Доллардын дүйнөлүк экономикага көзөмөл кылуусунда “артка эсептөө” доору башталдыбы?

677
0

Бисмиллахи рахмаанир рахиим 

Доллардын дүйнөлүк экономикага көзөмөл кылуусунда “артка эсептөө” доору башталдыбы?

Суроо:

 Кээ бир өлкөлөрдүн айрыкча Орусия, Кытай, ЕБ сыяктуу ири өлкөлөрдүн доллардын оордун баса турган башка валюта чыгарууга болгон аракети көзгө көрүнө баштады. Ал тургай кээ бир эл аралык келишимдерде жергиликтүү акча бирдиги менен мамиле кылуу  келишимдери да ишке аша баштады. Мисалы: 2018.10.31  Орусиянын S 400 ракетасын Индияга сатуу келишиминде Орусиянын акча бирдиги менен болуусу шартталынды. Ошондой эле бир ай мурда Түркия менен да ушуга эле окшош ракеталардын баасын төлөөдө эки өлкөнүн акча бирдиги менен болуусу шартталынды. Муну Эрдоган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн сааммитти учурунда айтып өттү…. Кытай Ирандан импорт кылган мунайдын баасын “Petrooyuan” менен төлөөсүн билдирди. Жана дагы Кытайдын борбордук банкы шериктеши Жапония менен 200 миллиард юан (29 миллиард доллар) 3,4 трилион Жапония йенине барабар (31 миллиард доллар) эки тараптуу келишимге кол койду.   Ошондуктан доллардын дүйнө экономикасына көзөмөл кылуу доорунун “артка эсептөө” мезгили башталдыбы?

Жооп:

  Жооп ачык айкын болушу үчүн доллардын дүйнө экономикасында ээлегенпозициясынын вакыйын ачыктап өтүү зарыл:

Биринчиден: доллардын ээлеген позициясы 1944 жылы “Bretton Woods”келишими аркылуу пайда болду. Америка бул келишим алкагында экинчи дүйнөлүк согушта зыян тартпаган тарап катары өз басымын  өткөрө алды… Мына ушундайча өнөржайы өнүккөн он өлкө  жергиликтүү акча бирдиктеринин курсун долларга сүйөнүү аркылуу белгилей турушкан болушту. Ошондой эле Америка бир унция алтын 35 долларга барабар болуусуна  макул болду. Андан кийин доллар  башка өлкөлөрдүн борбордук банктарында алтын менен камсыздалган туруктуу акча бирдиги катары айлана баштады. Ал убакта Американын алтын резервдик кору дүйнөлүк запастын үчтөн экисин түзгөн. Дүйнөнүн башка өлкөлөрү калган үчүнчү бөлүгүнө ээлик кылышкан… Бирок тышкы чыгымыдардын төлөмдөрүнүн көп болуусуна байланыштуу АКШнын алтын этиятык запасы алсыздай түшүүсүнө алып барды. 1961-1970 жылдар аралыгында 5 миллиард долларга азайган.  Алтындын этиятык запасын сактап калуу максатында Америка мамбашы Никсон 1971-жылы  долларды алтынга алмаштырууну токтотуу чечимин чыгарган. Муну менен доллардын алтынга байлануусу  аягына чыкты…

  Ушундан кийин бул жаңы акча системасы аркылуу Никсондун админстрациясы чынжырланган келишимдер аркылуу Саудия мамлекети менен 1972 -1974 жылдар аралыгында мамиле кылды.   Анын натыйжасында “нефтедоллар” түшүнүгү пайда болду. Анткени дүйнөдө ири мунай өндүрүүчү болгон Саудиянын мунайы доллар менен бааланган, мунайга муктаж башка эл аралык өлкөлөр мунайды доллар мен сатып алууга муктаж болушту. Ошондуктан бул нерсе алардын бул жаңыча акча системасы менен алака кылууларына негизги себептерден болуп калды. Ошондой эле Саудия мунайдан түшкөн миллиардаган доллар кирешелерин Американын курал өндүрүшү,  инфраструктуралары жана АКШнын казына облигацияларын сатып алуу аркылуу кайрадан  айланып турушуна маакулдук берди. 1977-жылдын кирип келиши менен жалпы казына облигацияларынын 20%ы Саудия колунда болду… Эгер баасы доллар менен эсептелип жаткан алтындымунайга кошуп карай турган болсо. Эл аралык мамлекеттер долларга ээлик кылууга умтула турган болуп калышты. 2000-жылга чейин дүйнөлүк борбордук банктын этиятык акча резерви доллар менен 71%га жетти. Бул жылдан кийин 62%га түштү. Ошондой эле дүйнөлүк карыздардын 40%ы доллар менен белгиленген.

