Режим өзүнүн калкына душман, яхудийлерге болсо дос экенин ырастоодо

357
0

Режим өзүнүн калкына душман, яхудийлерге болсо дос экенин ырастоодо

Хижрий 1440-жылы 3-жумадул-аввал, миладий 2019-жылы 9-январь күнү «Маан» маалымат агенттиги жарыялаган кабарда мындай делет:

«Бүгүн таңда баскынчы күчтөр Рамаллах шаарындагы бир нече турак-жайларга бастырып кирип, Масиюн жана Айн Мунжиддеги үйлөрдө тинтүү өткөрүштү… Ал жердеги күзөтүү камераларын алып коюшту.

О.э. баскынчы күчтөр «Багдад» супермаркеты менен «Рофидин» таксопаркына чабуул кылышты… Шахид Салих Баргусий айдоочу болуп иштеген ушул таксопаркта бир нече айдоочуларды суракка алышты, кийин ал жерде да күзөтүү камераларын алып коюшту.

Ушул аймактагы жигиттер менен баскынчы күчтөр ортосунда кагылышуу жүз берди, баскынчы күчтөр аларга каршы көздөн жаш агызган газ жана үн чыгарган гранаталарды атышты.

Андан кийин баскынчы күчтөр Амъарийде жашаган Махир Харунду көчөдө бара жатканда колго алышты».

Роя гезити:

Яхудий вужудунун бул каракчылыгы тушунда Фалестинадагы коркок жана саткын коопсуздук кызматы адаттагыдай жашынып алды. Негизи, бул баскынчылык Фалестина режиминин «борборунда», анын жетекчиси Махмуд Аббастын сарайы жанында жүз берди. Бул болсо, ушуга далалат кылат, өзүн бийлик катары көрсөтүп келген режимдин сөздөрү жалган, анын бийлиги таптакыр жок, болсо да, аны Фалестина калкына каршы пайдаланып, Газа калкын блокадага алып, кысым өткөрүү сыяктуу рейддерди тынымсыз өткөрүп келет!

Ал эми, Батыш жээкте режим адамдардын турмушун күндөн-күнгө оорчундатып, ар түркүн адилетсиз мыйзамдарды чыгарууда. Жакында чыккан социалдык кепилдик деген мыйзам да адамдарды талап-тоноо, жакыр кылуу жана кыйынчылыктарын дагы да арттырууга багытталган. Режим бул зулум мыйзамдарга нааразылык билдирген куралсыз адамдарды бастырып, өзүн кудум аларга жана үй-бүлөлөрүнө камкордук кылып жаткандай көрсөтөт… Албетте, режимдин мындай иш-аракети ал Фалестина калкына душман, яхудийлерге болсо дос экенин даана ырастап турат. Аларга Аллахтын наалаты болсун, кандай гана адашууда!

Роя гезити, №217, 2018-жыл, 16-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here