Кыргызстанда түзүлгөн кырдаал

346
0

Кыргызстанда түзүлгөн кырдаал

Учурда Кыргызстанда саясий окуялар олуттуу өнүгүп баратат. Анткени, азыркы жаралган абал жана шарттар көпчүлүк калктын нааразылыгын ойготту. Ошондуктан, бул нааразылык саясий окуялардын өзөгү болуп калууда. Өлкөдөгү саясатчылар болсо, адаттагыдай эле учурдагы кырдаалдан өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланып калуу аракетине түшүштү.

Азыр өлкөдө активдүү аракет алып барып жаткан саясатчыларды негизги төрт топко бөлүп кароого болот:

1. Бийликтегилер жана алардын айланасындагылар

2. “Атамбаевчилер” жана аларга келип кошулгандар

3. Батышчылдар жана аларга келип кошулгандар

4. Жогорудагыларга кошула албай калып, улутчулдук жана мекенчилдик ураандары астында бириккендер

(Белгилей кетсек, макалада айрым саясатчылар тилге алынганда, аларга жеке адам катары эмес, балким, мамлекеттик саясатчы, коомдук ишмер деген назарда каралды)

Эл тарабынан көтөрүлүп, саясий окуялар өзөгүнө айланган жана саясатчылар андан пайдаланмакчы болуп жаткан иштер: Кытайга каршы массалык маанайдын жаралышы жана жаңы кодекстердин ишке түшүшү болду.

Алгач, Кытайга каршы массалык маанайдын жаралышына 2018-жылдын башындагы ТЭЦтеги авария себеп болуп калды. Ал окуя суукка тоңгон элде нааразылык жараткан эле. Ушундан улам, Кытайдын ТВЕА компаниясы ишке ашырган Бишкек ТЭЦин модернизациялоо иши изилденип баштаган. Ошол кезде ачыкка чыгып кеткен айрым маалыматтар кытай компаниясына жана коррупционерлерге каршы элде күчтүү маанай жараткан. Мына ошондо жаңы бийлик учурдан пайдаланып, аны өз саясий кызыкчылыгы жолуна буруп кетти. Т.а. ал аркылуу мурунку бийликтин таасирин жоюуга б.а. бийликти “атамбаевчилерден” тазалоого иштетти.

Кийин Кытай бийлигинин Чыгыш Түркстан мусулмандарына кылган зулуму дүйнөлүк коомчулукка дайын болуп, бул иш дүйнө мусулмандарынын, алардын катарында Кыргызстан мусулмандарынын да диндеш биртуугандык сезимдерин козгоду. Ушуга удаа, Кытай экспансиясынын жүзү да ачыгыраак көрүнүп калды. Бул нерселер Кытайга каршы массалык маанайды жаратып койду. Негизи, муну бийлик да, мурунку-кийинки оппозиция да каалабаган эле.

Буга кошумча, 2017-жылы кабыл алынган жаңы кодекстер колдонулуп баштады. Бул да элде нааразылык пайда кылды. Анткени, алардын айрым беренелери араң жан багып жаткан адамдардын мамлекет тарабынан талап-тонолушуна жол ачар эле.

Мына ушул окуялар өнүгүшүндө, эми саясатчылар аларды өз кызыкчылыктары жолунда иштетүүгө өтүштү. “Атамбаевчилер” элдин нааразылыктарын азыркы бийликке каршы коюуга аракет кылып жатышат. Анткени, учурдагы бийликтин аларга каршы “аңчылыгы” улам тередеп баратат. Мисалы азыр, алардын учурунда курулган, 400 миллион долларга жакын каражат жумшалган “Датка-Кемин” электр өткөрүү линиясынын курулушу иликтенүүдө. Ошондуктан, “мурункулар” “азыркыларды” туруксуздуктар менен алек кылып, убактылуу бөгөт коюп, соодалашууга тартмакчы. Ошондуктан, алар бул маселелерде терең кетишпейт. Андай учурда башкы сокку өздөрүнө барып тиерин жакшы билишет. О.э. бул проблемалардын чыныгы чечимдерине да киришишпейт. Болгону алар убакыттан утуп, саясий партия катары парламенттик шайлоого жетип алууну көздөшүүдө. Эгер ага чейин жетишине көздөрү жетпесе, анда алардын түндүк-түштүк маселесин көтөрүү коркунучу да бар.

Эми бийлик да бул окуялардан өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланууну улантмакчы. Негизи, жогоруда айтылган окуялар – чечилиши зарыл болгон чыныгы проблемалар. Бирок, бийлик алардын чыныгы проблемалар экенин жашырып калууга аракет кылууда. Алар “эски санаалаштары” тарабынан уюштурулган жасалма проблемалар экенине элдин көнүлүн буруп, адаштырмакчы болууда. Бул нерсе бийликтин сакталып калыш мүмкүнчүлүгүн арттырат деп ойлоодо.

