Бишкекте “Дин жана демократия боюнча конструктивдүү диалогдор” долбоорунун жыйыны болуп өттү

388
0

Бишкекте “Дин жана демократия боюнча конструктивдүү диалогдор” долбоорунун жыйыны болуп өттү

 13-декабрь күнү Бишкек шаарында “Дин жана демократия боюнча конструктивдүү диалогдор” долбоорунун үчүнчү жыйыны болуп өттү.

 Жыйындан көздөлгөн максат – адамдар арасында конфессиялар аралык түшүнүүчүлүк жана диний толеранттуулукту бекемдөө чараларын иштеп чыгуу.

 Долбоорду “International Alert” эл аралык уюму “Ыйман” фонду менен биргеликте уюштурууда. Аталган долбоордун алгачкы жыйыны 2017-жылдын декабрь айында, экинчиси үстүбүздөгү жылдын май айында болуп өткөн.

 Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, диний конфессиялардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана диний аалымдар катышты.

Туркистон:

Кыргызстан мусулмандары “Ыйман” фондун Ислам динин коргоочу жана аны жайылтуу үчүн аракет кылуучу уюм катары кабыл алышкан эле. Фонддун демилгеси менен имамдарга стипендиялар бериле баштады. Негизи, бул фонд Ислам дини же баалуулуктарын эле эмес, бардык дин же дүйнөкараштардын о.э. секталардын ишенген акыйдаларды да коргоочу болуп эсептелет.

Бул фонддун катышуусу менен, араб тилин окутуучу жана диний билим берүүчү жайлары бар болгон бардык мечиттердин имамдары атестациядан өткөрүлүп, илманийликке (светтикке) ыктаган башка имамдарга алмаштырылды. Бир нече жолу аткаруу бийлигинин жана орган кызматкерлеринин катышуусунда исламий жыйын жана илимий конференцияларды уюштурду. Мусулмандардын бир бөлүгү аларга алданып, алар “Ыйман” фондун “Исламий бааллулуктарды коргоо үчүн жана коомчулукта динибиздин мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн түзүлгөн уюм” деп кабыл ала башташкан.

Бирок, бул уюм куфр тарабынан ыйманыбызга коюлган тузак экендигин жакшы билебиз. Бул сыяктуу уюмдардын максаты – диндер арасында жакындык пайда кылуу. Башкача айтканда, Ислам динин либералдаштыруу (пайдалуу тарапка карай ылайыкташуу) жана динибизге башка диндер о.э. түзүмдөрдүн таалимдерин алып кирүү аркылуу динибизди бузуп жиберүү.

Бул уюмдарды “Ислам динин маска кылып алып, динибизди бузуу максатында Батыш дүйнөкарашын мунафыктык менен бизге тыгыштырып жаткан чыккынчылар” деп атасак болот. Булар динди жайылтууну эмес, мусулмандардын алсыз чекиттерин издеп таап, ошол алсыз жерине сокку берүүнү көздөшөт. Мусулмандарды дининен чалгытып, коомубузда жаңы-жаңы секталарды пайда кылышып, аларды ашкере же тымызын түрдө каржылык жактан колдоп турушат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here