Лавров дүйнөдөгү бардык мамлекеттерди террор (Ислам) коркунучунан эскертти

366
0

Лавров дүйнөдөгү бардык мамлекеттерди террор (Ислам) коркунучунан эскертти

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүт дүйнөдөгү мамлекеттерди террордун (Исламдын) коркунучунан эскертти. Лавровдун айтымында, ИШИМ уюму Сирия жана Иракта жеңилгенине жана ага каршы согуш ийгиликтүү болгонуна карабастан, эл аралык терроризм (Ислам) дагы деле бүт дүйнөдөгү мамлекеттерге коркунуч туудуруп жатат. Лавров бул тууралуу разведка жана коопсуздук мекемелери о.э. Россия жана чет өлкөлүк укук коргоо мекемелеринин башчыларынын ачык жыйынында айтып өттү.

«ИШИМ уюмуна жана башка топторго каршы күрөштө чоң-чоң утуштарга жетиштик. Бирок ошондой болушуна карабастан, террористтер бардык мамлекеттер үчүн олуттуу коркунуч туудурууну улантууда», – деди Россиянын тышкы иштер министри.

А бирок, Лавров ИШИМ уюмунан башка дүйнөдөгү мамлекеттерге коркунуч туудуруп жаткан “террорчулар” кимдер экендигин ачыктабады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here