Экинчиден: Бүгүнкү күндө Америка доллары дүйнөлүк мамилеге көзөмөл кылат. Бул кырдаал Америка доллары үчүн ири жасалма базарды жаратып берет. Мына ушул нерсе баардык жергиликтүү акча бирдиктеринен долларды айырмалап турган нерсе. Доллар ортомчулук алакасын аткарып берүүдө чек жок болуп азыркы учурда 5.4 трилиондон ашыгыраакка чейин жетип барды. Мунун Америка өндүрүшүнө же кызматтарына эч кандай тиешеси жок. Көңүлдү бура турган нерсе күнүмдүк чет элдик акча жүгүртүүлөрдүн 84.9%ы доллар менен жүгүртүлөт. Американын өзүнө тийиштүү өлчөмү мунун жарымынын азыраагын гана түзөт. Ошондуктан башка өлкөлөр өзүнүн соода алака иштерине доллар менен мамиле кылаарын көргөзүп турат.  Доллардын экономикалык күчү Американы башка өлкөлөрдү экономикалык жана финансы жагынан зекип туруу кубатына ээ кылды. Ал эле эмес, Америка бутага алып зекип турган өлкөлөр менен башка өлкөлөр да алака кылуусун тосуп койо турган кубатка ээ кылды. Америка мындай ырайымсыз жол-жобосун (SWIFT) (банктар ортосундагы дүйнөлүк телекоммуникациялык байланыш) аркылуу ишке ашырат. Бул система доллардын жүгүрүүсүн жөнгө салып турган система. Доллар дүйнөлүк резервдик акча бирдиги болгондуктан (SWIFT) системасы эл аралык доллар системасынынын айланып турушун жеңилдетип турат. Дүйнөнүн булуң бурчундагы баардык өлкөлөр бул система аркылуу алакаларын жөнгө салып турат. Эки тараптуу алкалар долларга сүйөнүү негизинде кылынуусун кепилдөө үчүн иш алып барат. Мисал катары, Орусия менен Кытай  товар жана кызматтарды алмашууда (SWIFT) системасы аркылуу доллар менен жөнгө салынмайынча жергиликтүү акча бирдиги менен алкака кыла алышпайт. Америка (SWIFT) системасы аркылуу ырайымсыз экономикалык жаза колдонуп койушу толук ыктымал… Ушул системага таянуу менен Америка 2014 -2015-жылдары эки өлкөнүн оротосундагы алака солгундашы менен Орусиянын бир нече банктарын (SWIFT) ден тосуп койду. 2018-жылы ноябрда Америка (SWIFT)ди колдонуу аркылуу Иранга карата ырайымсыз экономикиалык санкцияларды киргизди. Анын натыйжасында көптөгөн Европа компаниялары Америкадан коопсураганы үчүн  Иран менен түзгөн келишимдерин аткаруудан баш тартышты…

 Жогоруда айтып кеткенибиздей   доллар дүйнөлүк резервдик акча бирдиги болуп саналат. (өткөн жылдын аягында 146 дүйнөлүк борбордук банктардын резервинде доллар 64% түздү. Экинчи оорунда евро 20% менен. Жапон йени жана фунт стерлинг 5%ды түздү. Ал эми Кытайдын юаны бул банктарда болгону 108 миллиард тактап айтканда 1%га  жетпеген пайызды түздү. (www.alquds.co.uk) 2018.08.19

 Үчүнчүдөн: Доллардын таасирин азайтуу максатында дүйнөдө салмакка ээ мамлекеттер эки багытта кетишти. Европа багыты – долларга каршы ат салышуу максатында 1999-жылы евро жүзөгө келди. Анын толук айлана башташы 2002-жылдан башталды. Бул багыт долларга каршы ат салышууга кудуретүүбүз деп өздөрүнө ишенген экономикалык жактан кудуреттүү болгон Европа мамлекеттери тарабынан ишке салынган. Ал эми Орусия Кытай сыяктуу  экинчи багыттагы мамлкеттер болсо ошол маалда(евро пайда болгон маалда) долларга каршы ат салышууга кудуретсиз болушкандыктан алардын аракетти кечигип калды. 2008-жылкы финансы кризисинен улам алардын резервиндеги долларлар күйүп кетишинен коопсурап калышты. Анын натыйжасында доллар кожоюндугуна чек койу максатында алар дагы эски Европалыктардын аракетине кошулушту.

