Мечит курууда каапырлардан жардам алса жана алардын жардамында курулган мечитте намаз окуса болобу?

387
0
Суроо:
Ассаламу алейкум рахматуллохи уа баракаатуху
Мен өзүм үчүн билип ала турган бир суроо жаралып жатат. Атым Надия Индонезиядагы студенттердин биримин… Урматту шейх Христиандар тарабынан курулган мечитте намаз окуунун өкүмү кандай?
Аллах ыраазы болсун
 
Жооб:
Ассаламу алейкум рахматуллоохи уа баракаатуху.
Бул тууралуу суроо мурда да берилген эле. Ага биз 2018 04 23 жооп берген элек. Төмөндө ошол жоопту толугу менен кайталап өтөм ошол жетиштүү болот Ин шаа Аллах
Суроо ( мечит курууга каапырлардан да жардам алса болобу? Мечиттин курулушуна каапырлар да салым кошсо анда намаз окуунун өкүмү кандай?
Бул жерде бир темага байланышкан эки суроо болуп жатат. Андыктан эки жооп берилет:
Биринчиси суроо: мечитти курууга каапырлардан да акчалай жардам алса болобу?
Экинчиси суроо: каапырлардын акчалай салымы менен курулган мечитте намаз окуса болобу?
Биринчи суроого жооб: мечиттин курулушуна капырлардан да акчалай жардам алуу. Бул маселе боюнча көптөгөн пикирлер бар… Факихтердин ичинен аны кабыл алуу дурус дегендери да бар. Аны алар каапырлардан белек алууга кыястап дурус дешет. Алар далил катары Пайгамбар с.а.в. Мисирдин акими Мукавкастан римдиктер аркылуу белек алгандыгын далил келтиришет. Менин пикиримде жеке адамга берилген белек менен мечитке берлген жардам айырмаланат (эки башка вакый).
• Мечит бул Аллахка ибаадат кылуучу жай. Мечитке жардам кылуу бул калыс Аллах үчүн берилген садака. Абу Хурайра р.а. айтты: Пайгамбар с.а.в. айтты. “Эй адамдар Аллах таза ал бир гана таза нерсени кабыл кылат” (Муслим)
Ушуга негизделип мечит курууга каапырлардан акчалай жардам алуу болбойт. Анткени каапырлардын малы таза эмес.
• Ошондой эле Пайгамбар с.а.в. хадистеринде ким мечит курса ага Аллах бейиште бир үй курары да айтылган. Ахмаддын муснадында Саьид бин Жубайр Ибн Абастан риваят кылат. Пайгамбар с.а.в. айтты “Ким Аллах үчүн мечит курса эгер ал жумуртка уясындай болсо да Аллах ал үчүн бейиште бир үй курат”.
• Тирмизи сунанында Усман бин Аффандан риваят кылат. Айтты: Пайгамбар с.а.в. айтканын уктум: “Ким Аллах үчүн мечит курса Аллах ал үчүн бейиште ошондой үй курат”, Тирмизи бул хадисти хасан хадис деген. Ошондой эле Ибн Хазиимата сахихинде жана Дааримий да бул хадисти риваят кылышкан.
• Ибн Хибан сахихинде Абу Зар р.а. дан риваят кылат. Айтты: Пайгамбар с.а.в. айтты. “Ким Аллах үчүн мечит курса эгер ал жумуртка уясындай болсо да Аллах ал үчүн бейиште бир үй курат”. Мунун иснады сахих.
Хадисте айтылып өтүлгөндөй ким Аллах үчүн мечит курса Аллах ал үчүн бейиште бир үй курат. Бул бир гана мусулман адам үчүн (Ким Аллах үчүн мечит курса) дегенде көздөлгөн максат мусулман адамды билдирет. Анткени эгер каапыр адам мечит курса да ал бейиш ээлеринен болуп саналбайт.
