بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم
Суроо-жооб
Сирия майданындагы акыркы кырдаал
Эрдоган Ефрат чыгышына чабуул кылууну жарыялоосу жана Трамптын Сириядан Америка куралдуу күчтөрүн алып чыгарын жарыялоосу!
Суроо:
Ефраттын чыгышына чабуул кылуу боюнча Эрдогандын билдирүүлөрү байма-бай чыкты. Кийин чабуулду артка сүрдү. Кийин кайрадан чабуул кылуу тууралуу билдирүүлөрдү берди… кийин күрддөр Манбижди коргоону Сирия режиминен талаб кылганда аскерий амалияттарды координациялоо үчүн Орусияга кайрылды. Ал арада Трамп Ефраттын чыгышынан Америка куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүү тууралуу билдирүү берди… кийин боштукту толтуруу тууралуу сөздөр жүрдү…. суроо: Эрдоган Ефраттын чыгышына чабуул кылуу иш аракетинде экиленип жатканынын артында эмне турат? Эрдоган бул билдирүүнү Америка менен бир ымалага келишүү аркылуу кылып жатабы же ымалага келишпестен эле Эрдоган менен Трамптын ортосундагы саясий карама-каршылыктарбы? Кийин Американын Сириядан аскерин чыгарып кетишке эмне түрткү болду? Узун суроо бергениме үзүр сурайм. Аллах ыраазы болсун.
Жооб:
Эрдогандын Ефраттын чыгышына чабуул кылуу планын жарыялагандан баштап жана Трамптын Америка аскерлерин Сириядан чыгарып кетүү билдирүүсүн бергенден ушул күнгө чейинки кырдаал төмөнкүчө:
Биринчи: Эрдогандын саясаты Америка саясатына шайкеш алып барылат. Андан кылча да тайбайт. Балким кадамга кадам Америка саясаты негизинде алып барылат. Ал төмөндөгүдөй:
- 2018.12.07. Американын Сириядагы элчиси Жеймс Жефри Анкара келип түрк жооптуулары менен жоолугушту. Американын этаптуу планын, айрыкча Манбиж жана Идлиб жаатындагы Америка планын чийип берди. Жефри Манбиж айланасында тыгыз кызматташуу Сирияда тынчтыкты калыбына келтирүүдө көрүнүктүү мисал болуп калгандыгын баса белгиледи. Ал: «Америка менен Түркия тыгыз кызматташтык алып бармайын бул жерде акыркы чечимге жетүү мүмкүн эмес», – деди. Ал күрд куралдуу жамааттары менен кызматташуу тууралуу мындай деди: «ИШИМге каршы Сирия демократиялык куралдуу күчтөрү менен кызматташ болуубуз тактикалык убактылуу экендигин дайым баса белгилеп айтып келебиз». (RT Online, 2018.12.08.). Бул иш сапардан төрт күндөн кийин Эрдоган Ефраттын чыгышына болгон жаңы планын жарыялады. Теле аркылуу берилген маалыматта Түрк мамбашы Эрдоган «Элди коргоо биримдиги» көзөмөлгө алган аймакка шилтеме кылып мындай деди: «Биз аз күндөрдө Ефраттын чыгышынан террорист-сепаратисттерди кууп чыгара турган аскерий иш чараны баштайбыз». (Би-би-си, 2018.12.12.).
- Түркия Ефраттын чыгышында жаңы аскерий иш чарасын баштоо тууралу берген билдирүүсүнөн бир аздан кийин эле бул билдирүүгө каршы мүнөздөгү Америка билдирүүсү чыкты. Пентагон басма сөз катчысы Шон Робертсон мындай деди: «Ефраттын түндүк-чыгышында бир тараптуу аскерий иш-чара алып баруу, айрыкча ал жерлерде же ага жакын аймактарды Америка аскерлери бар болуп калышы мүмкүндүгү себебтүү бул иш-чара өтө кооп туудурат». Дагы кошумчалап айтты: «Мындай түрдөгү кандай гана иш аракет болбосун, ал биз үчүн кабыл алынгыс». (Халиж жадид сайты, 2018.12.13.). АКШ сенатындагы көрүнүктүү республикачылар жана Пентагон тараптан Түркиянын позициясына каршы билдирүү чыкканда Түркия Вашингтондон чыккан карама-каршы эки билдирүү ортосунда эки анжы болуп калды. Ошондуктан, Түркия Вашингтондон акыркы чечим чыккычакты планын токтотту! Түркия мамбашы Эрдоган 2018.12.17. борбордук провинция Коньяда сүйлөгөн сөзүндө Түркия Сирияда кайсы убакта болбосун аскерий иш-чараны жүзөгө чыгарууга даярдыгын билдирип мындай деди: «Биз Ефраттын чыгышында аскерий амалияттарды баштоону расмий түрдө жарыялаганбыз», дагы кошумчалап айтты: «Бул тууралуу Трамп мырза менен да талкууладык, ал муну макул көрдү» (Рейтер, 2018.12.17.).
