Сириядан АКШ аскерлерин чыгаруу жөнүндөгү буйрукка кол коюлду
АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис Сириядан Америка аскерлерин алып чыгуу туурасындагы буйрукка кол койду. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.
Буйрукка кол коюлгандыгын аскерий мекеменин маалымат катчысы да тастыктады.
АКШ президенти Дональд Трамп өткөн аптада Сирияда “ИШИМ” жеңилгендигин о.э. ал жерден АКШ аскерлерин алып чыгарын билдирген. Президенттин айтымында, алардын жалгыз максаты – террористтер менен күрөшүү болгон.
Ошондон көп убакыт өтпөстөн, Жеймс Мэттис кызматынан кетүү боюнча арызын тапшырды. Ал негизги маселелер боюнча президент менен келишпестиктери баяндалган катты жарыя кылды.
Кечээ күнү Трамп, Пентагондун башчысы Жеймс Мэттистин орунбасары Патрик Шанахан 2019-жылдан баштап Коргоо министринин милдетин аткаруучу болорун билдирген.