 Мына ушундайча 2008-жылкы экономикалык кризис дүйнө өлкөлөрүнө доллар темасы тууралуу коңгуроо кагып аларды доллардын таасиринен кутулуу тууралуу пикирлөөгө түртү. Бирок муну дагы да тездетип жаткан нерсе бул Трамптын чагымчылдыгы жана анын санкциялары болду.  Трамп администрациясы кабыл алган жаңы саясат дүйнөдөгү башка ири өлкөлөрдү доллар кожоюндугуна чек коюу аракеттерин дагы да күчөттү. Трамптын “Америка биринчи” деген саясий урааны – ансыз деле баардык Америка администрациялары Америка кызыкчылыгы үчүн иштеп келген. Бирок Трапмтын администрациясы башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгын теңине албоону өзүнө жол тутуп алды. Трамп Европа өлкөлөрүнөн аларды Америка аскерий жактан коргоп келгендиги үчүн арткы эсеп менен акы төлөөсүн талап кылды. Кытай менен соода согушун тутандырды. Жапония менен Түштүк Кореядан аларды Түндүк Кореянын ракетасынан коргоп жаткандыгы үчүн акы төлөөлөрүн талап кылды. Трамп Иранга каршы санкция киргизгенде аны  баардык доллар колдонуучуларды да өз ичине ала турган кылып койду. Башкача айтканда ким доллар колдонсо ал Ирандан мунай сатып ала албагандай кылып койду. Анткени Кытай дүйнөдөгү ири мунай импорт кылуучу болуп саналат. Трамптын мындай аракети Кытайды  доллар  колдонуусун токтотууга карай козгоду. Айрыкча ал Америка менен соодо согушуна сүңгүп кирген учурда ушундай болду. Ошондуктан 2018-жылдын мартында Шанхай келечек келишимдер биржасы биринчи келечек келишимдерин чет элдик инвесторлорго карата эшигин ачты. Бул келишим келечек мунайы үчүн тактап айтканда азыркы учурдагы WTI стандарты жана баасы доллар менен белгиленген брент мунайга карата каршы ат салышуу үчүн, баасы юан менен белгиленген мунай келишими болуп саналат.

  2008-жылы Америкадагы финансы кризиси жарылгандан кийин анын кесепети көптөгөн өлкөлөргө тийди. Кийин Трамптын ички өндүрүштүү коргоо саясаты, соода согушу акча жана экономика жаатында кылып жаткан саясатынын натыйжасында доллар кожоюндугунан кутулуу аракети дагы да күчөдү.

 Төртүнчү: Ошондуктан Трамптын мындай аракеттери дүйнөдөгү кээ бир өлкөлөрдү айрыкча көз каранды эмес өлкөлөрдү козголууга түртү. Балким кээ бир учурларда Америка кемесинде сүзгөн мамлекеттерди да аркетке келтирген учурлар кездешип жатат. Бирок кандайдыр бир таасирге ээ болгон аракеттер, көз карандысыз өлкөлөрдүн аракеттери болуп саналат. Анткени Америка кемесинде сүзгөн өлкөлөр кээ бир учурда гана аракетке келип кайра токтоп кала берет. Себеби алар Америка кемесинде болгондуктан түздөн түз Америка менен каршылашууга бара албайт.  Бул мамлекеттерге төмөндө көз чаптырып өтөбүз:

 Көз карандысыз мамлекеттердин аракеттери.

 А. Орусия: 2009-жылы Орусия мамбашы Медведев Лондондогу чоң сегиздик жыйналышында доллардын ордун баса турган жаңы  “дүйнөлүк акча бирдигин” сунуштаган. “Баардык өз ара  соода жана инвестициялык келишимдер өзүнчө акча бирдиги менен болуусуна” Кытай, Орусия Индия, Түркия жана акыркы учурларда мунай өндүрүүчү башка өлкөлөр да макул болушкан.  Бирок буларга карабастан алтын жана мунайдын баасы дагы эле доллар менен белгиленип келүүдө. Орусиянын улуттук акчаны башкага алмаштыруу жана Орусия мунайын доллардан башка акча бирдиги менен болуусун кайра кайра какшап жар салып жатканынын себеби 2015-жылы Украинанын чыгышындагы Крымды Орусия басып алгандан бери Американын Орусияга каршы эконимкалык санкция киргизип жатандыгынан келип чыкты. Буга кошумча Орусиянын 2016-жылда Америкадагы шайлоолорго аралашты деген иликтөөлөр да буга кошул-ташыл болду.

 Кийин Америка 2015-жылдан бери туруктуу санкцияларды киригизүүнү күчөттү. Конгресс  санкцияларды акырындык менен киргизип кеңейтип барууну колдоду. 2017-жылы августта чыккан “Америкага каршы душманга санкция аркылуу каршы туруу” мыйзамы ишке салынды.  Орусияга каршы күчөтүлгөн санкциялар койулду. Бул күчтүү иш-аракет Орусияга каршы каратылды. Бул иш-аракет Орусиянын ири банктарын доллар менен болгон байланышын кесип койууга чейин алып барды. Анын натыйжасында рубль доллар каршысында 18% төмөндөдү.  Мунун баары Орусиянын карызы 58% доллар менен болуп турган учурда ишке салынды. Т.а. учурда карызынын жарымынан ашыгы доллар менен. Ошондуктан Орусия карызын азайтуу үчүн долларды колдонууда кыйын абалга кептелип калды. Орусия өзүн финансы, эконимикалык жактан доллар кожоюндугунан азат болуу абалында да кыйынчылыка туш келди. Путин Дума алында мындай деди: “Биз экономикалык үстөмдүгүбүздү күчтөөбүз зарыл. Мунай биржада доллар менен сатылат ошондуктан бул оорчулуктан кандай кутулууну пикирлөөбүз зарылчылыктардан… дагы улап: Биз өткөн жылдар аралыгында дүйнөлүк соода жана экономика жаатында белгиленген принциптердин негизинде жоопкерчилик болот деген үмүт менен ишенчээктик иш алып бардык. Азыр болсо ВТОнун көптөгөн укуктарды бузуп жаткандыгына күбө болуп жатабыз. Бул жерде санкция деген саясий өңүттөгү көптөгөн чектөөлөр койулуп жатат.” (дуня ватан, 2018.05.09 ) Ммындан кийин Орусия өзү ээлик кылган 2008-жылы баасы туу чокуга  чыккан 223 миллиард доларлык Американын казына облигацияларын акырындык менен азайта баштады. Өткөн жылдын аягында анын 100 миллиард долларга жакыны гана калды. Американын Орусияга каршы киргизген санкциялардын негизинде 2018-жылдын апрель-май айларында бул облигациялардын көпчүлүк бөлүгүн кыскарты. Орусия азыркы учурда бул облигациялардын 14,5 миллиардына гана ээлик кылат…

