Сисий менен яхудий вужуду ортосундагы мамиле абдан бекем, Сисий Синайда алар менен биргеликте мусулмандарга каршы күрөшүүдө

287
0

Сисий менен яхудий вужуду ортосундагы мамиле абдан бекем, Сисий Синайда алар менен биргеликте мусулмандарга каршы күрөшүүдө

«Ал-Жазира» сайты хижрий 1440-жылы 28-робиус-саний, миладий 2019-жылы 4-январь күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Мисир президенти Абдулфаттах Сисий Американын «Си-Би-Эс» каналына берген интервьюсунда анын мамлекети менен баскынчы яхудийлер ортосундагы мамиле бекем экенин баса белгиледи. Мындан мурун Мисирдин Америкадагы элчиси бул интервьюну эфирге чыгарбоону талап кылган.

«60 мүнөт» деп аталган көрсөтүүдө президент Сисий маектеши Скотт Бэйлиге Мисир армиясы Синайдын түндүгүндө яхудийлер менен биргеликте «террористтерге» каршы күрөш алып барууда деди.

О.э. Сисий Мисир менен яхудий вужуду ортосундагы мамиле башталгандан бери абдан бекем экенин, түрдүү тармактарда кызматташып жатканын баса белгиледи.

Ал Мисирде саясий туткундардын бар экенин четке кагып: «Хьюман Райтс Вотч Мисирде алтымыш миң саясий туткун бар деген сөздү кайдан алды, бул жалган», – деди.

«Си-Би-Эс» маалымдагандай, канал Мисир президентинен интервью алгандан кийин Мисирдин АКШдагы элчиси канал менен байланышып, маекти телевидениеге чыгарбоону талап кылган.

Бирок, бул АКШ каналынын жетекчилиги талапты четке кагып, Мисир президентинин маеги жекшемби күнү телевидение аркылуу шексиз эфирге чыгарыларын айткан.

Каналдын сайтында кабарланышынча, «60 мүнөт» көрсөтүүсү Мисир президенти менен көп ирет маек өткөргөн, оппозициялык саясатчылардын камалышы жөнүндөгү маек ошолордун бири болгон.

Сисий «Ихванул Муслимин» жана демонстранттардан турган миңден ашуун мисирликтин аянтта өлтүрүлгөнүнө түшүндүрмө берип: «Миңдеген куралдангандар бар эле, алар кырк күндөн ашуун демонстрацияны токтотушпады, биз аларды ар кандай тынч жолдор аркылуу басууга да урунуп көргөнбүз», – деди.

Бирок, «Си-Би-Эс» каналы маалымдашынча, Мисир өкмөтү ошол миңдеген демонстранттар толгон аянттан болгону он курал конфискация кылынганын айткан.

Роя гезити, №217, 2018-жыл, 16-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here