- 2018.12.19. Америка мамбашы күтүлбөгөн түрдө Америка куралдуу күчтөрү Сириядан чыгарыла тургандыгы тууралуу билдирүү берди. Ал аны ИШИМди жок кылгандыгынын ийгилиги негизинде көрсөттү. Трамп мындай деди: «ИШИМге каршы тарыхий жеңишке жетишкенибизден кийин биздин улуу жигиттерибизди өлкөсүнө кайтаруу убакыты келди». (Россия сегодня, 2018.12.30.). бул чыгарып кетүү менен Америка Ефраттын чыгышын Түркияга бошотуп бергендей болду. Эрдогандын планына кайрадан жан киргизилди. Ушул эле булактын маалыматтына ылайык «Түркия өлкөнүн түштүгүндөгү Сирия менен чектеш аймактардагы куралдуу күчтөрүн күчтөө максатында кошумча күчтөрдү жиберди».
- Трамп Сириядан Америка куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүү тууралуу берген билдирүүсүнөн кийин Америка борбору Вашингтондо Америка саясатчылары арасында катуу каршылык бороону башталды. Республикачылар арасындагы көрүнүктүү саясатчылар каршы болушту. Ал тургай, күтүлбөгөн түрдө Америка коргоо министиринин кызматтан кетүүсүнө алып келди. «Америка коргоо министири Жеймс Метис кызматтан кетүү тууралуу арызын берди, ал арызында Трамп менен саясат жаатында күчтүү келишпестиктер болгондугун кыйытты». (Би-би-си, 2018.12.21.). Вашингтондогу орун алган бул жарака менен бирге эле Түркия мамбашы Эрдоган Стамбулда мындай деди: «Өткөн жумада Ефраттын чыгышына аскерий иш-чараны баштайлы деп токтом кылганбыз. Телефон аркылуу мамбашы Трамп менен да байланыштык. Дипломаттар жана коопсуздук кызматкерлери ортосунда да байланышуулар болду. АКШ бул жаатта өз баянатын чыгарды. Ошонун негизинде бир аз күтүүгө туура келди». Дагы кошумчалап айтты: «Ефраттын чыгышында Америка куралдуу күчтөрү чыгып кетишинин натыйжасы көрүнгүчөктү «Күрд куралдуу жамааттарына» каршы аскерий операцияны токтото турууну ылайык көрдүк». (Рейтер, 2018.12.22.).
Ушундан көрүнүп тургандай, Түркиянын Ефраттын чыгышындагы аскерий операциясы эки күндөн кийин кайрадан жаңы күтө туруу этабына кирди. Анткени, ал Вашингтондон келген бороон менен кошо айланат. Аны ишке киргизет же токтотуп коёт. Чабуул кылуу билдирүүсү жана анын токтотулуп туруусу Жефринин иш сапарына жана ал сапардын артындагы иштерге чектелген. Башкача айтканда, Түркия анын ролун бирде көтөрүп, бирде түшүрүп турган Вашингтонсуз Сирияда өз алдынча саясат алып барбайт. Түркия бийлиги көп учурда Түркия кызыкчылыгына караганда Америка кызыкчылыгын көбүрөөк коргойт. «Ефрат калканы», «Зайтун бутагы» аскерий амалияттары менен кандай гана Америка кызыкчылыгына кызмат кылып берди. Ошондой эле ал Америка кызыл сызыгын өзүнө бекем лаазым тутат. «Ефрат калканы» аскерий операциясында Манбижге жакындай түшкөндө андан өзүн алыс кармагандагы иши муну ачык-айкын көргөзүп турат!
Экинчи: Трамптын Америка аскерлерин Сириядан чыгарып кетүү токтомуна түрткү болгон жагдайлар. Аны төмөндөгү нерселерден көрүү мүмкүн:
- Американын Ооганстан жана Ирактагы аскерий кийлигишүүсү оңунан чыкпай калгандан кийин. Мурунку Америка мамбашы Обаманы бул жаатта Америка күчтөрү аз өлчөмдө же такыр эле катышпай турган жаңы ыкмаларды иштеп чыгууга түртү. Согуштарда союздаштардын күчтөрүн колдонууга басым жасай баштады. Сирияда согуш башталгандан бери Америка аймакта Асадга каршы Сирия козголоңунун үнүн басууга Түркия, Иран, Булуң кызматташтык өлкөлөрү, ошондой эле ЕБти пайдаланды. Булар да жетишсиз боло баштаганда АКШ Женева келишими аркылуу дипломаттиялык жол менен чечилиши үчүн Орусиядан ачык эле жардам сурады. Ошону менен биргеликте эле Америка Сирия майданында аскерий жагын сактап турду.
