Европарламент Россия менен кызматташтык келишимин токтотушу мүмкүн

303
0

Европарламент Россия менен кызматташтык келишимин токтотушу мүмкүн

Европа парламентине Россия тарап менен өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча келишимди токтотуу маселесин карап чыгуу сунушталды. Бул тууралуу Россия менен мамилелер туурасында жарыя кылынган отчёттун долбоорунда айтылат.

Айтылышынча, аны “эки тарапка кызыкчылыктуу” темаларда Россия менен анык кызматташтыкка алмаштыруу сунушталат. “Түндүк агым– 2” долбоору Европа Союзунун Россия газына көзкарандылыгын күчөтөт, бул Евробиримдиктин бирдиктүү энергетика базарына коркунуч туудурат.

 Европарламенттен: “Европа парламенттин пикиринче, өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча келишим токтотулушу керек. Россия менен Евробиримдик ортосундагы мамилелер кайрадан түзүлүшү о.э. жалаң гана коопсуздук жана тынч Европа тартибин кепилддөө үчүн зарыл болгон, эки тарапка тең пайдалуу болгон багыттарда уланышы керек”, – деп кабарланды.

Бирок ошого карабастан, Россия жакынкы келечекте Евробиримдиктин негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп калат.

О.э. Европарламентте үчүнчү мамлекеттерден болгон чет өлкөлүктөргө инвестициянын акысына Евробиримдиктин “алтын паспортторун” алуу мүмкүнчүлүгүн берүүчү программаларды жокко чыгаруу сунушталды. Айрыкча, чет өлкөлүк инвесторлор учурда Кипр паспортторун алышы мүмкүн.

 Буга чейин, АКШ менен Украина “Түндүк агым – 2” долбооруна каршы бириккендиги кабарланган болчу.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин менен жолугушуу учурунда билдиришинче, Киев жана Вашингтон “Түндүк агым – 2” долбоорун ишке ашырууга каршы биргеликте аракет кылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here