Владимир Норов ШКУнун башкы катчылыгы кызматына киришти
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары Кеңешинин чечимине ылайык, Владимир Норов 2019-жылдын 1-январынан баштап ШКУнун башкы катчылыгы кызматына киришти. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Норов буга чейин Өзбекстан президентинин алдындагы Стратегиялык жана аймактар аралык изилдөөлөр институтунун директору кызматын аркалап келген.
Владимир Норов ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары кеңешинин Циндаодогу саммитинде ШКУнун башкы катчылыгына тастыкталган.
Норов бул кызматка Тажикстандын өкүлү Рашид Алимовдун ордуна келди. Ал 2019-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-декабрына чейин ШКУнун башкы катчысы болуп турат.