Путин разведка жана коопсуздук агенттиктеринин артыкчылыктуу багыттарын белгилеп берди

329
0

Путин разведка жана коопсуздук агенттиктеринин артыкчылыктуу багыттарын белгилеп берди

Шаршемби күнү Россия разведкасы жана коопсуздук органдарынын жетекчилеринин жыйыны болуп өттү. Жыйынга катышкандарга РФ президенти Владимир Путин кат жолдоду. Телеграммада Путин разведка жана коопсуздук кызматкерлерин эл аралык “терроризм”ге каршы күрөштө активдүү аракет кылууга чакырды.

 Путин жолдогон телеграммада: “Эл аралык террордук уюмдар иштерин активдештирүү үчүн аракет кылып жаткандыгын көрүп турабыз. Мисалы, алардын эл аралык маалымат тармагында активдешүүдө. Ошондуктан, разведка жана коопсуздук органдарынын ишине кошумча талаптарды сунуштайбыз. Жаңы коркунучтарга каршы күрөшүү үчүн күчтөрдү бириктирүү зарылдыгы да күчөп барууда”, – деп айтылат.

О.э. разведка жана коопсуздук мекемелери ишмердүүлүгүнүн эң маанилүү багыттарынан бири “терроризм”ге каршы күрөштө ийгиликтүү система түзүү экендигин айтып өттү. Анын айтымында, көпчүлүгү өтө кооптуу болгон террорчуларды тыйып коюу о.э. алардын жетекчилери жана мүчөлөрүн жок кылуу үчүн ушундай кылуу зарыл.

Россия президенти “терроризм”ди каржылоонун алдын алуу үчүн механизмдерди түзүү жана маалымат алмашууну активдештирүү маанилүү экендигине басым жасады. Путиндин айтымында, ал үчүн мамлекеттер ортосунда ишенимди бекемдөө өзгөчө маанилүү.

“Мындай олуттуу маселени чечүү үчүн мамлекеттер ортосунда ишенимди бекемдөө жана жоопкерчиликти күчөтүү зарыл. Бул иш терроризмге каршы олуттуу күрөшүү жаатында эл аралык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт. Мисалы, заманбап коммуникациялык технологиялардан пайдалануу сыяктуу”, – деди Путин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here