 Ошону менен биргеликте эле Орусия рублду доллардын ордун баса турган кыла албайт. Анткени салмака ээ мамлекеттердин рублга ишеними өтө эле төмөн. Себеби дүйнөдөгү мамлекеттер  акча базарында туруктуу эмес рублду сатып алууга кызыкдар эмес. Б.а. дүйнө мамлекеттери рублду резервдик акча катары рол ойношуна ишенишпейт. Мына ушундайча Орусиянын аракети өзүнүнөн энергия сатып алган кээ бир мамлекеттерди рубл аркылуу сатып алышына кысым кылыштан нары өтпөйт. Бирок ошого  карабастан рубль доллардын ордун баса албайт… Орусия  пресс-секретары Песков “Financial Times”тын журналисттерине берген маегинде мындай деди: “чыгышта эле эмес батышта да долларга көз каранды болуудан кутулууну пикирлеп жаткан мамлекеттердин саны өсүүдө. Алар кокустан А. же Б. же Г. пландарынын бирөөсүн туура деп таап калуулары мүмкүн. Эгер эретелеп пикрилесең өзүңдү куткарып каласың. Долларды жоюу белгилүү деңгээлде мүмкүн иш. Бирок ал сен долларга байлануудан чыгууну каалооңо  байланыштуу эмес. Балким андан кийин орун басар кандай болот ошого байланыштуу. Евробу? Же Йенби?  Же биткойнбу?”. Орусия борбордук банкынын мурунку оорун басары Кориченко мындай деди: “бул тандоолордун ар биринин өзүнүн чыгымдары бар. Биз доллар менен бирге боло турган жана жаңы позиция менен боло турган чыгымдарды салыштырып карап чыгуубуз керек. (Financial Times, 2018 октябр)  ушунун баары көргөзүп тургандай Орусия жооптуулары өзүлөрү рублдун доллардын орун басары катары болушуна күмөндө… !

Б. Кытай: Кытай өзүнүн акча бирдиги юанды дүйнөдөгү күчтүү ат салыша турган валюта кылууга мүмкүндүгү бар. Бирок анын дүйнөлүк саясий мейкиндиги (горизонту) тар. Анын дүйнөлүк саясий мейкиндигинин тардыгы дүйнөлүк экономика жаатында Америка менен ат салышууда ага таасирин тийгизет. Ошондуктан анын экономикасынын гигант болгондугуна карабастан соода алакасы жаатында өзүнүн акча бирдигин киргизүүгө кудурети жетпеди. Балким долларга таянууга гана чектелип калды. Акыркы жылдар аралыгында ири суммадагы 3-4 триллион долларды резервке топтоду. Ошондой эле, ал Американын финансы институттарынан кыйгап өтүүгө аракет кылганына карабастан Орусия, Индия, Бразилия жана түштүк Африка менен биргеликте BRIX экономикалык алкагын түздү. BRIX уюмундагылардын экономикалык көлөмү 15 триллион долларды түздү. Бул көрсөткүч 74 триллион доллар болгон бүткүл дүйнөлүк экономиканын 20% пайызын түзөт. Ошондой эле 2015-жылдын июлунда Шанхайда бүткүл дүйнөлүк банкка альтернатива катары баштапкы капиталы 50 миллиард доллар, кийинчерек 100 миллиард долларга жете турган карыз берүүчү жана долбоорлорду колдоого ала турган банкты негиздеди.  Ошону менен биргеликте эле ал доллардан баш тартпады.

  Трапм Иранга каршы санкция киргизгенде аны  баардык доллар колдонуучуларды да өз ичине ала турган кылып койду. Башкача айтканда ким доллар колдонсо ал Ирандан мунай сатып ала албагандай кылып койду. Анткени Кытай дүйнөдөгү ири мунай импорт кылуучу болуп саналат.  Трамптын мындай аракетти Кытайды  доллар колдонууну токтотууга карай козгоду. Айрыкча ал  Америка менен соодо согушуна сүңгүп кирген учурда. Ошондуктан 2018-жылдын мартында  Шанхай келечек келишимдер биржасы биринчи келечек келишимдерин чет элдик инвесторлорго карата эшигин ачты.  Бул келишим   келечек мунайы үчүн тактап айтканда азыркы учурдагы  WTI стандарты жана  баасы доллар менен белгиленген брент мунайга карата каршы ат салышуу үчүн баасы юан менен белгилген мунай келишими болуп саналат. Ошондуктан бул аракеттин баардыгы  доллардын туруксуз болушуна алып келиши мүмкүн.

