Путин: Европанын өз куралдуу күчтөрүнө ээ болууну каалашы табигый көрүнүш
Россия президенти Владимир Путин Европанын өз армиясына ээ болуу жөнүндөгү идеясын колдойт. Бул тууралуу “Sputnik” кабарлады.
“Жалпы Европа аскерий кошуундары маселесине келсек, бул жаңы идея эмес. Макрон мырза айткан бул идеяны мага бир топ жыл мурда Жак Ширак да айткан эле. Европа – күчтүү экономикалык союз. Алар көзкарандысыз, өзүн-өзү коргой ала турган, суверендүү болууну каалашат. Бул түшүнүктүү жана табигый абал”, – деди Россия президенти “RT France” телеканалына берген интервюсунда.
“Жалпысынан алганда бул оң көрүнүштөгү жараян жана дүйнөдө жалгыз эмес эмес бир нече күч борборлорун бекемдөөгө кызмат кылат ”, – деп кошумчалады Путин.
Франция президенти Эммануэль Макрон 6-ноябрь күнү “Европа Союзу өз армиясына ээ болушу керек” деген пикирин билдирген.
Макрон “Europe 1” радиостанциясынын эфиринде: “Өзүбүздүн куралдуу күчтөрүбүзгө ээ болбосок, биз Европаны жана европалыктарды коргой албайбыз. Биздин АКШдан өз алдынча болгон, эгемендүү армиябыз болушу керек. Биз Кытайдан, Россиядан жана ал тургай АКШдан өзүбүздү коргошубуз керек”, – деген эле.
Макрондун айтымында, акыркы кездерде түрдүү күчтөр Европанын ички демократиялык жараяндарына аралашууга аракет кылууда.