзүлдү. Чындыгында, мындан көздөлгөн максат, жеңүүчү державалардын өкүмдарлыгын камсыздоо эле. Бирок, анын чүмбөтү бат эле сыйрылып түштү. Империалисттик державалардын ач көздүктөрү токтогон жок. Акыбетте 2-дүйнөлүк согуш келип чыкты. Андан соң, дагы тынчтык атына жамынып, Бириккен Улуттар Уюму түзүлдү. Муну менен жеңүүчү державалардын өкүмдарлыгы камсыздалды. Алар муну менен да тынчып калышпады. АКШ жана СССР башка державалардын колонияларын тартып алуу үчүн жасалма “эгемендүүлүк үчүн күрөш” согуштарын чыгарышты. Жергиликтүү калктар бул согуштарда эчендеген курмандыктар беришти, бирок, чыныгы эгемендүүлүккө жете алышкан жок. Кийин “Суук согуш” жүрдү жана ал Советтер Союзунун кулашы менен аяктады. Суук согуштан кийин, дүйнөлүк 1-мамлекет катары Америка атаандашсыз калды.  Ал өзүнө Исламды атаандаш кылып тандап алды. Ошондуктан, болочок туура жолдогу Халифалыктын алдын алуу жана атаандашуучу державалардын колонияларын тартып алуу үчүн “диний экстремизм жана терроризмге каршы күрөш” идеясын ойлоп тапты жана аны ишке салды. Афганистан жана Иракты басып алды. Сирияда болочок Халифалыктын алдын алуу үчүн, мусулмандарга каршы бардык душмандарды алып кирди.

Кафирлердин кызыкчылыктары күрөштөрүнөн Кыргызстан калкы да үлүшсүз калбаган. Мисалы, 1990-жылкы Ош окуясы, 2005-жылкы төңкөрүш, кийинки 2010-жылкы төңкөрүш жана Ош окуясы – булардын баары колонизаторлук көрүнүштөрүнөн башка нерсе эмес.

Учурда Орто Азия, анын ичинде Кыргызстан да, колонизаторлор күрөшүнүн ириминде турат. Эски колонизатор Россия, жаңылары АКШ жана Кытайлар түрдүү колонизаторлук ыкмаларын ишке салышып, өз ара атсалышып жатышат.

Эскертебиз жана чакырабыз:

Ушулардан улам, Кыргызстан калкын колонизаторлордун таасир талашуудагы курмандыктары болуп калуудан эскертебиз. Эй Кыргызстан калкы, алардын ыфлас пландарынын курмандыктары болуп калбагыла.

Эй Кыргызстан мусулмандары, колонизаторлуктан биротоло кутулуу, алардын кордугунан бүтүндөй азат болуу – силердин Исламыңарга кайтышыңар менен болот. Тарыхка дагы бир назар салгыла, Кытай, Россия, Америкалар бир кездерде Халифалыкка жизя төлөшкөндүктөрүн эстегиле. Демек, силердин азиздигиңер туура жолдогу Халифалыкты тикелөө менен гана болот. Ал үчүн силер нукура Исламыңарды терең үйрөнүп, ага жабышууңар зарыл. Ошондуктан, силерди Ислам фикратын тунук, тарыйкатын анык үйрөнүүгө чакырабыз. Муну менен силерди эки дүйнө азиздигине, эки дүйнө бактысына чакырып жатабыз.

﴿إِنَّمَا كَانَ قَوْلَ الْمُؤْمِنِينَ إِذَا دُعُوا إِلَى اللَّهِ وَرَسُولِهِ لِيَحْكُمَ بَيْنَهُمْ أَنْ يَقُولُوا سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا وَأُوْلَئِكَ هُمْ الْمُفْلِحُونَ﴾

«Аллах жана Расулуна ортолорунда өкүм чыгаруу үчүн чакырылган чакта, момундардын сөзү уктук жана моюн сундук, (деш), дал ошолор ийгиликке жетүүчүлөр»                                     [24:51]

﴿يا أَيُّهَا ٱلَّذِينَ آمَنُواْ ٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَكُونُواْ مَعَ ٱلصَّٰادِقِينَ﴾

«Эй момундар, Аллахтан таква кылгыла жана садык заттар менен бирге болгула»           

                                                                                                                                                [9:119]

Хизб-ут-Тахрир – Кыргызстан маалымат бөлүмү

18. 01. 2019.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here