 Ал эми Кытайдын доллардан биротоло кутулууга же аны туруксуз кылууга  маанилүү иш жасоодон тосуп жаткан нерсе бул анын экономикасынын Америка долларына тыгыз байланып калгандыгы болуп саналат.  Америка менен Кытайдын жылдык соода көлөмү 500 миллиард доллар көлөмүн чапчыйт. Ал азыркы учурда1170 миллиард долларлык Америка казыналык облигацияларынаээлик кылат. (Saixin гезитинин сайты 2018.09.20) Бул көрсөткүч 2013-жылы 1300дөн ылдыйлаган.  Ал мынча ири суммадагы облигацияларга ээлик кылган дүйнөдөгү бирден бир өлкө. Кытайдын резервинде 3-4 триллион долларды түзөт. Буга кошумча Кытай 2016-жыл аралыгында дүйнөгө 2.1 триллион долларлык өнүм экспорт кылган жана 1.6 триллион долларлык өнүм импорт кылган.  ВТОнун (ДСУ) маалыматына ылайык ал дүйнөдөгү АКШдан кийинки эле соода гиганты болуп саналат.

  Мына ушундайча Кытай соода жаатында доллар менен  тыгыз иш алып барат жана үлкөн суммадагы казыналык облигацияларга ээлик кылат. Ушул себептүү аны долларды туруксуздукка алып бара турган бирэр бир кадам жасашында бир кадам алдыга эки кадам артка сүрүп жатат. Американын ийгилиги бул эл аралык соода жаатында Кытайды доллар менен соода кылууга тартып алуусу, Кытайды да доллардын туруксуз болуп кетишине баш катыра турган кылып койду.  Анткени эгер доллар туруксуз болуп кетсе дүйнөдө эң эле жапа чегип кала турган бул – Кытай өзү экендигин жакшы түшүнөт. Ошондуктан бул нерсе аны өзүндөгү ири запас болгон доллар жана облигацияларды сактап калууда долларга каршы бирэр бир иш кылууда абайлап жана четтеп турууга түрттү. Ал тургай кытай менен Орусия отртосундагы соода бүтүндөй доллар менен эмес болгон күндө да бул маселени чече албайт. Анткени эки тараптын жылдык соода алакасы 120 миллиард долларды түзөт. (ArabicChina 2018.09.23) Бул көрсөткүч 20 триллион долларды түзгөн  дүйнөлүк соодага салыштырмалуу шоона эшпей калат. Ошондуктан доллар кожоюндугунан азат болуу кадамында Кытай Орусияга караганда өтө аяр кадам кылат.

   Доллар менен алака кылуунун зарар-кесепетин Кытай түшүнүп жеткендиги көрүнүп турат.  Мейли резервиндеги триллиондогон доллар же ири суммадагы Америка казына облигацияларына ээ болуу болбосун айырмасы жок… Анын кесепети үлкөн экенидигин аңдады…  Дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөр  алтынды сатып алууну көбөйтүштү. Кытайдын алтын запасы 2008-жылдагы 600 тоннадан 2018-жылы 1842 тоннага чейин көтөрүлдү. Бул дегени 2014-жылы туу чокуга чыккан 4 триллион долларга жеткен резервдеги доллары азая баштаганын түшүндүрөт.  (Trading Economics сайты) Маалым болгондой Кытай 2015-жылы өзү эле 700 тоннадан ашык алтын сатып алды. Ал эми Кытай өзү ээлик кылган Америка казына облигацияларын 2008-жылдагы финансы кризисинен кийин сатууга бел байлаган. Кийинки эки жыл аралыгында Кытай ээлик кылган бул облигациялардын кыйматы түшуп кеткен. Бирок Америка Кытайдан Америкага экспорт кылынган оюнчуктардын кооптуу экендиги маселесин көтөрүп анын менен болгон соодага чек коюу менен коркутууга алды. Кытай кайрадан облигацияларга ээлик кылуусун көбөйтө баштады.  Бул 2013-жылга чейин уланды. Бирок Кытай Трамп администрациясы менен болгон соода согушу алкагында кайрадан облигацияларды сата баштады. Ал өзү ээлик кылган бул облигацияларды  конфронтациясыз эле кыскарта баштады. Кийин болсо өзүнүн соода жаатында доллардын ролун акырындык менен азайтуу жолдорун издей баштады. Орусия, Жапония менен жергиликтүү акча бирдиги негизинде келишимдерге кол койду. Ошондой эле мунай баасы алтын менен камтылган юандын негизинде белгилеп сатылышы үчүн Шанхай биржасын негиздеди. Бул биржа  негизделген учурдан баштап  биринчи жыл аралыгында  дүйнөлүк мунай сатуу соодасынын 10%ына  ээлик кылды. Кийин Кытай юан АКУ (СПЗ)дин куржунунда болушу үчүн ага шериктеш болду. Фонд Кытай юанын АКУ (СПЗ) дин куржунуна 2016-жылдын 1-октябрынан баштап кошту. (https://www.imf.org 2016.09.30)