Трапм бийликке келгенден кийин бул маселеге кунт койду. 2018.12.19. аскерлерди чыгарып кетүүгө токтом кылынды. Трамп өзүнүн токтомун коргой баштады. 2018.12.20. твиттерде мындай деп жазды: «2016-жылдагы шайлоо компаниясы учурунда Сириядан чыгуу убадасы берилген эле, ошонун өтөөсүнө чыгып жатабыз. АКШ Сирияда башка мамлекеттер Орусия, Иран менен эч кандай акысыз иш алып барып жатат. Башкалар согуша турган убакыт келди. Орусия, Иран жана башкалар – ИШИМге каршы жергиликтүү душмандар. Биз алардын амалияттарын алып барабыз. Үйгө кайтып калыбына келтирүү убагы келди». Трамптын твиттердеги макаласы расмий гезит аркылуу жарыяланган маалыматта айтылат: «Сирияда 3 ай калууну пландаганбыз. Ал мындан 7 жыл мурун болгон. Ал жерден эч качан чыгып кете алган жокпуз. Мен мамбашчы болгон учурда ИГИЛдин мыкаачылыгы күчөп турган учуру болчу. Мына ал эң жаман жеңилүү менен жеңилди. Анын калган калдыктары менен жеңил күрөштү Түркия сыяктуу мамлекеттер уланта турган жана биз үйгө кайта турган убакыт келди». (Россия сегодня, 2018.12.22.).
Ошол эле маалда Трамп Орусия, Иран, Сирия режимине жана Эрдоганга 2018.09.17. Сочиде Идлиб маселеси боюнча жетишилген келишимдин негизинде Америкага үлкөн кызмат көргөзгөндүктөрү үчүн аларга ырахмат айты. Негизи, бул келишимди Трамп талап кылган эле, алар анын талабына жооп беришти. Америка Сирияда Сирия режимин кулатпастан Исламдын бийликке келип калышынын алдын алуу максатында күрөшүп жаткандай, Орусия, Иран жана анын Ливандагы жамааты, Түркия, Саудия жана алардын жамааттары да ошол максатта Сирияда согуш алып барып жаткандыктарын Америка жакшы билет. Алар бул жаатта ачык да, жабык да келишимдерди кылышты. Астанада, Сочиде жана БУУнун коргоо кеңешиндеги Сирияга байланыштуу токтомдор, айрыкча Америка сунуш кылган 2254-токтому баардык тарап макулдап ишке ашыра турган токтом болуп калды. 2018.07.29. суроо-жообто мындай дегенбиз: «Американын планы: «Тынчтыкты сактоо» үчүн аймактык күчкө таянуу, Мисир, Саудия жана Түркия күчтөрү ушул максаттын негизинде ишке тартылат. Бул жаңы пайда боло калган план эмес…. Американын Сирия маселесин чечүүдө сырттан күчтөрдү алып келүү боюнча элестетүүсү аягына чыга элек… Трамптын администрациясы Сириянын түндүк-чыгышында ИШИМ жеңилгенден кийин Америка куралдуу күчтөрүнүн ордун Араб каолициялык күчтөрү ээлеп калышын пландап жатат». Трамп муну акыркы билдирүүсүндө ачык эле жарыялады.
