Путин РФ Коопсуздук кызматына террор коркунучун азайтуу милдетин жүктөдү

311
0

Путин РФ Коопсуздук кызматына террор коркунучун азайтуу милдетин жүктөдү

Президент Владимир Путин Россия Федералдык коопсуздук кызматына терроризмге каршы күрөштө чечүүчү ролду ойноо милдетин жүктөдү. Путиндин айтымында, бул аракет терроризмге каршы күрөшүү боюнча Улуттук комитет менен ылайыкташкан көрүнүштө алып барылат.

Россия президенти: “Федералдык коопсуздук кызматтын офицерлери үстүбүздөгү жылдын тогуз айында террордук багыттагы 26 кылмыштын, анын ичинде 15 терракттын алдын алууга жетишти”, -деди.

«Бул көрсөткүчтөр артында адамдардын өмүрүн сактап калуу турат. Террор коркунучун азайтуу үчүн бул ишти терроризмге каршы күрөшүү боюнча Улуттук комитет менен жакындан кызматташуу аркылуу чечкиндүүлүк менен улантуу керек”, – деди Путин.

Ушундан эч канча убакыт өтпөстөн, Россия Федералдык коопсуздук кызматы Москвада террордук чабуул уюштуруу пландаштырган ИШИМ уюмунун мүчөлөрү кармалгандыгын жарыя кылды.

Федералдык коопсуздук кызматынын билдиришинче, кармалгандардын башында Орто Азиядан Сирияга барган ИШИМ өкүлдөрү турган. Алар курал жана жардыруучу заттар аркылуу Москвада террордук чабуул уюштурууну пландаштырышкан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here