АКШ Иранга каршы кеңири масштабдуу санкцияларды жарыя кылды
АКШ каржы министрлигинин чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы 2-ноябрь күнү Иранга каршы санкциялар текстин жарыя кылды. Санкциялар 5-ноябрдан баштап күчүнө кирет. Бул тууралуу “Корреспондент.net” кабарлады.
Документте келишинче, жаңы санкциялар АКШ президенти Дональд Трамптын 8-майдагы Иран менен ядролук келишимден чыгуу жөнүндөгү токтомунун артынан жарыя кылынууда.
Министрликтин токтомуна ылайык, АКШ юрисдикциясында Иран өкмөтүнүн жана анын “Ираниан Оил Comпани” о.э. “Нафтиран Интертраде Comпанй” энергия компанияларынын о.э. Иран борбордук банкы менен байланышы болгон адамдар жана компаниялардын бардык активдери тоңдурулат.
О.э. АКШ каржы министрлиги Ирандын 700 компаниясын санкциялар тизмесине киргизет. Ошону менен бирге, АКШ Иранды банктар аралык “SWIFT” системасынан өчүрүп коюуну көздөп жатат.
АКШ каржы министри Стивен Мнучиндин билдиришинче, Иранга каршы санкциялар гуманитардык жүктөргө карата колдонулбайт.