Мыйзам бузуулар жөнүндөгү Кодекске киргизилген өзгөрүүлөр 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет

386
0

Мыйзам бузуулар жөнүндөгү Кодекске киргизилген өзгөрүүлөр  2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет

Кыргыз Республикасынын мыйзам бузуулар жөнүндөгү кодексинин бир топ беренелерине киргизилген өзгөрүүлөр 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирди. Төмөндө ошолордун бир катары менен тааныштырып өтөбүз.

  1. Коомдук жайларда түкүргөндүгү үчүн 5500 сом айып пул салынат.
  2. Уруксат берилбеген жерге таштанды таштоого же таштанды өрттөөгө 5500 сом айып пул салынат.
  3. Суу түтүк кудуктарынын капкагын ачык калтырганга 5500 сом.
  4. Коомдук жайда тынчтыкты бузганга 5500 сом. Дагы башка ушул сыяктуу жаза-чараларда айып пулдун көлөмү он эсеге чейин көбөйтүлдү.

Унаа ээлерине жана айдоочуларга карата айып пулдар 1000 сомдон 45000 сомго чейин көтөрүлдү. Элден мүмкүн болушунча көбүрөөк айып пул өндүрүүнү көздөгөн “ Акылдуу шаар” долбоору ишке киришкени турат. Бул долбоор боюнча өткөрүлгөн тендерде тандалган компания шаарларды борборлоштурулган фото жана видео байкоо камералары жабдыйт. Натыйжада, ар бир кылмыштык аракеттер борбордук компьютерде каттоого алынып, жарандардан өтө чоң өлчөмдө айып пулдарды өндүрүү механизми ишке түшөт. Мындай долбоор Европа Союзу, Грузия жана Россия сыяктуу бир катар экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө колдонулууда.

Бирок Кыргызстан жарандарынын жашоо деңгээлин эсепке алсак, бул долбоордун тынч гана ишке ашуусуна күмөн пайда болот. Башкача айтканда, Кыргызстан калкынын жашоо минимуму 4700 сомго барабар! Карылардын пенсиялары да мындан ашык эмес! Орточо айлык акынын өлчөмү быйыл 15000 сомго жетти. Жумушсуздардын саны – дүйнөлүк өлчөө менен алганда – рекорддук деңгээлде. Себеби, Кыргызстан мамлекети ар бир жаранын жумуш менен камсыздоо проблемасын өзүнүн мойнундагы милдет деп эсептебейт. Себеби, Орто Азия калкынын көпчүлүгүндө мамлекеттик ишканалар жокко эсе. Жарандар өз оокатын өздөрү өткөрүшөт. Бийликтегилер өздөрүн – жарандардын жашоо деңгээлинен, жарандарга шарт түзүп берүүдөн жана жумуш менен камсыздоодон – жоопкербиз деп эсептешпейт.

Кыргызстан өкмөтү жогорудагы кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ахмактарча сыймыктанып жатат. Негизи, ал жарандарына жазана салыштан мурун, алардын акысын өтөөлөрү керек болчу. Качан жаран жыргалчылыкта жашамайынча, өкүмдар жыргап жашабашы керек, бул анын вазыйфасы. Саййидибиз Умар ибн Хаттоб р.а. заманында ачарчылык жүз бергенде, “Умар ачарчылык жылы адамдардан бул нерсе көтөрүлмөйүнчө бир тиштем да нан жебестикке ант ичти. Ошондуктан, Умар р.а.нун иреңи купкуу болуп кеткен”. Умар р.а. валийлерине да ушундай кылгыла деген. Мисалы, Утбага минтип жазган: “Амма баъд, сен өз ордуңда тоюп жеген нерседен өзүңдөн мурун мусулмандарды тоюндургун”. (Байхакий “Сунанул Кубродо” иштеп чыккан).

Кыргыз бийлиги жогорудагы жаза-чараларга кылмыштын алдын алуу, же элдин бейпилдигин камсыздоо чекитинен туруп карабады! Тескерисинче, бул кодекстерден көздөлгөн максат, өздөрүнүн саясий жана экономикалык каталары себептүү бошоп калган казынаны толтуруу болду! “Жылкыңа ченеп ышкыр, мурдуңа ченеп бышкыр” дегендей, бул долбоор – Кыргызстан үчүн эрте колдонулуп жаткан долбоор болуп эсептелет. Өкмөт бул кодекстер аркылуу өлкөдөгү коррупцияны ого бетер күчөтүп жиберет. Күч түзүмүнүн кызматкерлерине, чиновниктерге жана юстиция тармагындагы кызматкерлерге өтө ыңгайлуу шарт түзүлдү. Алар бул кодекстерди коррупцияда курал катары пайдаланышат.  Элдин нааразылыгы ого бетер күчөйт. Өкмөт ушунун алдын алуу максатында пенсия жана айлыктарды бир аз көтөрүп коюшу мүмкүн. Бирок, элдин жарымынан көбү жумушсуздуктун айынан чет өлкөлөрдө оор жумуштарда иштеп жүргөнүн эсепке алсак, бизди өкмөт дагы бир жолу алдаганын түшүнөбүз!

Абдураззок.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here