Трамп Сириядан аскерлерди алып чыгуунун мөөнөтүн 4 айга узартты

495
0

Трамп Сириядан аскерлерди алып чыгуунун мөөнөтүн 4 айга узартты

АКШ президенти Дональд Трамп Сириядан 2 миң америкалык аскерди алып чыгуу мөөнөтүн  төрт айга чейин узартууга ыраазы болду. Бул тууралуу “Коммерсантъ” президенттик админстрациядагы булактарга таянуу менен кабарлады.

Буга чейин, Трамп аскерлерди алып чыгуу 30 күн ичинде аякташын билдирген эле.

Трамп “Twitter”деги баракчасында: “ИШИМ”себептүү тартип болбогон Сирияда мен ишке ашырган ишти, Дональд Трамптан башка кимдир бирөө ишке ашырганда, ал улуттук баатыр болмок”, – деп жазды.

Анын айтышынча, “ИШИМ”дин калдыктарын жок кылуу үчүн аскерлерди алып чыгуу мөөнөтүн узартуу зарыл.

19-декабрь күнү Трамп Сириядан Америка аскерлери чыгарыла башташын кабарлаган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here