Алмазбек Атамбаев: Азыркы бийлик Бакиевдердин жолуна түштү

328
0

Алмазбек Атамбаев: Азыркы бийлик Бакиевдердин жолуна түштү

Бакиевдер каалаган адамды өлтүрүшү мүмкүн экендигин көрсөтүү үчүн Медет Садыркуловду өлтүрүшкөн. Азыркы бийлик болсо айыпсыз адамдарды – Кубанычбек Кулматов жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду камап койду. Бул тууралуу Кыргызстандын экс президенти Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына берген интервьюсунда билдирди.

Атамбаев президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо фондуна байланыштуу укук коргоочу Нурбек Токтакунов жарыялаган документ тууралуу комментарий берди.

 Атамбаев:“Эмнеге азыр жарыяланып кеткени белгилүү. Икрам Илмияновду камашты. Муну бухгалтерия​ боюнча штабдын бухгалтери билчү. Ал акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүн алып, башка өлкөгө кетип калды. Ал өз өмүрүнөн коркуп жатат. Анткени азыркы бийлик Бакиевдин жолу менен кетти. Ал жөн гана кетип калды. Бул документ жөнүндө билгендер өз өмүрүнөн коркуп жатышат”,- деди.

О.э. азыркы бийлик адамдарды коркутуу үчүн күнөөсүз адамдарды камакка алып жатканын айтып: “Булар күнөөсүздөрдү камап салышты. Кубанычбек Кулматовду, Сапар Исаковду камап туруп, айтып жатышат: “Биз каалаганыбызды камайбыз, керек болсо өлтүрүп да коёбуз”. Ошондуктан адамдар өз өмүрүнөн коркуп жатышат. Илмияновду камабаса документ чыгып кетмек эмес. Балким бул үй-бүлө өзүнүн чыныгы жүзүн көпкө жашырмак. Мени таң калтырганы – биз атайын фонддун суммасынын чегин алып салганбыз. Эгерде бул таза каражат болсо эмнеге бардык сумманы ачык көрсөткөн жок?” – деди.

Атамбаевдин айткандары боюнча Жээнбековдун командасы жана президенттин аппараты комментарий бере элек. А бирок 16-ноябрь күнү “24.kg” маалымат агенттигине интервью берген Сооронбай Жээнбеков Атамбаев менен мамилеси бузулгандыгын тастыктаган.

Сооронбай Жээнбеков “24.kg” маалымат агенттигине берген интервюсунда: “Мен эч качан аны менен мамилем бузулганын айткан эмесмин. Ооба, биз узак убакыт бою партиялаш жана үзөңгүлөш болгонбуз. Бирок ал үчүнчү кишилер аркылуу мени жетеленме жетекчи кылгысы келгени, менин аракеттеримди башкарып тургусу келгени – адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш катары да ага абийир алып келбейт. Мага анын бул аракеттери таптакыр түшүнүксүз болчу”, -деген.

Буга чейин укук коргоочу Нурбек Токтакунов “президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган” деген каражаттарынын тизмесин “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган. Адвокат бул маалыматты былтыр президенттикке талапкердин штабында иштеген “Жээнбековдон да, Атамбаевден да көңүлү калган” ишенимдүү адам бергенин айтып чыккан.

Токтакуновдун айтымында, Жээнбековдун штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 АКШ доллар иштеткен. Бул боюнча президенттин аппараты “фейк” маалымат деп комментарий берген.

Нурбек Токтакуновдун билдиришинче, бул абал президентке импичмент жарыялоого негиз боло алат. Ошондуктан, ал укук коргоо органдарынан документтерди текшерүүнү талап кылууда.

Президент мааалымат катчысы Толгонай Стамалиева маалыматты “фейк” деп атады. Бирок, президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабын башкарган Фарид  Ниязов бул маалымат “чындыкка жакын” деп айтты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here