Кыргызстанда калк дагы кайрадан козголо баштады

423
0

Кыргызстанда калк дагы кайрадан козголо баштады

Кытайга каршы калыптанган коомдук пикир, саясий күрөш куралы болуп барууда

17-январь күнү Кытай баскынчылыгына каршы митинг болуп өттү. Митингдин катышуучулары бир нече шарттар менен өкмөткө кайрылууга аракет кылышты. Бирок, бийлик аларды күч менен аянттан кууп жиберди.

Митингге чыккандар бийликке “ Кыргызстандагы Кытай компанияларын мыйзамсыз мигранттардан тазалоо үчүн атайын комиссия түзүү. Этникалык кыргыздардан тышкары, Кытай мигранттарына жарандык берүүнү токтотуу. Кытайга карызга батырып жаткан бардык келишимдерди кайрадан карап чыгуу. Кытай менен болгон бардык келишимдерде айыптуу болгон чиновниктердин мүлкүн конфискация кылып, ошонун эсебинен Кытайдын карызын төлөө…” деген сыяктуу шарттарды коюшту.

Бирок, кыргыз бийлиги бул талаптардын бирин да  аткара албайт. Демек, талаптар аларды аткаруу үчүн эмес, тескерисинче Кыргызстандагы жетекчи топ кимдер экендигин ачыктоо, жетекчи топтун элге кыянатын жана алардын чыныгы жүзү кандай экенин ашкере кылууга каратылган. Учурда кыргыз бийлиги туңгуюкка кептелип барууда. Кытай менен түзүлгөн жана түзүлмөкчү болуп жаткан бардык инвестициялык жана кредиттик келишимдер токтоп калды. Өкмөт экономикалык жана каржылык кризис абалында.

Өкмөт айып пулдарды көтөрүү менен элди алаксытмакчы болду. Бирок, алардын бул демилгеси өзүнө каршы багытталып, проблеманы ого бетер күчөтүүдө. Элдин кубатын кандайдыр бир күчтөр багыттап жатат. Бийлик жана жетекчи топ элди багыттап жаткан күчтөр боюнча бир пикирге келе албай, бири экс-президент Атамбаевдин тарапкерлери десе, башкалары диний радикалдар деп шектенүүдө. Айрым эксперттер өкмөттүн өзү уюштуруп жатат деген пикирде. Бирок, митингчилерде диний мухиттин бир да шарты көрүнбөдү. Атамбаевчилер десек, алар коюп жаткан шарттар Атамбаевдин  командасына каршы багытталган. Башкача айтканда, учурдагы президент менен экс-президентти колдоп келген жетекчи топ дээрлик өзгөрбөдү. Демек, экөөнүн тең кылмыштарына сокку берилүүдө.

Тыянак кылып айтсак, элди тартипсиз аракетке келтирип жаткан күч, элдин Кытайга каршы туйгусунан пайдаланып, кыргыз-кытай мамилесин туңгуюкка кептөө максатында саясий күрөш жүргүзүүдө. Бул аркылуу кыргыз бийлиги Кытайга көзкаранды болуу стратегиясынан баш тартууга мажбур болушу мүмкүн. Бул абал кыргыз бийлигин эки айры жолдо калтырышы күтүлүүдө.
1. Күч колдонуу менен болсо да өз элине каршы туруп, Кытай менен мамилени уланта берүү. Эгерде бул аракеттердин артында АКШ баш болгон Батыш дүйнөсү турган болсо, анда аракеттер бийликти кулатууга багытталат. Негизи, Россия да Кытай баскынчылыгына ыраазы эмес. Ошондуктан, ал да Батыштын бул долбооруна көп деле каршылык көрсөтпөйт. Себеби, Батыш экономикалык колония кылып жатып, Кытай сыяктуу ачык баскынчылык кылбайт. Мисалы, Казакстандын карызы 100 миллиард доллардан ашып кетти. Ошого карабастан, аны басып алуу жөнүндө сөз болгон жок. Грузия жана Украинадагы абал да ушундай.

2. Батыш менен мамилени бекемдеп, Кытайдан алыстайт. Ал үчүн бийликтин өзү да элдин нааразылыгынан пайдаланышы керек болот. Башкача айтканда, эл – өкмөттү Кытай менен мамилени үзүүгө мажбурлай турган деңгээлде – катуу каршылык көрсөтүшү керек болот. Анда Кыргызстан Батышка толук экономикалык колония болуп, өтө чоң өлчөмдөгү карыздарды алуу менен экономикасын, ал тургай саясатын да ага ылайыкташтыруусу керек болот.

Кандай болгон күндө да, элди бийликке каршы багыттап жаткан үчүнчү күч улуттун Кытай баскынчылыгына каршы туйгусунан пайдаланат. Алар бизди азырынча анык стратегиябыз болбогон башаламандыкка багыттап жатышат. Бирок, бийлик алсырап калган учурда үчүнчү күч чыныгы максат, талап жана шарттары менен майданга чыгат. Аныгыраагы, биздин саясатчылар же партиялар алардын атынан майданга чыгып, кырдаалды көзөмөлгө алмакчы болушат. Себеби, күтүлүп жаткан парламенттик шайлоонун алдында саясий оюндар башталды. Өкмөт, парламент жана башка саясий партиялар элдин талабына каршы чыгууга батынышпайт. Тескерисинче, алар эл менен биригип кетиши мүмкүн. Булардын бардыгы, өкмөткө каршы исламий эмес, светтик күчтөр ортосунда саясий күрөш уланып жаткандыгына ишара кылат!

Абдураззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here