 Жогоруда айтылып өтүлгөндөрдүн негизинде  Кытайдын эбегейсиз доллар жана облигация запасына ээлик кылуусу аны долларга каршы бирер бир таасирдүү иш кылышынан тосуп койот.  Ошондуктан долларга салыштырмалуу эл аралык төлөмдөрдө юан 1.7% эле, ал эми доллар 40%ды түзөт.

 Г. ЕБ

 1999-жылы евро пайда болду. 2002-жылдын башынан баштап евро ЕБтеги белгилүү бир өлкөлөрдө өз ара алакаларда жүгүртүлө турган жергиликтүү акча бирдиктерине алтернатива катары банктык негизде жүгүртүлө баштады. Ал долларга каршы ат салышууга аракет кыла баштады. Анын артында үлкөн экономикага ээ Германия, Франция сыяктуу мамлекеттер турду. Кийин буга Европадагы башка өнөр жайы өнүккөн бай мамлкеттер да кошулду. Ошондуктан евро тез арада дүйнөлүк күчтүү акча бирдигине айланды. Анын артында күчтүү биргелешкен мамлекеттер Америка менен ат салыша турган саясий тассирге ээ болуусу да мүмкүн болду.  Алардын алдында өз алдынча армия тикелөө мүмкүнчүлүгү да жаралды жана алар ага да аракет кылышты. Евро резервдик акча бирдиги катары эл аралык өлкөлөрдүн борбордук банктарында 20-23%га чейин жетип барды. Бирок евронун дүйнөлүк экономиканы көзөмөлдөй алышына тоскоолдук жараткан нерсе бул Америка алдына Евроапылыктардын саясий, аскерий жана экономикалык жактан чабалдыгы болуп калды. Анткени ЕБ дагы деле өзүн коргоо абалында. Ага карата коркунуч жаралуусу алар үчүн жеңил иштерден эмес. Британиянын андан чыгып кетиши ага болгон ишенимди дагы да азайты. Ошондой эле анын курамындагы өлкөлөрдө сеператистик кыймылдардын пайда болушу жана алардын ЕБден бөлүнүү талаптарын койуусу ЕБке болгон ишенимди алсырашына алып барды… Буга кошумча аларда бирдиктүү саясий токтомдун да болбошу. Ушунун баары еврого болгон ишенимдин азайуусуна алып барат.

2:  Америка кемесинде болгон мамлекеттердин Орусия Кытай жана Европа менен келишимдерди кылуусу:

  • Түркия, Иран, Индия жана Жапония: 
  •  Иран борбордук банкынын мүдүрү Абду Насыр Хамати үч илтик жыйынында (Иран Орусия Түркия) доллардын ордуна улуттук акча бирдиги менен соода кылуу маселеси талкуулангандыгын билдирди. (Тегеран гезити Таймс 2018.09.09)
  •   Түркия, Орусия жана Иран өз ара соода жаатында Америка доллары ордуна улуттук акча бирдигин колдонууга макулдашышты. Жогорудагы булактын маалыматына ылайык Анатолия кабар агенттиги бул агенттик мамлекет тарабынан башкарылат: Иран борбордук банкынын мүдүрү Абду Насыр Хаматинин Тегерандагы билдирүүсүн басып чыккты: “соода алкалары белгилүү бир алмашуу курсунун негизинде жүргүзүлөт…” (https://ahvalnews.com/ar 2018 09 09)
  •  2018-жылы октябрда Кытай менен Жапония  30 миллиард долларлык акча алмашуу келишимине макулдашышты. Бул келишим Жапония үчүн ири келишим болуп саналат…
  •  Орусиянын вице-премьери Юрий Просов 2018.10.31  (С-400 ракета түзүмүн Индияга сатуу келишими Орусиянын рублу менен боло тургандыгын) билдирди. (ASA 2018.10.31)