Батышчылдарга келсек, аларды “текебаевчилер” деп атап коюуга болот. Анткени, батышчылдардын көпчүлүгү анын айланасына биригүүдө. Жаңы бийлик мурункусуна каршы күрөшүүдө батышчылдардан кубат алууну көздөгөн эле. Ошондуктан, экс-президент Отунбаева менен, батышчыл журналисттер жана “жарандык коом” активисттери менен жакындашууга барган. Батышчылдар да ошол ыңгайлуу учурдан пайдаланып калышты. Атамбаев доорунда урулган соккудан кийин өздөрүнө келип алышты. Мына эми алар өз алдынча конкреттүү кадамдарын таштап жатышат. Мисалы, Роза Отунбаева Текебаевге мыйзамдуу түрдө мунапыс берилбешин билер эле. О.э. Текебаевдин да мунапысты кабыл албашын жакшы билчү. Бирок, мунапыс сурады. Ал муну менен Текебаевди саясат сахнасында кармап турмакчы. Текебаев болсо турмуш проблемаларынан сырт, “купкургак” олтурат. Саясатта болсо, анын санаалаштары андан каарман жасап жатышат. Ал эртең шайлоого дапдаяр абалда чыга келет. Парламенттик шайлоо батышчылдар үчүн – стратегиядагы кийинки иштери амалга ашуусуна карай – эң маанилүү кадамдардан болуп эсептелет. Ошондуктан, алар кытай жана кодекс маселелерине олуттуу аралашпастан, ал тургай, өздөрүн оолак кармап жатышат. Демек, “текебаевчилер” шайлоо кампаниясын башташты.

“Патриотторго” келсек, алар АКШ же Россия колдоосуна ээ боло албаган, ал тургай, алардын кадрларына да кошула албай калган саясатчылар тобу. Ошондуктан, алар патриотизм ураанын көтөрүп чыгышууда. Бирок, алардын кытайга каршы “патриоттук сезими” эмнегедир жанбай жатат. Негизи, ал “аксакалдар” бул ураандар аркылуу элдин сезимин кытыгылап, шайлоодо кандайдыр бир добушка жетишүү үмүтүндө жүрүшөт.

Ушулардан улам, баарын жакшылап күзөтсөк, саясатчылар калкты чет элдик колонизаторлор пайдасына жана өз кызыкчылыктары жолунда жетелеп жатканын көрөбүз.

Ошондуктан, эй саясатчылар, колонизаторлордун дүйнөсү үчүн өзүңөрдүн ахиретиңерди күйгүзүп албагыла. О.э. өз кызыкчылыгыңар үчүн элиңерди курмандыкка чалбагыла. Элди эмне менен башкарып, эмне менен жетелеп жатканыңарга бир карагыла. Оболу, кимдигиңерди тактап алгыла:

Эгер кимде–ким, Алланын буйругун билип туруп, аны менен өкүм кылбай, башка мыйзамдарды “туура жана азыркы турмушка ылайык” деп ишенип, аны менен өкүм кылса, анда ал кафир болот. Аллах таала айтат:

وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُوْلَئِكَ هُمْ الْكَافِرُونَ

 «Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда алар кафирлер»     [5:44]

Кимде-ким Алланын буйруктарын билбестен наадандык кылып, же анын тууралыгына жана аны менен өкүм кылуу фарз экендигине ишенип туруп, башка мыйзамдар менен өкүм кылуу харам экендигин билип туруп, “харам иш кылып жатам” деп, бирок, башка мыйзамдар менен өкүм кылса, андай кишилер залим жана фасык болушат. Анткени, Аллах таала айтат:

وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُوْلَئِكَ هُمْ الظَّالِمُونَ

«Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, анда, алар залимдер»        [5:45]

وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُوْلَئِكَ هُمْ الْفَاسِقُونَ

«Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда, алар фасыктар»         [5:47]

Эй саясатчылар, силер мусулмандар перзенттерисиңер, силердин Исламыңар бар. Андыктан, Ислам саясаты менен иш алып баргыла. Ал үчүн Исламыңарды үйрөнгүлө!

Эй эл-журт, элдин саясатка аралашуусу өз жетекчилерин тергеп-тескөө менен болот. Силер мусулмандарсыңар, саясатчыларды жөн эле ээрчип кете бербей, аларды Ислам негизинде тергеп-тескеп алгыла. Демек, ал үчүн силер да Исламыңарды үйрөнгүлө! Кыяматта “башчыларыбызга ээрчиген элек” дегениңер өтпөйт. Анткени, Аллах мындан эскертип койгон:

يَوْمَ تُقَلَّبُ وُجُوهُهُمْ فِي النَّارِ يَقُولُونَ يَالَيْتَنَا أَطَعْنَا اللَّهَ وَأَطَعْنَا الرَّسُولَ وَقَالُوا رَبَّنَا إِنَّا أَطَعْنَا سَادَتَنَا وَكُبَرَاءَنَا فَأَضَلُّونَا السَّبِيلَ

Жүздөрү жалында айландырыла турган – күйдүрүлө турган Күндө, алар: «Аттиң, биз да Аллахка моюн сунганыбызда, пайгамбарга итаат кылганыбызда кана», дешет. Дагы алар: «Оо Роббибиз, чындыгында, биз башчыларыбызга жана чоңдорубузга моюн сундук, анан алар бизди (туура) жолдон аздырышты», – дешти

АбдулХакийм

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here