Меркел Европа армиясын түзүү идеясын колдоду

322
0

Меркел Европа армиясын түзүү идеясын колдоду

Франция президенти Эммануэл Макрон Европа Союзунун армиясын түзүү идеясын көтөрүп чыккандан кийин бул идеяны биринчилерден болуп  Германиянын канцлери Ангела Меркел макулдады. Европа Союзунун бирдиктүү кошуунун түзүү боюнча иштөөгө чакырган Меркел бул жаатта ыкчам, маанилүү чечимдерди кабыл алуу о.э. долбоорлорду даярдоо үчүн Европа Коопсуздук Кеңешин түзүүнү сунуштады.

“Биз аскерий кызматташтыкта өтө чоң ийгиликтерге жетиштик. Бул өтө жакшы жана туура иш. Бирок, биз бүгүнкү күндө чыныгы Европа армиясын түзүү боюнча иштешибиз керек”, – деди Меркел Европарламенттин Страсбургдагы жыйынында.

Германиянын канцлери: “Европа бир болсо, күчтүү болот жана эл аралык майданда добушу көтөрүлөт”, – деп кошумчалады.

Меркель Европа Союзу «өз тагдырын өзү чечиши керектигине» өзгөчө басым жасады. Анын айтымында, түзүлүүчү Европа Союзунун кошууну дүйнөгө “Европа мамлекеттери ортосунда жаңы согуш башталышы мүмкүн эместигин көрсөтөт. Ал НАТОго каршы кошуун эмес жана Европа Союзу менен НАТО ортосундагы салттуу алакаларга эч кандай шек-күмөн менен карабайт.

Туркистон:

Бул идеянын ишке ашуусуна АКШ эч качан уруксат бербейт. Себеби, Европа Союзунун Вашингтонго көзкаранды болбогон күчкө ээ болушу АКШ коопсуздугуна коркунуч туудурат. Ошондуктан, АКШ ар дайым Европа мамлекеттери ортосунда тең салмактуулукту сактап турууга көңүл буруп келет. Мисалы, АКШ НАТОну Варшава келишимине каршы түзгөн эле. А бирок, Варшава келишими алда качан эле жок болгонуна карабастан, НАТО бүгүнкү күндө да сакталып турат.

Буга чейин да Франция мамлекети Европа Союзун күчөтүү жана АКШ сыяктуу улуу мамлекетке айландыруу идеясы менен чыккан эле. Ал үчүн Франция алгач НАТОго көзкаранды болбогон Европа Союзу кошуунун түзүү идеясын көтөрүп чыккан. Ошол кезде да бул идеяны Германия биринчилерден болуп колдоп чыккан. Андан соң Британия да бул пикирге кошулду. Бирок, бул мамлекеттер жалаң гана өз кызыкчылыктарын көздөгөн капиталисттик мамлекеттер болгондуктан, АКШга каршы тура ала турган күчтүү Европа Союзун түзө алышпады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here