Трамп мыйзамсыз мигранттарга ок атууга уруксат берди

310
0

 Трамп мыйзамсыз мигранттарга ок атууга уруксат берди

АКШ президенти Дональд Трамп чек арадагы аскерлерге мигранттарга каршы курал иштетүүгө уруксат берди. Саясий серепчи Николай Топорниндин билдиришинче, бул Трамптын мыйзамсыз мигранттар жолуна тосмо коюуда олуттуу экендигин тастыктап турат.

 Анын айтымында, Америкада бир топ олуттуу кырдаал пайда болгон. Башкача айтканда, Мексика тараптан Америка чек арасына мыйзамсыз мигранттар кербени жакындап келүүдө жана чек арага алгачкы миң адам жетип келген.

“Ушул кезге чейин, аскерлерге жана чек арачыларга АКШ аймагына мыйзамсыз кирүү абалы жүз берген учурда ок атууга тыюу салынган эле. Бирок, азыр Америка чек арасына миңдеген мигрант келди. Алардын бир бөлүгүндө курал бар болушу мүмкүн жана алар чек арадан өтүү үчүн күч колдонушу да мүмкүн. Трамп эми аскерлерге өтө оор абалда коргонуу максатында ок атууга буйрук берди. Бул чара өзгөчө кырдаалдарда колдонулат”, – деди Топорнин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here