- Трамп пайда зыян менен чен өлчөм кылган соодагердик негизде пикирлейт. Ал Америка казынасынан Америка армиясына кетип жаткан чыгымдарды азайтууну каалап жатат. Ошону менен бирге, Саудия жана Эмират Күрд армиясынын чыгымдарынын жана аларды куралдантуу жаатында чоң чыгымдарды төлөштү. Ошондой эле эл аралык коалициянын чыгымдарын төлөөгө да катышышты. «Саудия менен Эмират Сирия ичиндеги маанилүү жумшак күчкө айланышты. Медия булактардын отчетунда Эр-Риядын Түркия чек арасындагы Сирия күрддөрүн колдоого алгандыгы берилген». (Мисир арабия, 2018.12.04.). Ошондой эле Саудия 2018.12.14. Америка жетектеп жаткан эл аралык коалициянын чыгымдарын төлөгөн суммасын жарыя кылды. Американын басма-сөз катчысы Хизер Науэрт мындай деди: «Жаңы каржылоодо Саудия 100 миллион доллар бөлдү, ошол эле маалда Эмират 50 миллион доллар бөлүүнү убада кылды». (Халиж онлайн, 2018.12.17.). Ошону менен бирге, Трамп армиясынын баардык чыгымдарын, алардын көчүп конгон жана курал жарактарынын чыгымдарын да адатынча пайдага негизделген соодагеринче чыгаша деп эсептеп, аны жабууну каалап жатат. Кийин бул ролду башкалар аткарышын каалоодо. Бул нерсе анын билдирүүлөрүндө ачык эле айтылып жатат. 2018.12.20. Рейтер маалымат агентиги Сириядан чыгып кетүү токтому чыккандын артынан эле жарыялган маалыматта, Трамп дагы кошумчалап айтты: «Америка Ортоңку Чыгышта коопсуздук кызматчысы болуп калмак беле? Баалап баркына жетпеген миллиондорду коргойбуз деп трилиондогон долларларды коротуп, кымбат өмүрлөрдү берип жатабыз. Көпчүлүк учурда биз эмне кылып жатабыз? Ал жерде түбөлүк калып калууну каалап жатабызбы? Башкалар согуша турган учур келди». Ушулардын баардыганан көрүнүп тургандай, Америка согушун башкалар кылып берүүсүн каалап жатат. Америка чыгашасын башкалар төлөп, Америка кымбат баалуу жандарынын оордуна башкалар жандарын берүүсүн каалап жатат!
- Трамп тараптарды саясий чечимге жетүүгө аракетке келтирүүнү каалап жатат. Ошондой эле Америка азыркы кырдаалга жараша аз дегенде аскерий аракетке таянбай, саясий чечимге жетүүнү каалап жатат. Бул нерсе Орусия жана Сирия режими Идлибке чабуул кылышын токтотуп койгонунда ачык көрүндү. Анткени, ал өз планын ылайык саясий чечимге жетүү кырдаалын жаратуун каалады. Бул боюнча 2018.09.22. чыккан суроо-жоопто токтолуп өткөнбүз: «Орусия Американын бул саясатын түшүндү… Ошондуктан, ал өз жолунда кризиске чек коюу үчүн Идилибге карата чабуулун ишке ашыра албай калды. Анткени, Түркия Америка түрткүсү менен бул чабуулга каршы чыкты, Иран болсо унчукпады… Мына ушундайча 2018.09.07. Орусия планын негизинде Орусия жолундагы кризиске чек коюу үчүн Идилибге чабуул коюу келишимине жетишүү ийгиликсиз аяктады. Мындан көп өтпөстөн Эрдоган менен Путин чабуул кылуунун ордуна куралсыз аймак түзүү келишимине жетишишти. Бул Америка тарабынан мактоого алынды. 2018.09.18. Новости кабар агентинин маалыматында АКШ Мамлекеттик департаментинин жооптуусу мындай деди: «Орусия менен Түркия Сирия режими жана анын союздаштарынын Идилибге каршы чабуулун токтото турган маанилүү кадамдарды кылышкандыгы менен кубаттайбыз». Мына ушундайча Орусия Идлибди бомбалай турган максатынан кайтты жана Жер Ортолук деңизинде стартта турган кемелерин кайтарып алып кетти. Америка дагы эле түздөн-түз же Түркия аркылуу кыйыр түрдө аскерий чечимден мурда саясий чечимге жетүүгө кызыкдар. Бирок, Америка Идлибде аскерий чечимден мурда саясий чечимге жетүү умтулуусундагы максат Орусиянын Сириядагы базаларына карата кысым шантажы катары пайдаланууну, кийин опозиция саясий чечим алкагында Орусия базалары темасын көтөрүшү