Орусия жана Кытай жергиликтүү акча бирдиги менен соода кылууга тартып жаткан бул мамлекеттер Америка кемеси менен бирге жүрөт же ага малай мамлекеттер. Башкача айтканда алар Америка саясаты менен бирге жүрөт. Алар доллар колдонуудан же аны резервдик акча бирдиги катары пайдалануудан баш тартуу  жаатында бирер бир чечкиндүү кадам ташташпайт. Көз карандысыз экономикалык чечимдерди кабыл алуу үчүн Кытай Орусия сыяктуу көз карандысыз саясий вужуд керек. Алар Орусия, Кытай менен жергиликтүү акча бирдиги аркылуу соода кылууга келишим кылышкандыктарысебептүү өзгөчө кырдаал учурларында Америкага баш калкалай калышат да иш мурункусундай эле улуна берет: Америка мамбашы Трамп Түркиянын болотуна каршы санкцияларды киргизгенден кийин жана Түркия акча бирдиги лирага карата чабуул кылгандан бери Эрдоган долларды өлкө ичинде колдонууга каршы аны айыптай башатады. Түркиянын карызы 400 миллиард доллардан ашык болуп, анын баары доолар менен алынган. Бул дегени Түркиянын улуттук акча бирдиги лиранын доллар каршысында кунун жоготуусу,  карызды жабууда көптөгөн лираны талап кыла баштаганды билдирет. Анын натыйжасында баалар көтөрүлөт, адамдар запкы тартышат, Эрдгоган адаттагысындай эле куу сүрөөнүн баштайт! Ал эми 3-сентябрда Кыргызстандагы Рух –Ордо маданий борборунда өткөрүлгөн Түрк кеңешинин алтынчы конференциясында Эрдоган мындай деди: “Биз Америка долларынын ордуна өзүбүздүн акча бирдик менен соода кылууну сунуштап жатабыз”, деди. Бул билдирүүнүн акыйкатта оорду жок. Бул акыйкаттан өтө эле алыс. Ошондуктан Түркия негизинен ЕБ менен соода кылат! Ошону менен биргеликте эле ал соодасын бүтүндөй доллар менен кылат. Карызды доллар менен алат. Резервиндеги акчаларынын көбү да доллар менен. Ошондой эле табигый газды, мунайды импорт кылып алууда  баардыгы доллар менен ишке ашырылат…  Кийин Америка ага карата киригизилген санкцияларды алып салды жана иш өз нугунда эле уланып кеткендигине күбө болдук. Түркия санкция алына электен мурда деле улуттук акча менен алака кылууга өзгөчө көңүл бурган жок… Ал эми түрк тилдүү Орто Азия өлкөлөрү Орусиянын саясатына эргешишет. Түркиянын бул өлкөлөр менен соода кылуусу бүтүндөй түрдө улуттук акча менен кылынган күндө да Орто Азия өлкөлөрүндөгү чабал экономикасы себептүү дүйнөлүк соода алдында таасир бере турган суммага жетпейт.

 Ал эми Индия, ал  мурдатан эле Орусия куралын импорт кылып келген. Аны бул ишинен Америка тыйган эмес.  Америка Индияны Азия чөлкөмүндө күн санап өсүп келе  жаткан Кытайга каршы койуу үчүн аны айбат катары күчтөнүп алышына жол ачып койгон.  Индия муну жакшы билет. Ошону менен биргеликте эле Индия тараптан доллардын орун басары катары  рубл же юандын дүйнөлүк акча бирдиги катары болушуна аракет кылышы күтүлбөйт.

 Ал эми Жапония  анын Америка менен тыгыз байланышта экендиги жана Орусия менен болгон алакасы айтпаса да белгилүү. Анын кандайдыр бир иши долларга каршы же доллардын орун басары катары рублду кабыл алып жатат дегенди түшүндүрбөйт.

 Корутунду:

  Долларга каршы бирер бир таасирдүү иш кыла алышы мүмкүн болгон мамлекеттер булар Орусия, ЕБ, жана Кытай. Бирок биз жогоруда айтып кеткенибиздей ар биринин аракети чектелүү. Бирок аларды чектеп жаткан нерселерди жарып өтө алышса долларды ордунан козгоп туруксуздукка салып койушу мүмкүн. Эгер алар бул маселе жаатында  алгылыктуу иштерди кыла алышпаса анда өздөрүнүн резервиндеги долларлар кунсузданып “алсыз доллар” аталышы менен кагазга айланып калат. Америка эбегейсиз суммадагы карызынан запкы тарта баштады.WashigtonExaminer журналынын 2018.10.01 деги маалыматына ылайык (Америка өкмөтүнүн карызы бир жыл аралыгында финансы жактан алып караганда  2018-жылы 30-сентябрда 1.2 трилиллион долларга өскөн. Американын улуттук карызы 2017-жылы 20,25 триллион болгон. 2018-жылдын аягында 21. 52 триллион долларды түздү.)

  Ондогон жылдардан бери чогулуп келе жаткан Американын карызы  өлкөнү финансы кризисине алып барды. Карыздын дагы да үстөкө-босток көбөйүп кетиши 2008-жылдагы акча кризисинен кийин дагы өскөн. Анда 8 триллиондон 21 триллионго секирик жасаган эле.  Бүгүнкү күндөгү Американын карызга тыгылуусу өтө курч абалга жетип баратат.  Болтон муну улуттук коопсуздукка шек келтире турган абал катары баалап аны тез арада чечүү керектигин билдирди. Башкача айтканда бул абал алыс эмес өтө жакын калгандыгын билдирет… Мындай оор кырдаал каршысында Америка ыктыярындагы жападан жалгыз жол бул ири суммадагы агылган долларды басып чыгаруу. Мамлекеттик каржылоо негизиндеги ири суммадагы агылган долларды алып чыгуу карызды жапмак турмай  доллардын кунсузданышына алып барат. Же Америка казына министри атагандай “алсыз доллар” абалына өтөт. Бул дегени дүйнө мамлекеттери соода жаатында доллар менен алака кылбай калгандыгын жана резервдериндеги долларларынан да кол жууп калгандыгын билдирет. Ошондой эле ээлик кылышкан Америка казына облигацияларынан да кол жуугандыктарын түшүндүрөт. Доллардын кунсузданышы менен бул  мамлекеттер эбегейсиз байлыктарынан кур жалак калышат!

