Коргонуу тармагына 716 млрд доллар бөлүүнү “акмактык” деп атаган Трамп пикирин өзгөрттү
Американын президенти Дональд Трамп АКШнын коргонуу тармагы үчүн мамлекеттик бюджеттен өткөн жылы 716 миллиард доллар бөлүнгөнүн “акмактык” деб атады.
“Келечекте Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин жана Россиянын президенти Владимир Путин менен көзөмөлдөн чыгып бара жаткан жарыша куралдануу байгесин токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайбыз, деп ишенем. АКШ быйыл 716 миллиард доллар жумшады. Бул акмакчылык!”- деди Трамп.
Бирок арадан бир апта убакыт өткөн соң, Трамптын коргонуу тармагына АКШ тарыхындагы рекорддук көрсөткүчтөгү сумманы т.а. 750 миллиард доллар жумшоо ниети бар экендиги кабарланды. Трамптын пикири эмне үчүн өзгөргөнү белгисиз.
Трамп 3-декабрда Твиттер баракчасы аркылуу коргонуу тармагына 716 миллиард доллар бөлүнүшүн “акмакчылык” деп атагандан кийин, 4-декабрь күнү Өкүлдөр палатасынын жана Сенаттын Куралдуу күчтөр боюнча комитеттеринин төрагалары о.э. коргоо министри Жеймс Мэттис менен жолугушуу уюштурулган.
“Politico” маалымат агенттигине интервью берген Трамп админстрациясынын өкүлү, жыйын учурунда коргонуу тармагына 750 миллиард доллар бөлүүгө чечим кабыл алынгандыгын билдирди. Бирок, бул тууралуу расмий билдирүү берилбеди.
АКШ Коргоо министрлигинин бир жооптуусу “CNN” каналына билдиргендей, АКШ армиясы дүйнөдөгү эң кубаттуу күч бойдон калышы керек.
“АКШ Коргоо министрлиги кошуундарыбыз дүйнөдөгү эң кудуреттүү күч болуп калышын камсыздоо үчүн аракет кылууда. Пентагон жетише ала турган эң жогорку цифраны белгилөө үчүн АКШнын бюджет жана башкаруу мекемеси менен биргеликте иш алып барып жатабыз”, – деди жооптуу.