максатында аракет кылып жатат… Башкача айтканда, Түркия жана анын артындагы Америка Идлибге карата Орусиянын чабуулун алдын алуулары, Илдибге Сирия режиминин кол салышын тосуу же жарандардын коргоо максатында эмес, балким биринчи кезекте Америка кызыкчылыгы үчүн кылынды. Америка биринчи кезекте кырдаалды колго алып, кийин Орусияны өзүнө карата ийкемге келтирип алуусу, андан кийин гана Идлибдеги куралдуу болобу же куралсыз жарандардын бейкүнөө кандарынын төгүлүшү алар үчүн жеңил болуп калат. Алардын мындай бейкүнөө кан төгүшү Сириянын ар түрдүү аймактарда ишке ашырган ыплас иштери айтып турат. Алардын буга окшогон кылмыштары баардык тараптан баштарынан ашып түштү…». (цитата бүттү). Мына ушундайча Трамптын чыгып кетүү токтомун кабыл алышына караганда тараптар бул максатка жакындап калгандыгынан кабар берет. Ал Түркияны алдады. Түркия Америка чыгып кеткенден кийин боштукту толтуруп калам деп ойлоп жатат. Ошондой эле Түркияны ал жерге киргизүү менен күрддөргө коркунуч киргизди. Күрддөр Түркия коркунучунан коргонуш үчүн Сирия режиминен жардам сураганга шашат. Дал ушул нерсени Сирия режими каалап жатат. Күрддөрдүн Түркия коркунучу каршысына Сирия режими Манбажиге куралдуу күчтөрүн жиберди… Анткени, Орусия Сирия режимин колдойт, ошол эле маалда Түркия менен келишимге жетишкен. Ошондуктан, Түркия Манбижде Сирия режими менен согушуп кетиши кыйынчылыкты жаратат. Бир гана аймакта жаңы жагдайлар жүз берип кетсе гана кагылышуулар жүз бериши ыктымал. Мына ушундай Трамп тараптардын астына тандоо калтырбады, бир гана Америка каалоосуна ылайык жөнгө салуу сүйлөшүүлөрүн баштоо тандоосун гана калтырды. Бул боюнча кээ бир тараптар ачык эле айта башташты, кээ бири болсо кыйыр түрдө айта башташты:
а) Орусиянын басма-сөз катчысы: «Вашингтондун Сириядан күчтөрүн чыгарып кетүү токтому кырдаалды толук жөнгө салууга жетишишине салым кошот. Сириядан чыгып кетүү убактысы так эместигине ишаара кылды». (Спутник арабия, 2018.12.26.).
б) «Мудун» булагынын маалыматында: «Эки күн мурду Манбижди көзөмөлдөө жараяны жарыялангандан кийин ал Түркия талабы менен токотулду. Түркия, Орусия жана Америка сүйлөшүүлөрүн дагы улантуу максатында муну артка жылдырылды». (Мудун, 2018.12.27.).
Ушундан көрүнүп тургандай, Трамп өзү жарыялаган Америка күчтөрүн чыгарып кетүү темасы арты менен тараптарды жөнгө салуу сүйлөшүүлөрүнө тарта алды. Башкача айтканда, тараптар Сирия кризисин чечүүдө бир гана Америка сунуштаган негизде кете турган болуп калышты.
- Кийин шайлоо темасы да Трамп баш катыра турган маселелерден. Траптын «биринчи кезекте Америка» аталышы астындагы кампания алкагында сыртта согушууга каршы жеке позициясы бар. Анткени, ушул ураан ага шайлоодо ийгилик алып келгенге шарт жараткан. Кийин Сириядан, Ооганстандан Америка күчтөрүн чыгарып кетүү Трапмка 2020-жылда боло турган шайлоодо ийгилик алып келиши күтүлөт. Ошондуктан, ал Сириядагы 2000 Америка күчтөрүн чыгарып кетүүгө ынтызар болду. (The Guardian, 2018.12.19.). Ооганстандан 7000 (npr, 2018 12 21) Америка аскерин алып чыгып кеткенден кийин анын Америка эли алдында кадыр баркынын көтөрүлүшү 2020-жылкы шайлоодо кайрадан мамбашы катары шайланышына ийгилик бериши күтүлөт.
Үчүнчү: мына ушундайча Трамп айларды талап кыла турган Америка күчтөрүн Сириядан чыгарып кетүү токтому аркылуу малайларын жана жолдоочуларына карата баш оору жаратты. Ал тургай, ал ишке ашышы жай калыпта кетип жаткан учурда алардын баш оорусу болду. Эгер, толук ишке аша турган кандай болот. Болуп өткөн жана болуп жаткан окуяларга көз чаптырылса, Трамп малайларын жана жолдоочуларын кол жоолук катары пайдаланары көрүнүп турат. Эгер, алар акыл жүргүзүшсө андан безип кетишмек бирок алар акыл жүргүзүшпөйт! Ал аларды өз планын аткартуу максатында алдап, кемсинтүү аркылуу аларды пайдаланды. Американын мындай алдоо жана кемсинтүүсүнөн Орусия жана Европа кур калган жок:
- Американын ыктыярчы балдары күрддөр Америка аларга Сириядан бөлүнүп чыгып, өзүнчө мамлекет тикелешине шарт жаратып, аларды куралдандырып машыгуудан өткөрүп, аларды өз коргоосуна алат деп ойлошту. Аларга убада кылынган мамлекет жолунда алар Америка эмнени кааласа, аны аткарып бере турганга айланышты! Ошондуктан, алар Сирияда Америка каалаган кандай гана согуш болбосун, сап алдында болушту! Алардын бул аракеттерин ошол убакта Америка коргоо министири Эштон Картер Сирия демократиялык күчтөрүн мактоого алды. Бул Сирия демократиялык күчтөр деп аталышы Америка тарабынан түзүлгөн күрд куралдуу жамааттарынына карата чүмбөт ролун аткарды. Картер мындай деди: «Алар (ИШИМге) каршы күрөшүүдө күжүрмөндүк менен күрөшүп бизге карата эң жакшы өнөктөш болушту. Биз да буга ыраазыбыз. Биз алардын аймактык татаал ролун эске алуу менен муну дагы улантууга кызыкдарбыз». (Hurriyet Daily News, 2016.03.18.). Мына ушундайча күрддөр Америка аларды ачык да, көмүскө да аларды колдоого алып турат деп ойлошту. Американын Сирия боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жеймс Жефринин билдирүүсүнө назар салышпады. Ал куралдуу күрд жамааттары менен кызматташтык тууралуу айтып мындай деди: «Биз ИШИМге каршы Сирия демократиялык күчтөрүн колдоого алып жатканыбыз тактикалык убактылуу экендигин ар дайым айтып келебиз». (RT Online, 2018.12.18.). Тескерисинче, алар мындан ибрат алышкан жок, ошондуктан Америка аларды өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, өз кызыкчылыгына пайдаланышы жеңил болду. Качан Америка күчтөрүн Сириядан чыгарып кетүү Америка кызыкчылыгына дал келген учурда алардын артын Түркия коркунучу астында ачык калтырды. Америка күрддөрдүн кызыкчылыгын этибарга да албастан, өз кызыкчылыгы негизинде Америка күчтөрүн Сириядан чыгарып кетүүгө токтом кылды… Бул нерсе күрддөрдү түрк коркунучунан коргошу үчүн Сирия режиминен жардам сурап барышына түртү. Мына ушул нерсенин өзүн тактап айтканда Америка күрддөрдүн суранычы менен Сирия режими Сириянын түндүгүнө кирип барышын калаап жатканынын дал өзү эле. «Сирия түндүгүнүн көп бөлүгүнө көзөмөл кылып жаткан күрд жетекчилери Америка күчтөрүн Сириядан чыгарып кетүү токтомуна кыжаалат болушуп, Орусия менен Дамаскты түрк коркунчунан коргошу үчүн чек араны коргоого чакырышты. Бир топ жылдардан бери күрд куралдуу жамааттары көзөмөлүндө турган чек араны коргоо үчүн күрддөр Сирия режими күчтөрүн кайтып келишине чакырышы Трамптын күтүлбөгөн түрдө Америка күчтөрүн Сириядан чыгарып кетүү токтомун чыгарышы күрддөрдү бир топ бушаймандыкка салганы көрүнүп турат». (9 спутник арабий, 2018.12.27.). Сирия демократиялуу күчтөрү күтүлбөгөн түрдө Америка күчтөрүн Сириядан чыгарып кетүү токтому тууралуу мындай деди: «Бул арттан бычак уруу жана миңдеген согушкерлердин канына кыянаттык кылуу». Сирия адам укуктары боюнча байкоочу ишенимдүү булакка таянуу менен: Сирия демократиялык күчтөрүнүн жетекчилиги «Америка күчтөрүн Сириядан чыгарып кетүү Сирия демократиялык күчтөрүнө жана Күрд элин коргоо биримдигине карата артынан канжар менен сайгандай эле болдугун билдирди. Булар өткөн акыркы жылдар аралыгында Ефраттын чыгышындагы жана Манбиж менен биргеликте ИШИМ көзөмөлдөгөн бир топ аймактарга өз көзөмөлүн орнотушкан эле. (Al-Tahrir News, 2018.12.19.).
