Президент Сооронбай Жээнбеков Роза Отунбаеванын Текебаевге ырайым берүү өтүнүчүн канааттандырбады

391
0

Президент Сооронбай Жээнбеков Роза Отунбаеванын Текебаевге ырайым берүү өтүнүчүн канааттандырбады

Эми Отунбаева саясий элита лидерлерин президентке каршы багыттайбы?

22-декабрда Бишкекте Өмүрбек Текебаевдин туулган күнүнө арналган иш-чара өтүп, ага Роза Отунбаева баш болгон саясатчылар, коомдук ишмерлер, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, экс-спикерлер катышты. Башкача айтканда, дээрлик бардык саясий элита өкүлдөрү катышты. Алар андан соң ооруканага барып, Текебаев менен жолугушту. О.э. маалымат каражаттарында президент Сооронбай Жээнбеков да абактагы Текебаевди телефон аркылуу куттуктаганы кабарланды.

25-декабрь күнү Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым кылууну өтүнгөн. О.э. ал кайрылууга 6 фракциянын лидерлери кол койгон. Ал эми, январь айында президенттин аппаратындагы ырайым берүү маселесин караган комиссия Отунбаеванын өтүнүчүн канааттандырбады.

Президент Жээнбеков өткөн жылдын ноябрь айында саясий кырдаал курчуй учурда экс-президент Отунбаева аркылуу кыргыз элитасына кайрылып, аларды саясий майданга активдүү аралашууга чакырган. Элита лидерлери болсо, түрмөдө жаткан Текебаевди саясий жараяндарга аралаштырууну талап кылышты. Алар Текебаев дагы деле кыргыз элитасынын лидери экенин моюнга алышып, Отунбаеванын атынан президентке кайрылышкан. Саясий кырдаал бир аз тынчып калган соң, президент эски элита лидерлерин жетекчи топтун ордуна алып келүүдөн баш тарта баштады.

“Биз көтөргөн маселе (Текебаевди эркиндикке чыгаруу маселеси) азыркы саясий кырдаалдан келип чыгып, саясий чечим катары кабыл алынышы керек болчу”, – деди Отунбаева.

Демек, Отунбаева Текебаевди президентке кеңешчи катары сунуштаган. О.э. кайрылууга 6 фракциянын өкүлдөрү кол коюшуна караганда, президент алгач бул сунушту кабыл алган. Текабаевдин туулган күнүнө арналган иш-чара да бардык саясатчылардын катышуусунда өткөрүлгөнү бул пикирибизди тастыктап турат. Андан соң президент убадасынан баш тарткан болушу мүмкүн.

Президент бүгүнкү күнгө чейин ишенимдүү команда (топ) түзө албай жатат. Учурдагы жетекчи топ болсо, аны эски президенттен бөлүп койду. Бирок, өздөрү күчтүү саясатчылардан түзүлгөн эмес. Ошондуктан, алар бардык жетекчи топтор менен президенттин мамилесин бузуп жатышат. Мамлекет туңгуюкка кирип бара жатканына карабастан, алар күчтүү саясатчылардын жетекчиликке келишине тоскоолдук кылышууда. Себеби, күчтүү саясатчыларды башкара албастыгын жакшы билишет. Эгерде иш ушундай улана берсе, жазда дагы кайрадан кырдаал курчушу күтүлүүдө. Себеби, Кыргызстандагы жетекчи топтор мамлекетти башкаруу тизгинин ар дайым талашып келишет.

Эми эски саясий чөйрөнүн өкүлдөрү да саясий жараяндарга активдүү кирише баштайт. Алар ушул күнгө чейин өздөрүнө көңүл бурулушун күтүп, жок эле дегенде, кеңешчи болуудан үмүттөнүп турушкан. Башкача айтканда, жетекчи топ мамлекетти башкарууда алардын тажрыйбасынан пайдаланып, кеңешчи катары болсо да кошуп алышынан үмүттөнүшкөн. Бирок, алар күтүп жаткан мамиле көрүнбөй жатат. Ошондуктан, алар эми оппозицияга өтөбүз деп коркутушууда.

Белгилүү бир пикирге (идеологияга) негизделбеген бийликтин натыйжасы ушундай болору табигый. Анда бардык саясий күчтөр жеке кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюп, бири экинчиси менен келише албайт. Аларды бириктире алуучу идеология жоктугу себептүү, кызыкчылык аларды бириктире албайт. Мамлекет жана калк болсо алардын ачкөздүгүнүн курмандыгына айланып, чет өлкөлөрдөн карыз болуп, башка мамлекеттерге жана эл аралык куфр системасына көзкарандылыгы күчөй берет!

Абдураззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here