Кытай балээсинен кутулуунун чарасы барбы

449
0

بسم الله الرحمن الرحيم

Кытай балээсинен кутулуунун чарасы барбы

Үммөт өз жетекчисин жоготкондон бери башы балээден чыкпай келет. Бул балээден биз эле эмес, Үммөттүн ар бир бөлүгү жабыр тартып келе жатканы эч кимге сыр эмес. Ал тургай мусулмандардынн зулум көрүшү табигый иштей көрүнүп калды. Буга мисал келтирүүнүн зарылдыгы жок. Сомали, Чеченстан, Бирма, Сирия, Яман же Чыгыш Түркстан (Уйгурстан)дагы зулумдарды актоочу бир да себеп жок.  

Советтер Союзу кулай элегинде бул сыяктуу зулумдар Орто Азия калктарына өтө жашыруун колдонулуп, канча зулум кылышса да ашкере кылынбайт эле. Советтер Союзу тарагандан кийин бул сыяктуу зулумдар “эгемендүүлүк” пардасы артында ашкере болбостугуна аракет кылынган. Эми Орто Азия калктарына ашкере кулдук доору т.а. ашкере зулум кылууга өтүү доору кирип келе жатканы көрүнүп калды. Ушул орунда: Бул балээлерден, айрыкча Кытай балээсинен кутулуунун жолу барбы? – деген суроо пайда болот.

Бул суроого калкым деген мекендештерибиз ар түрдүү пикирлерди билдирип жатышат. Айрымдар, туйудан келип чыккан “кытай(хансу)ларды өлкөдөн кууп чыгыш керек, көрүнгөн жерде мал-дүйнөсүн талап-тоноп, үй-жайларын өрттөш керек…” деген сыяктуу пикирлерди айтышууда. Колонизаторлордун көздөгөн максаты да мына ушул, себеби Кытай бизди күч менен басып алуу үчүн ушул сыяктуу шылтоо, себептерди күтүп жатат. Өз жарандарын коргоо шылтоосу менен бизди ашкере коркутууга, өз жарандарынын куну катары кен-байлыктарыбызды тартып алууга аракет кылат. Туйгу негизиндеги бул сыяктуу пикирлер куфрдун гана пайдасына болот.

Бала-чака багуу үчүн башка өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибизди артка кайтаруу менен да – ал тургай алар миллиондогон болсо да – эч нерсе өзгөрбөйт. Кытайдын кирип келишине бизде элдин саны азайып кетиши себеп болгон жок. Бул коркунуч Кыргызстан үчүн эле эмес, Тажикстанга, Казакстан жана Өзбекстанга да тийиштүү болушу мүмкүн. Кытайды “көпчүлүк” токтотуп коё албайт.

БУУ сыяктуу эл аралык уюмдар болсо, аны негиздөөчүлөрдүн гана пайдасына иштейт. Буга биз күн сайын күбө болуп жатабыз. Ал уюмдар, айрыкча АКШ же Европа, Россия сыяктуу мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн гана ишке киришет. Сөз мусулмандар жөнүндө болгондо, алардын көздөрү сокур, кулактары дүлөй болуп калат. Канчалаган бейкүнөө адамдардын жаздыгын куураткан, ал тургай, наристелер менен аялдарга карата болуп жаткан жырткычтыктарга көз жумган БУУдан жакшылык күтөбүзбү?

Адам Укуктарынын Жалпы Декларациясындагы;
1‐берене
Бардык адамдар өз беделинде жана укуктарында эркин жана тең укуктуу болуп жаралат. Алардын аң‐сезими менен абийири бар жана бири‐бирине бир туугандык мамиле кылууга тийиш. 2‐берене 
Ар бир адам расасына, терисинин түсүнө , жынысына, тилине, динине, саясий же башка ынанымдарына, улуттук же социалдык негизине, мүлкүнө, тек‐жайына же башка абалынын айырмачылыктарына карабастан, ушул Декларация аркылуу жарыяланган бардык укуктар менен эркиндиктерге ээ болууга тийиш. 
Андан тышкары, адам жашаган аймактын көз каранды эместигине, көзөмөлгө алынгандыгына, өзүн‐өзү башкарбагандыгына же эгемендигиндеги кандайдыр‐бир чектөөлөргө карабастан ал өлкөнүн же аймактын саясий, укуктук же эл аралык статусунун негизинде эч кандай айырмачылыктар болууга тийиш эмес.
3‐берене 
Ар бир адам жашоого, эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укуктуу.
4‐берене 
Эч ким кулчулукта же эрксиз абалда болууга тийиш эмес; кулчулук менен кул сатуучулуктун бардык түрлөрүнө тыюу салынат.
5‐берене 
Эч ким кыйноолорго же ырайымсыз, адамкерчиликсиз же анын беделин түшүрүүчү мамилеге жана жазалоого дуушар болбоого тийиш.
6‐берене 
Кайсы гана жерде болбосун ар бир адам өзүнүн укукка ээ субъект экендигинин таанылышына укуктуу… деген беренелер мусулмандар үчүн иштебейт. Дүйнөдө болуп өткөн канчалаган акыйкатсыздыктарга күбө болгон адамдын алардан үмүттөнүшү акмактык болуп эсептелет.

Же бийликтен нажат күтөлүбү? Кытай балээсинен кутулуу чарасын бийликтегилерден үмүттөнүү орундуубу? Кыргызстанды карызга батырып, ушул абалга алып келген ошолор эмеспи? Алардын өлкөнү куфр чеңгелинен куткарууга жана жаңы балээлерден сактап калууга аң-сезимдери да, мүмкүнчүлүктөрү да жетиштүү деп ойлойсуңарбы? Алар курфга малайлык кылып, эл-журт үчүн аракет кылгандарды эле эмес, бейкүнөө адамдарды, ал тургай аялдарды да камап жатышат го. Бири кетип, башкасы келип жатса да, мусулмандарга карата зулум ошол бойдон, өзгөрүүсүз калууда. Негизи биздин башыбызда турган бул система куфрдун программасы болуп эсептелет. Канчалык акыйкатчыл, элим деген адам бийликке келсе да абал өзгөрбөйт. Эки дүйнө кордугунан кутула албайбыз. Же сизде башка негиздүү бирер пикир барбы?

Биздин оюбузча, Ислам дүйнөсүндөгү улуттар өздүгүнө кайтышы керек, башкача айтканда, бир Үммөт абалына кайтуудан башка чара жок. Эгерде Үммөт бир мамлекетке бириксе, биздеги азыркы армиянын саны 10 милиондон ашып кетет. Үммөт жетекчиси болгон Халифа Үммөттү куфр чеңгелинен куткаруу үчүн кайрылган учурда 100 миллиондогон армия даяр болот. Мужахиддерди бириктире турган бир жетекчиси жок, саны жүз миңге жетпеген бир нече мусулман топтор “проблемасын” АКШ НАТО аркылуу чече албай, Россия, Түркия жана Иранды ишке салып жатканын эсепке алганда, Үммөт армиясынын башында малай акимдер эмес, калыс жетекчи болсо, Кытай эле эмес, бүтүндөй куфр дүйнөсү зулумдарын дароо токтотот. Ал тургай, армияны ишке салууга да зарылдык калбайт. Себеби, алар коркок калктар болуп, мусулмандар армияларынын башында өздөрүнүн малайлары турганы үчүн гана чектен чыгып жатышат.

Абу Зар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here