- Ошондой эле Түркия да кыйын, оңтойсуз абалда калды. Ал Америка чыгып кеткенден кийин боштукту толурам деп ойлоп жатат. Айрыкча, Америка күчтөрүн чыгарып кетүү токтому Эрдоган менен Трамптын телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин жарыяланды. Россия сегодня маалымат булагы 2018.12.19.: «Америка жооптуусу Америка мамбашы Трамп Түркия мамбашы Эрдоган менен акыркы жолу сүйлөшкөнүн натыйжасынан кийин Америка күчтөрүн Сириядан чыгарып кетүү токтомун кабыл алгандыгын билдирди. Бул жооптуу Рейтер агентигине берген маегинде буларга токтолду: «Токтом өткөн жумада Трамп менен Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынды. Дагы мындай деди: Болуп жаткан баардык нерсе ушул телефон аркылуу сүйлөшүүдө жетишилген келишимин негизинде ишке ашырылып жатат». Трамп менен Эрдогандын телефон аркылуу сүйлөшүүсүн Түркия Анатолия агентиги да басып чыкты. Түркия мамбашы мындай деди: «Трамп бизден ИШИМди жок кыла аласыңарбы? деп сурады «Биз аларды жок кылдык, бул ишти келечекте да улантуубуз мүмкүн… бизге материалдык-техникалык колдоо көргөзүүңөр гана жетиштүү… акырында «америкалыктар» чыгарып кетүүлөрүн башташты. Азыр болсо биздин максат, биз алар менен дипломатиялык алакаларыбызды туура негизде улантуу…». Мына ушундайча Түркия боштукту толтуруп калам деп ойлоп жатат… Бирок, күрддөрдүн талабы менен Сирия режиминин күчтөрү Манбижди көздөй жылды! «Сирия режиминин күчтөрү танктар, жол тандабастар, оор артиллерия жана пулеметтордун жана «кусд», ошондой эле 40 миң аскердин коштоосун менен Аль-Ялни, түндүк-чыгыш Аль-Арима аймагына кирди. Бул Сирия режими «кусд» менен келишим кылып жайгаша турган биринчи аймак, ошондой эле бул биргелешкен күч Жайшул хур менен түрк аскерлери көзөмөлдөгөн пунктуларды да көзөмөлгө алат». (Мудун сайты, 2018.12.27.).
Кийин 2018.12.29. маселени талкулоо үчүн Түркия коргоо, тышкы иштер министирлери жана штаб жетекчисинен турган Түркия делегаттары барышты. Бирок, Орусиянын кээ бир жооптуулары Түркияга карата чагымчыл мүнөздөгү билдирүүлөрдү берди. Орусия ТИМинин басма-сөз катчысы Мария Захарова 2018.12.27. мындай деди: «Негизинен америкалыктар чыгып кеткен аймактарды Сирия режими өз көзөмүлүнө алыш керек», дагы кошумчалап айтты: «Албетте, негизги суроо пайда болот. Америкалыктар чыгып кеткенден кийин аймакты ким көзөмөлдөп калат? Маалым болгондой, эл аралык мыйзамга жараша ал аймактарды Сирия өкмөт күчтөрү көзөмөлгө алышы керек. Биз түрк кесиптештерибиз менен Сирия жаатында мейли тышкы саясат же тероризмге каршы күрөшүү багытында болбосун, конкреттүү саясатты иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу алкагында тыгыз кызматташтык алып барабыз». (Мудун сайты, 2018.12.27.). Көрүнүктүү республикачыл сенатор Линдси Грэм мындай деди: «Трамп Америка аскерлери Сириядан чыгарылып кеткенден кийин Түркия Элди коргоо биримдиги менен кагылышууларга барбайт деген бекем ишенимде. Трамп НАТОдогу союздашы Түркияга өз кызыкчылыгын коргоп калышы үчүн бейтарап аймак түзүүнү баса белгиледи. Түрия Элди коргоо биримдигин күрд сеператисттик кыймылынын бир бөлүгү катары санайт жана ага каршы чабуул кылуу коркунучун жаратат». (PostArabic, 2018.12.31.).
Кийин «Сириядагы жарашуу үчүн орус-тескөө борбору» катары иш алып барган Орусия армиясы кайтып келди. «Арима шаары жана Манбиж аймагынан алар бир аз мурда эле чыгып кеткен эле». (Мудун сайты, 2018.12.27.). Ушунун баары боштукту толтурам дем үмүт артып жаткан Түркиянын үмүттүн таш каптырды!
- Ал тургай салыштырмалуу күчтүү саналган Орусияны да Америка бир кризистен экинчи кризиске алып кирди… Орусия 2015.09.29. Обама менен Путиндин жоолугушуусунан кийин аскерий жактан Сирия маселесине аралаша баштаган күндөн Сирия кризисине батып калганын билет. Путин аскерий жактан Сирия маселесине аралашканынын акысына Крым себебтүү киргизилген санкциялар алынып салынат деп үмүт арткан эле. Бирок, санкциялары алынган жок. Кийин Орусия бул кризистен биротоло чыгып кетүү үчүн Идлибге карай аскерий чабуулга даярдык көрдү. Орусия Идлиб маселесин аскерий жактан чечип алса, андан кийин узак убакытка созулган саясий чечимге жетүү учурунда Сириядан аскерий жактан чыгып кетүүсүнө зыян жетпейт деген үмүттө эле. Бирок, Америка буга тоскоолдук кылып биринчи саясий чечимге жетүүнү алдыга койду. Бул боюнча 2018.09.22. чыккан суроо-жообдо токтолуп өткөнбүз: «Мына ушундайча Орусия Идлибди бомбалай турган максатынан кайтты жана Жер Ортолук деңизинде стартта турган кемелерин кайтарып алып кетти. Америка дагы эле түздөн-түз же Түркия аркылуу кыйыр түрдө аскерий чечимден мурда саясий чечимге жетүүгө кызыкдар. Бирок, Америка Идлибде аскерий чечимден мурда саясий чечимге жетүү умтулуусундагы максат, Орусиянын Сириядагы базаларына карата кысым шантажы катары пайдаланууну, кийин оппозиция саясий чечим алкагында Орусия базалары темасын көтөрүшү максатында аракет кылып жатат».