 Учурдагы кырдаал ушундай мааалда бул мамлекеттер доллардын ордун баса турган дүйнөлүк акча бирдигин кабыл ала алышпайт. Бирок Орусия жана Кытай башка мамлекеттер менен болгон соода алакаларында жергиликтүү акча бирдиги менен соода кылууну токтотпостон улантышса доллар кожоюндугуна тап бере алышат. Европанын Кытай катарында аракет кылуусу да өтө чоң таасир тийгизет. Алтынды сатып алуу да бул ишке өбөлгө болот. Бирок алтын банктарда товар катары сакталып суроо талап пайда болгондо долларга сатылып туруусунун улануусумаселени оң жагына чечпейт. Же кагаз акчаны камтып туруусу үчүн анын бекем валюта аталышы менен резервде сакталып туруусу да маселени чечпейт. Булардын бирөөсү да маселенин чечими эмес. Балким маселенин чечими качан гана алтын менен күмүш акча бирдиги болгондо гана маселе оң жагына чечилет. Эгер кагаз акча чыгарыла турган болсо анда  анын запасында (мукабалында) алтын жана күмүш болуусу зарыл. Башкача айтканда бекем акча аталышы менен алтын жана күмүш банктардын резервинда товар катары сакталып турбастан ал экөө өзү акча катары айланып турушу зарыл жана эгер кагаз  акча басып чыгарылса ал канча алтын же күмүшкө барабар экендиги көргөзүлүүсү зарыл. Тактап айтканда ар бир өлкөдөгү борбордук банк алтын жана күмүш акчаны чыгарат.  Эгер кагаз акча чыгарса анда ал канча алтын же күмүшкө тете экендигин көргөзөт. Ал кагаз акчаны ким кааласа каалган учурда банкка барып анын мукабалындагы алтын же күмүштү айырбаштап алат. Башкача айтканда ал кагаз акча алтын менен күмүштүн орун басары катары жүгүртүлө берет. Анын кыйматы канча алтын же күмүшкө тете экендиги анын бетинде жазылуу болот. Аны каалаган учурда ошол жазылган алтын же күмүшкө алмаштырып алат. Муну менен  кожоюндук кагаз акчага эмес алтын жана күмүшкө таандык болот… Ошондо гана бир мамлекет кыйматы жок кагаз акча менен башка бир мамлекеттин байлыгын тоноп, алардын аракетин да пайдалана албайт жана душмандык согуш отун тутандыра албайт.  Биз көрүп турганыбыздай  бул ишти кыла ала турган дүйнөдө бир да мамлекет жок.  Бул  ишти кыла турган мамлекет бул – Халифалык мамлекети. Халифалык мамлекети бул ишти кылбай койушу мүмкүн эмес.Анткени шарий өкүм бул Аллахтын буйругу ал буйрукту Пайгамбар с.а.в. иш жүзүндө ишке ашырган. Анын жолунда Хулафаи рошидиндер  жана  1924-жылда Халифалык кулатылганга чейин алардан кийинки халифалар жүрүшкөн. Мына ошондон кийин гана батыл кожоюндук кыла баштады… Адамдардын мал мүлкүн миллиарддап уурдай турган бир гана тоноо алдым жуттумду жакшы көргөн капиталистердин түзүмү болгон капитализм түзүмү дүйнөнү жетекетей баштады. Бул түзүм адамдар тарабынан түзүлгөн зулум түзүм. Биз күбө болуп тургандай бул түзүмдү колдонуудан канчалаган финасылык, экономикалык кризистер келип чыгып, анын натыйжасында адамдар кыйматы жок кагаз акча негизинде канчалаган мал-мүлктөрүн  талатып-тонотушуп запкы тартып жатышат. Ошондуктан бул батыл түзүмдү кулатып Аллах амал кылуучу соолих пенделерине убада кылган, акыйкат жана адилеттүүлүк мамлекеттин негизги камтамасы болгон Ислам түзүмүн тикелөө зарыл.

“…Бул Аллахтын убадасы, Аллах убадасын бузбайт. Бирок көптөгөн адамдар акыл жүргүзүшпөйт.”(Рум: 6-аят).

Дүйнө Аллахтын өкүмү менен башкарылмайынча финансылылык жана экономикалык кризисте жашаганы, жашаган.  Аллах туура айтты, “…ким Аллахтын зикринен (буйругунан)  жүз үйрүсө анда ага эң машкаттуу жашоо…”(Тоха: 124-аят)

2018.11.26.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here