Өзбекстан Афганистандагы кырдаал боюнча Россия жана Америка менен мамиле кылууда
Өзбекстан өкмөтү Афганистан маселесин чечүү боюнча Россия жана АКШ менен алакасын улантууда. Бул тууралуу Өзбекстан тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында кабарланды
Өзбекстандын тышкы иштер Абдулазиз Камилов тарабынан берилген расмий билдирүүдө: “Афганистан маселесин чечүү боюнча Кытай, Пакистан, Иран, АКШ, Россия, Индия о.э. мусулман дүйнөсүндөгү эң ири мамлекеттер менен алакабыз уланууда”, – деп айтылат.
Абдулазиз Камилов Өзбекстан – Кабул менен макулдашкан абалда – Афганистандагы ички саясий күчтөрдүн жетекчилери менен о.э. “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн кошумчалады. Камиловдун айтымында, Өзбекстан өзүн Афганистанда тынчтык жана туруктуулук орнотуунун бир бөлүгү деп эсептейт.
9-ноябрь күнү Москвада “Талибан” кыймылынын жана Афганистан Жогорку Тынчтык кеңешинин өкүлдөрү катышкан жолугушуу болуп өттү.