Кийин андан да жаманы Трамптын аскерлерди чыгарып кетүү токтому болду. Кийин Ефратын чыгышындагы күрд аймактарында жана Манбиж аймагында Орусия Түркия менен Сирия режими ортосунда түшүп калды! Орусия Сирия режимин колдоого алат жана Орусия менен Түркия ортосунда келишим бар. Түркия аскерлери менен Сирия режиминин күчтөрү бири-бирине жакын жайгашышты, Орусия болсо алардын ортосунда эгер кагылышуулар жүз берип кетсе Орусия кандай айла кылат… Мына ушундайча Америка Орусияны бир кризистен экинчи кризиске кептеди!
- Ал эми, Европа болсо алардын арасында эл аралык коалицияга мүчө болгондор бар. Америка Сириядан армиясын чыгарып кетиши менен алар да кыйын абалда калышат, алар ал жерде өздөрү да калып кала алышпайт. Ошол эле маалда, алар Америка сак саламат аларды алыстан күзөтүп турбастан Сирияда калып Сирия кыйынчылыгын тартышын да каалап жатышат. Ошондуктан, чыгарып кетүү токтомуна «каршы чыгышты», Британия өкмөт башынын басма-сөз катчысы мындай деди: «ИШИМге каршы эл аралык коалиция бир топ ийгиликтерди жарата алды, бирок ошентсе да алдыда дагы көптөгөн иштер бар. Биз эстен чыгарбашыбыз керек, ИШИМ аймакка ээ болбой туруп деле коркунуч жарат. ИШИМ дагы деле чоң коркунуч боюнча калууда». (Евроньюс, 2018.12.19.). Башкача айтканда, Трамптын чыгарып кетүү токтомунда бетине кармап жаткан далилин (ИШИМди жок кылдык) жокко чыгарды. Ошондой эле Франция мамбашы да муну айыптады. Эммануэль Макарон Америка мамбашы Трамптын Сириядан армиясын чыгарып кетүү токтомун айыптап мындай деди: «Союздаш ишенимдүү болушу керек», Чаддын борбору Нджаменден туруп сүйлөгөн сөзүндө мындай деди: «Трамптын Сириядан армиясын чыгырып кетүү токтому менен абдан өкүндүрдү. Союздаш жанма жан туруп согушушу керек», дагы кошумчалап айтты: «Франция куралдуу жихадий жамаатар менен согуш алып барууда Чад менен жанма жан туруп согуш алып барып жатат». (Би-би-си, 2018.12.23.).
Төртүнчү: өкүндүрө турган нерсе колонизатор капырлар биздин көйгөйүбүздү көзөмөлдөп токтом чыгарып жаткандыктары. Ал токтомду мусулман өлкөлөрүнүн акимдери Аллахтан жана Анын Пайгамбары Aдан эч уялбастан ал токтомдорду ишке ашырып берип жаткандыктары. Балким, аларга акыйкат баян кылынган сайын өз кожоюндарын дагы көбүрөөк ыраазы кылып өз мансабдарын сактап калуу үчүн ал акыйкаттан дагы да узакташууда. Алар өздөрүнөн мурдагы малай акимдердин тагдырлары кандай болгонуна назар салышпады, ал малайлардын доору бүткөн соң кожоюндары түкүрүп койушкан эле. Алар ошол өз кожоюндарынын колунда эки дүйнө бактысыздыгын табышты.
﴿وَهُمْ يَنْهَوْنَ عَنْهُ وَيَنْأَوْنَ عَنْهُ وَإِنْ يُهْلِكُونَ إِلَّا أَنْفُسَهُمْ وَمَا يَشْعُرُونَ﴾
«Алар (башкаларды) андан (хактан) кайтарышат жана өзүлөрү да андан четтешет. Алар сезбестен өзүлөрүн гана жок кылышты» [6:26]
Эки дүйнө бактысыздыгына тушуккан мындан бөлөк адам барбы!
23-робиус-саний, 1440-х.
30-декабрь, 2018-м.