Трамп менен Си Цзиньпин келишип алды
АКШ президенти Дональд Трамп Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин менен Буэнос-Айрестеги жолугушуудан кийин Кытайга карата кошумча тарифтерди киргизбестикке токтом кылды.
“Reuters” агенттиги Ак үйдүн маалымат кызматына таянып: “Алар кеминде 90 күн ичинде жаңы тарифтерди киргизбестикке токтом кылышты”,- деп кабарлады.
Буга чейин АКШ жалпы көлөмү 200 млрд доллар болгон Кытай товарларына 1-январдан баштап 25 пайыздык тариф киргизүүнү көздөп жаткан. Бирок, Трамп чечимин өзгөрттү. “Синхуа” маалымат агенттигинин кабарлашынча, Кытай менен АКШнын жетекчилери бардык кошумча тарифтерди жокко чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүүгө келишип алышты.
“Синхуа” агенттиги тышкы иштер министрлигине таянып: “Кытай жана АКШ бардык тарифтерди жокко чыгарууга каратылган сүйлөшүүлөрдү тездетет”, -деп кабарлады.
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И АКШ менен Кытайдын өлкө башчылары “ыңгайлуу учур келгенде” бири-бирине расмий сапар менен барууга келишип алышкандыгын айтты. “Төрага Си Цзиньпин жана АКШ президенти Дональд Трамп ыңгайлуу учур келгенде бири-бирине расмий сапар менен барууга келишип алышты”, – деди Ван И.
Трамп менен Си Цзиньпин “эки өлкөнүн мамилесин жакшыртууга” келишип алышты.