Өзбекстанга Америкадан кезектеги “мейман”дар келди

393
0

Өзбекстанга Америкадан кезектеги “мейман”дар келди

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 2018-жыл, 10-декабрь күнү АКШ мамлекеттик катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад башчылыгындагы делегацияны кабыл алды.

Тышкы иштер министрлигинин кабарына таянсак, жолугушууда АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысынын орунбасары,Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча директор Лиза Кёртис да катышты.

Өзбекстан-Америка күн тартибиндеги кеңири масштабдуу маселелер о.э. аймактык жана эл аралык проблемалар боюнча пикир алмашылды.

Шавкат Мирзиёевдин үстүбүздөгү жылдын май айындагы АКШга сапары учурунда президент Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрү натыйжасында жаңыча түс алган эки тараптуу мамилелер өнүгүп жаткандыгы белгиленди.

Афганистандагы кырдаалды тынч жол менен чечүүнүн келечегин талкуулоо учурунда  проблеманы аскерий жол менен чечүү мүмкүн эместиги дагы бир жолу белгиленди. О.э. Афганистан маселеси боюнча Ташкент конференциясында кабыл алынган Афганистандагы тынчтык жараянынын негизги принциптери туурасындагы декларация маанилүү экендиги белгиленди.

“Бул саясий жараянда бир да афгандык четте калбашы керек. Бүтүндөй афган коому өлкөдөгү тынчтык жана өнүгүү жолундагы жалпы улуттук кызыкчылыктар айланасында биригүүсүнө дүйнөлүк коомчулук көмөктөшүүсү керек”, – деп айтылат кабарда.

Президент Мухаммад Ашраф Гани жакында Женевада сунуштаган “Афганистан үчүн тынчтык программасы” колдоого алынды.

Жолугушууда Афганистанда ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу о.э. социалдык, экономикалык объекттерди куруунун практикалык жактары да талкууланды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here