Макрон: Трамп француз саясатына аралашпасын

297
0

Макрон: Трамп француз саясатына аралашпасын

Францияда өкмөттүн күйүүчү майга кошумча салык киргизүү планына каршы 17-ноябрда башталган “Сары кемселчендер” акциясы токтобой жатат. Полиция менен демонстранттардын кагышуусу себептүү Париждин аянттары согуш талаасына окшоп барууда.

Франция өкмөтү кошумча салыктарды киргизүүнү убактылуу токтотушуна карабастан, нааразылык акциялары уланып жатат. Масштабдуу башаламандыктан коркуп кеткен Франция өкмөтү чара көрүү үчүн армияны көчөлөргө алып чыкты. Франция президенти Эммануэль Макрондун отставкасын талап кылып жаткан демонстранттар «Биз нандын күкүмдөрүн эмес, нандын өзүн каалайбыз» деп нааразылык акциялары уланышын билдиришүүдө.

АКШ президенти Дональд Трамп Франциядагы нааразылык акциялары жөнүндө пикир билдирип, Франциядагы абалга “климат боюнча Париж келишими” себепкер экендигин айтты.

Трамп Твиттер баракчасы аркылуу билдирүү берип: “Климат боюнча Париж келишими пайда берип жатканын айтуу кыйын. Франция бойлоп нааразылык акциялары уланууда. Франциялыктар айлана-чөйрөнү коргоо үчүн  үчүнчү дүйнө мамлекеттерине чоң өлчөмдө акча төлөөнү каалашпайт. Алар “Биз Трампты каалайбыз!” деп чыгышууда. Мен Францияны жакшы көрөм”, – деди.

Трамп билдирүүсүндө, акыркы кездерде пайда болгон Европа Союзунун бирдиктүү армиясын түзүү маселесин да кошумчалады. Франция АКШга көзкаранды болбогон “Европа Союзунун бирдиктүү армиясын түзүү” пикирин көтөрүп чыгып, аны биринчи болуп Германия колдогон.

“Европа армиясын түзүү идеясы Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштарда жакшы натыйжа бербеди. А бирок, АКШ силерди колдоп-кубаттады жана ар дайым колдоп-кубаттайт. Биз НАТО үчүн өз үлүшүңөрдү төлөп коюшуңарды гана каалайбыз. АКШ Европаны коргоо үчүн улуттук кирешенин 4,3 пайызын төлөйт. Германия болсо, бюджетинин болгону 1 пайызын гана төлөйт. Бул адилеттүүлүккө жатабы?” – деди Трамп.

Дональд Трамптын билдирүүсүнө Франция өкмөтү дароо жооп кайтарды.

Расмий Париждин билдирүүсүндө: «Трамп француз саясатына аралашпасын!” – деп айтылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here