• Ошондой эле жахилият (караңгылык) доорунда мекке мушриктери да харам мечитине кам көргөндүктөрү менен сыймыктанышчу. Аллах бул тууралуу бул аятты түшүргөн: ((силер) Ажыларды азыктандырууну жана харам мечитине кам көрүүнү, Аллахка, акырет күнүнө ыйман келтирген жана Аллах жолунда жихад кылган менен барабар деп ойлойсуңарбы. Аллах алдында бул нерсе барабар эмес. Аллах заалим коомду туура жолго салбайт)
Куртубийдин тафсиринде:
Ажыларды азыктандыруу амалын Аллахка ыйман келтирген амал менен барабар деп ойлойсуңарбы?, деп келген.
Насафийдин тафсиринде: (силер)Ажыларды азыктандырууну жана харам мечитин курууну Аллахка, акырет күнүнө ыйман келтирген жана Аллах жолунда жихад кылган менен барабар деп ойлойсуңарбы. Аллах алдында бул нерсе барабар эмес Аллах заалим коомду туура жолго салбайт) сикояту менен имаарату масдар сөздөр. Имаарату сактоо коргоо манисинде келген. Т.а. ажыларды азыктандыруу жана харам мечитине кам көргөндү Аллахка ыйман келтирген амал менен барбар деп ойлойсунарбы. Бул жердеги маани мушриктер өз амалдарын момундардын амалдарына окшотуп жатканын четке кагып жатат. Алар бул амалдарын мусулмандардын амалына теңештирүүсү өздөрүнө карата зулум үстүнө зулум болуп жаткандыгын жана алар мактануу жана сыймыктануусун туура эмес оорунда колдонуп жатышканыдыгын билдирип жатат.
Жогорудагылардын баардыгынан көрүнүп тургандай харам мечитин куруу болобу же башка кандай гана мечитти куруу болбосун “Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирген” болушу. Б.а. мусулман болушу шарты эле каапырдан мечит курууга жардам алууну жокко чыгарат.
Ушуга негизделип басымдуу пикир бул – мечит курууга каапырдан жардам алынбайт. Бул рай менин пикиримде басымдуу пикир болуп саналат. Анткени жогоруда айтып өткөнүбүздөй кээ бир факихтер каапырлардан мечит курууга жардам алууну дурус деп санашат.
Ушул басымдуу рай. Аллах туурасын билүүчү.
Бул биринчи суроого жооп болду.
Ал эми экинчи суроого жооп: Анда намаз окуунун өкүмү. Ал жерде намаз окуу жайиз. Бухари риваяты Жаабир бин Абдиллах айтты: Пайгамбар с.а.в. айтты, “Менден мурдагы пайгамбарларга берилбеген беш нерсе мага берилди. Бир айчалык жолдон душмандын жүрөгүнө коркуу салуу менен нусрат кылындым. Баардык жер мага мечит жана таза кылынып берилди менин үммөтүмдөн кайсы бирине намаз убактысы кирсе ошол жерде окуй берсин. Олжо мага адал кылынды. Пайгамбарлар өз коомуна гана жөнөтүлгөн. Мен баардык амадзат үчүн жөнөтүлдүм. Мага шафаат кылуу да берилди” Мусли риваятында Жаабир бин Абдиллахи Ансорийден айтты: Пайгамбар с.а.в. айтты: “Менден мурдагы пайгамбарларга берилбеген беш нерсе мага берилди. Бир айчалык жолдон душмандын жүрөгүнө коркуу салуу менен нусрат кылындым. Баардык жер мага мечит жана таза кылынып берилди менин үммөтүмдөн кайсы бирине намаз убактысы кирсе ошол жерде окуй берсин. Олжо мага адал кылынды. Пайгамбарлар өз коомуна гана жөнөтүлгөн. Мен баардык адамзат үчүн жөнөтүлдүм. Мага шафаат кылуу да берилди”.
Мына ушундайча кайсы жер намазга ылайыктуу таза болсо ал жерде намаз окуу дурус болот. Б.а. каапырлар тарабынан каржыланып салынган мечит болсо да ал жерде намаз окуу дурус болот. Бул жердеги маселе мечит курууда каапырдан жардам алуу болбойт. Анын баянын жогоруда айтып өттүк.
Бир тууганыңар Ато бин Халил абу Рушта. 2018.10.07.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here